Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сени эстеп»
исполнителя Гульнур Сатылганова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Бараткан ак жолумдан түн ыраактап,
Актым мен сен тарапка күнчубактап.
Алдымдан чыга калсаң сунайын деп,
Актым мен сен тарапка гүл кучактап.
Кайырма:
Сени эстеп бүгүн түнү ойго баттым,
Сени эстеп бүгүн түнү ойгоо жаттым.
Сени эстеп бүгүн түнү оргудум да,
Кайнаган булак суудай мөлт-мөлт актым.
Алмаздай курчуй бердим, бүлөнбөдүм,
Тамчыдай тама бердим, түгөнбөдүм.
Элесиң жылдыздардай жылт-жулт этип,
Мен дагы жылдыздардай түмөндөдүм.
Кайырма:
Сени эстеп бүгүн түнү ойго баттым,
Сени эстеп бүгүн түнү ойгоо жаттым.
Сени эстеп бүгүн түнү оргудум да,
Кайнаган булак суудай мөлт-мөлт актым.
Таң атты. Тереземди кенен ачтым,
Жел менен үйгө кирди бир тал бактым.
Нур чайып жаздыгымдын бир жак четин,
А мен дале ойгоо жаттым, ойгоо жаттым…
Кайырма:
Сени эстеп бүгүн түнү ойго баттым,
Сени эстеп бүгүн түнү ойгоо жаттым.
Сени эстеп бүгүн түнү оргудум да,
Кайнаган булак суудай мөлт-мөлт актым.

Другие песни исполнителя:

  • Тамчыдай денедеги сүтүң менен, Талпынтып ак бешикке баккан энем. Нуруңа, мээримиңе магдыраткан, Маңдайда менин батпас күнүм белең. Түбөлүк түн күзөткөн канаттуудай, Уйкудан чолпон көзүн ачкан энем. Алдыңа ажал келип турса дагы, Мен үчүн жанды курман кылат элең. Кайырма: Асыл энем, таалайым сенсиң энем, Жыргалым сен, бакытым сен, Сүйүктүү менин энем. Шаңданган шоола болдуң бул жүзүмө, Асманда ай нурундай асыл энем. Көзүмдүн карегиндей бапестеген, Алтындай эмгегиңди неге теңейм? Кайырма:
  • Жайдын бир толук кезинде, Адырлуу тоонун бетинде. Сан гүлдөн тандап бирди үзгөн, Жайдары селки эсимде. Өзүмдү сага берем деп, Өмүрдүн гүлүн терем деп. Сүйлөшкөн күндөр эсимде, Турмуштун сыры тереңдеп. Анттыңды ойлоп таңдагы, Көңүлүм сенден калбады Азыркы шайыр жаштардын, Өзүңдөй болсо алганы.
  • Мезгил учат жылдар узап тыным албастан, Жаштык өтөт жалын жүрөк согуп турбастан. Өткөн өмүр билгин кайра кайтып келбесин, Жалын чачкан жанаар отуң жана бербесин. Ии-ий, о-оо, өткөн өмүр билгин кайра кайтып келбесин, Ии-ий, о-оо, өткөн өмүр билгин кайра сага келбесин. Аппак болуп тийип турган күн да жашынар, Токтобостон себелеген жамгыр басылар. Мааниси жок сөздөрүңдүн не бар кереги, Айтчы, жаным, канча болду сааттын жебеси? Ии-ий, о-оо, бизди күтпөй алга сүзөт өмүр кемеси, Ии-ий, о-оо, кайрылбастан алга сүзөт өмүр кемеси. Өмүр кемеси, өмүр кемеси…
  • Курбу кыздар чогулсак көп кызыкка батабыз. Жигиттердин мүнөзүн айтып бүтпөй жатабыз. Бош жигитти көргөндө бой таштабай капабыз, Шок жигитти көргөндө кирпик менен атабыз. Алсыздардын жүрөгүн ачкычы жок ачабыз. Табылганын жактырбай, тандап бүтпөй жатабыз. Курбу кыздар чогулуп, кыялданып бүтпөйбүз. Сөз ыргыткан жигитти «сүйсөң мейли, күт» дейбиз. Перилердей сыланган, курдаш кыздар татына, Гүл бурактай буралган жарашыктуу затына, Кандай жигит кол берер курдаштарга батына, Кездешүүгө келгиле, кеттик өмүр жазына. Сагынышып калганда жолугууга жөнөйбүз, Сөздөр бүтпөй, ыр бүтпөй, үндү шаңга бөлөйбүз. Перилердей сыланган, курдаш кыздар татына, Гүл бурактай буралган жарашыктуу затына, Кандай жигит кол берер курдаштарга батына, Кездешүүгө келгиле, кеттик өмүр жазына.