Казахские песни Узбекские песни

Песня «Ата энем»
исполнителя Чынгыз Турдубеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жүрөсүң сен дайым, санаа тартып атакем
Жаратканым күч кубатын берсе экен
Өзүң үчүн аздык кылат жанымды берсем
Жүрөк жылыйт, мээримиңе берекем
Атакебай, Апакебай
Бакытымсың, байлыгымсын
Берекем ай
Ар убакта ойлоп, бооруң тартып апакем
Айткан сөзүң, мага берип кубат дем
Бул дүйнөдө сага теңдеш нерсе бар бекен
Өмүр бою ыраазымын берекем
Атакебай, Апакебай
Бакытымсың, байлыгымсын
Берекем ай
Ыйыксьңар алтын, теңдеши жок ата энем
Көрсөтүп күнүм, эмгегиң актаар бекем
Күндөп чачың, агарса мен өрттөнүп кетем
Өмүр тилеп, эш тутуп жашап келем
Атакебай, Апакебай
Бакытымсың, байлыгымсын
Берекем ай
Атакебай, Апакебай
Бакытымсың, байлыгымсын
Берекем ай

Другие песни исполнителя:

  • Билинбей күндөр узап, Сагынычым үмүт менен жол карап. Жалындап күйүп-жанат, Көңүлдөгү жандырмаксыз табышмак. Кезигүүнүн издеп келем айласын, Ойлор курчайт таппачудай пайдасын. Супсак сымал күңүрт алып айлана, Жалгызсырап буулугамын, кайдасың? Тамчылайм ак жамгырдай, Шаркыраймын көл издеген агындай. Асманда жалгыз куштай, Теңселемин шамал соккон булуттай Кезигүүнүн издеп келем айласын, Ойлор курчайт таппачудай пайдасын. Супсак сымал күңүрт алып айлана, Жалгызсырап буулугамын, кайдасың? Кезигүүнүн издеп келем айласын, Ойлор курчайт таппачудай пайдасын. Супсак сымал күңүрт алып айлана, Жалгызсырап буулугамын, кайдасың?
  • Бирөөгө кор болбой тосуп таңды Башыңды көтөрүп жүргөн жакшы Болсоң да өлбөстөй бул дүйнөдө Адамдар адамдай болгон жакшы Болсоң да өлбөстөй бул дүйнөдө Адамдар адамдай болгон жакшы Байлыгың кол жеткис болсо дагы Денсоолук болбосо кеппи баары Ата энең, жакындар, өзүң аман Байлыгың ушулар болгон жакшы Ата энең, жакындар, өзүң аман Байлыгың ушулар болгон жакшы Кээ бири бактым деп өзүн алдайт Байлык бар, адамдык касиет жок Кээ бири шүгүр деп жака кармайт Байлык жок, жашоодо көңүлү ток Кээ бири шүгүр деп жака кармайт Байлык жок, жашоодо көңүлү ток Канчалык сыноолор болсо дагы Жашоодо сый урмат болгон жакшы Денеде оорулар болсо дагы Көңүлдөр оорушпай жүргөн жакшы Денеде оорулар болсо дагы Көңүлдөр оорушпай жүргөн жакшы Денеде оорулар болсо дагы Көңүлдөр оорушпай жүргөн жакшы Адамдар адамдай болгон жакшы
  • Ар ким айтат сүйгөнүн Акылына түйгөнүн Ашык бир болуп жете албай да Арасат күндө жүргөнүн Мен да айтып берейин Ашыглыктан бир сабак Дак салдыңыз жүрөкө да Дартизал гүзал ак тамак Дүрдөөлү жаштын иши экен Күсөдүм сүйүү чарбагын Аманат жанга белек деп мен Ашыглык гүлүн кармадым Ана ошол гүлдү беришке мен Гүзалдиң издеп баргамын Булактан көрүп чак түштө мен Булбулдай абаз салгамын Көрдүм далай урууну Кечтим дайраң улууну Издеп бир келдим гүзал кыз да Ышкыдар сендей сулууну Тааныбайсың сен мени Тарпи кылат эл сени Таанышалы ушул жерден да Тартиптүү гүзал кел бери Кыйланы көрдүм кыдырып Карасуу менен чарбактан Каш кирпиги төгүлүп даң Карасаң кумар таркаткан Көкүрөкө өрт коюп даң Көк жылдызын саматкан Жана да көптү көрмөкмүн мен Жаралган болсом канатчан Кал калыңдан калыңдан Кайкалап бүткөн далыңдан Безеленген белиңден да Беш талдап өргөн чачыңдан Чачың көлдүн камышы Өзүңүздү сурасам да Эмгектүү элдин калысы Сураганым себеби Сүйбөй бир киши келеби Сыпайының жайындаң а Билбей бир киши келеби Зыяда болсоң кулак сал сен Зарымды угуп гүлүмдү ал Керек болсо гүзал кыз сен Көрө турган күнүмдү ал
  • Бүчүр байлап арзуулардын түрлөрү Кубат алат сезимимдин гүлдөрү Аткарылып мен самаган тилектер Уланса дейм махабаттын күндөрү Аткарылып мен самаган тилектер Уланса дейм махабаттын күндөрү Ай, гүлүм, ай, тура албаймын сагынбай Ай, гүлүм, ай, сырдашсам дейм талыкпай Кубанычым жалындай Келем сага жакындай Көңүл эргийт басылбай Кубанычым жалындай Келем сага жакындай Көңүл эргийт басылбай Сенден угуп махабаттын дабышын Сен деп күйүп, таң булбулдай таңшыдым Таасир берип, жан дүйнөмдө жаркыдың Сенден сезем ак сүйүүнүн маңызын Таасир берип, жан дүйнөмдө жаркыдың Сенден сезем ак сүйүүнүн маңызын Ай, гүлүм, ай, тура албаймын сагынбай Ай, гүлүм, ай, сырдашсам дейм талыкпай Кубанычым жалындай Келем сага жакындай Көңүл эргийт басылбай Кубанычым жалындай Келем сага жакындай Көңүл эргийт басылбай Ай, гүлүм, ай, тура албаймын сагынбай Ай, гүлүм, ай, сырдашсам дейм талыкпай Кубанычым жалындай Келем сага жакындай Көңүл эргийт басылбай Кубанычым жалындай Келем сага жакындай Көңүл эргийт басылбай