Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жаны жыл»
исполнителя Чынгыз Турдубеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Аппак карды жамынып,
Алтын аяз тагынып,
Жаңы жыл да кирип келди жаңырып.
Ак тилектер баарысын,
Ийгиликтер курчасын,
Жакшы ойлор, максаттар аткарылсын.
Бактылуулук шаңы дайым жаңырсын.
Кайырма:
Ар бир жанга өмүр, бакыт берсин,
Кирип келген жаңы жыл.
Элибизге тынчтык алып келсин,
Куттуу болсун ушул жыл.
Ар бир үйгө ырыс, бейкут келсин,
Шаңга бөлөп жаңы жыл.
Жакшылыктын баарын арнап кетсин,
Узап жаткан эски жыл.
Кубанычтын жыргалы,
Ушул күндө убайы,
Баарыбызда болбосун эч муң-кайгы.
Жылдын ар бир убагы,
Бул өмүрдүн булагы,
Маани берип өткөрөлү жылдарды.
Амандыкты, жакшылыкты сурайлы.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Жүзүмдү салкын жел аймалап Жүрөктө ызалык айланат Аттиң ай кайрылып келсеңчи Ай менен сырдашкан махабат Аттиң ай кайрылып келсеңчи Ай менен сырдашкан махабат Жаралуу жүрөктү мас кылып Жанымда жүрсөң да каткырып Кечеки кыялдар бүгүн жок Кеткенсийт бурганак сапырып Кечеки кыялдар бүгүн жок Кеткенсийт бурганак сапырып Чолпондой алоолоп үмүтүм Чогундай кызарат күйүтүм Жүрөктөр биригип сыр чечкен Кайдасың жылдыздуу айлуу түн Жүрөктөр биригип сыр чечкен Кайдасың жылдыздуу айлуу түн Кайдасың жылдыздуу айлуу түн
  • Бул дүйнө чындап жалганбы апа Үйрөтчү элең чындыкты гана Көрсө адамдар такшалган тура Куулукту билбей кыйналдым канча Колунда барга жакшы көрүнүп Дарманы жокту түртүп сөгүнүп Э адам чындык пейилиң кайда Көрүп чыдабайм жашым төгүлүп Кошомат кылып бардар адамга Керек да эмес бергениң ага Ошондон көрө байкушка кылсаң Тоюп калбайбы кардысы канча Адам адамды жеген заманбы Адамдык сапат эстен чыкканбы Бир башы үчүн өзгөнү кордоп Өзүмчүл болуп катып калганбы Кедери кетип чиренет баары Акылдуу болуп карыдан жашы Күн чыккан жердин тескейи болуп Кубулуп түрлүү жашап калганбы Чалынып калсаң шылдыңдап күлүп Турайын десең үстүңдөн түртүп Текеберчилик башкарып баарын Ак көңүлдүгүң бечара көрүп Ылгабай баарын адал арамды Кылаарын кылып шылтап заманды Акча дегенде өзүн жоготуп Алдап бир бирин өлүп барабы Зээни кейибей адам өлсө да Темирдей болуп жүрөк капкара Эмнени кылсаң эки эсе кылып Жооп берээр күн бар жашоо тараза Уюмдар чыкты бузуп ааламды Башын айлантып таза адамды Сыйынып отко ташка жансызга Унутуп жарык берген Кудайды Баарын туура деп ар бир тарапты Чындыкты айтпай колдоп жалганды Аалымдарыбыз сыйлаш ордуна Башкасы бүтүп жабып жаланы Кыз кейпин кийген эркек каптады Кайда эр жүрөк Манас урпагы Кыздары бүтүн кетип ыймандан Курманжан эне унутулганбы Оңололучу келчи тууганым Угуп койбостон ушунун баарын Канча жашасак эмне болсок да Адам атын эй сактап калалы Канча жашасак эмне болсок да Адам атын эй сактап калалы
  • Алыстап менден керемет Үстүмдөн муздак себелеп Дүйнөнүн сырын көтөрүп Өзүмдү турам жемелеп Айрылып сенден калдымбы? Өзүңдөн аздымбы? Унутуп эми калдыңбы? Эмнеден жаздымбы? Садагам сенден азмынбы? Өткөрүп күндөр тереңдеп Беришип сөздөр бекемдеп Коштоштук баары бүткөндөй Каректе калды элестер Айрылып сенден калдымбы? Өзүңдөн аздымбы? Унутуп эми калдыңбы? Эмнеден жаздымбы? Садагам сенден азмынбы? Айрылып сенден калдымбы? Өзүңдөн аздымбы? Унутуп эми калдыңбы? Эмнеден жаздымбы? Садагам сенден азмынбы? Садагам сенден азмынбы?