Казахские песни Узбекские песни

Песня «Күтүү»
исполнителя Гульнур Сатылганова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Кар кетпес кайрылыштан кайтышат кайра куштар,
Билем, ортобузда белгисиз байланыш бар.
Байланыш жашоо, кардай, нурлардай,
Күйүттөн бийик канча күтүүгө жазалангам?
Кездерден, убакыттан көздөрүң ыза жуткан,
Жан эмес, бүткөнсүйсүң кумардан, кусалыктан.
Ашташкан жолубуз да колубуз колубузга,
Жарашат, оо, Жараткан, оюбуз, боюбуз.
А неге жанат көздөр аты жөнсүз жашоо күйсө?
Бул күтүү кайдан келди, бул күтүү качан бүтөт?
Бул күтүү кайдан келди, бул күтүү качан?
Бул күтүү кайдан келди, бул күтүү качан бүтөт?

Другие песни исполнителя:

  • Эрке жел сыласа жүзүңдү, Эреркеп түтпөй кетем мен. Аластап кырсыктан изимди, Апакем сүйчү эле чекемден. Көл болуп сурданат көз жашым катат, Күйгүзүп сапарын күн дагы батат эй. Арманым жүрөктө арылбай жатат, Жанымда сен жоксуң апаке. Жашоодо апакем тоо болду, Калкалап мени жамгырдан. Жашыймын тоолорду көргөндө, Апакем тургандай алдымда. Мейиздей төгүлүп мезгилим шашат, Баш ийбей акылга балалык качат эй. Кемитпей ордуңду келемин жашап, Сезимде сен барсың апаке. Кайырма: Апакем көңүлдө өчпөгөн улук жан, А бирок өмүрдө жоготуу бат экен. Көшөрүп сураймын көктөгү булуттан, Көрдүңбү каякта асылым апакем. Кемитпей ордуңду келемин жашап, Сезимде сен барсың апаке
  • Жаңы бышкан нандын жыты, Күндүн жайкы ысыгы. Нан көп болсо үйдүн куту, Эки беттин кызылы. Жаңы бышкан нандын даамы, Жалпы дыйкан эмгеги. Бүткүл элдин жүрөк каны, Кен байлыгы жердеги. Жаңы бышкан нандын жыты, Жазган ыры акындын. Көзгө сүйкүм тынчтык кушу, Күч-кубаты баатырдын. Жаңы бышкан нандын даамы, Ата-Журттун дымагы. Ошондуктан элдин нугу, Эзелтеден тынбады.
  • Сабалап келдим алдыңа, Саламат тосуп алгыла. Сагынып күткөн эл үчүн, Садага кеччү жан мына. Туйлаган жүрөк элим дейт, Туйгундар учкан жерим дейт. Тумардай ыйык ыр менен, Турмуштун жүгү жеңилдейт. Кайырма: Кадырлуу калкым, жазайын жарпың, Бийик бол тоодой, жылдызың жансын. Ардактуу калкым, алайын дартың, Терең бол көлдөй, терметип күндү жаркын. Уютку болуп өмүргө, Ушул күн калсын көңүлдө. Жаштыктан жалын тутанат, Жар салып сүйүү жөнүндө. Бекерге тартпа убайым, Белекке ырым сунайын. Береке толуп кыргызга, Бейпилдик болсун ылайым. Кайырма: