Казахские песни Узбекские песни

Песня «Болгон Жакши»
исполнителя Чынгыз Турдубеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Бирөөгө кор болбой тосуп таңды
Башыңды көтөрүп жүргөн жакшы
Болсоң да өлбөстөй бул дүйнөдө
Адамдар адамдай болгон жакшы
Болсоң да өлбөстөй бул дүйнөдө
Адамдар адамдай болгон жакшы
Байлыгың кол жеткис болсо дагы
Денсоолук болбосо кеппи баары
Ата энең, жакындар, өзүң аман
Байлыгың ушулар болгон жакшы
Ата энең, жакындар, өзүң аман
Байлыгың ушулар болгон жакшы
Кээ бири бактым деп өзүн алдайт
Байлык бар, адамдык касиет жок
Кээ бири шүгүр деп жака кармайт
Байлык жок, жашоодо көңүлү ток
Кээ бири шүгүр деп жака кармайт
Байлык жок, жашоодо көңүлү ток
Канчалык сыноолор болсо дагы
Жашоодо сый урмат болгон жакшы
Денеде оорулар болсо дагы
Көңүлдөр оорушпай жүргөн жакшы
Денеде оорулар болсо дагы
Көңүлдөр оорушпай жүргөн жакшы
Денеде оорулар болсо дагы
Көңүлдөр оорушпай жүргөн жакшы
Адамдар адамдай болгон жакшы

Другие песни исполнителя:

  • Ар бир Аска-Тооң жериң кенен Куштарың учат жолу менен Экиндикте сенин өз демиң Мейкиндикте бол кыргыз элим! Ала-Тооң таңшып кыргыз жерим Алга жыл кенен келечегиң Тынчтыктын гүлү гүлдөп күндө Өнүгүүдө өскүн мекеним Керилип желегиң желбиреп Жерлериң кеңдикте мемиреп Бөлөнүп элим тынччылыка Көкөлөсүн атың ааламга Ала-Тооң таңшып кыргыз жерим Алга жыл кенен келечегиң Тынчтыктын гүлү гүлдөп күндө Өнүгүүдө өскүн мекеним Көөнөрбө мекеним Кылымдап келгенсиң Көз танбайт эч качан Көркөмдүү зор экениң Улуусуң мекеним Бейиштей кооз жериң Сууларың шаркырап Алгаласын желегиң Ала-Тооң таңшып кыргыз жерим Алга жыл кенен келечегиң Тынчтыктын гүлү гүлдөп күндө Өнүгүүдө өскүн мекеним Ала-Тооң таңшып кыргыз жерим Алга жыл кенен келечегиң Тынчтыктын гүлү гүлдөп күндө Өнүгүүдө өскүн мекеним
  • Суздайсың өчүп жалының Кош көңүл карап ашыгым Шамалга желпип сөзүмдү Сезбестей сезим асылын Сүйү жок дебечи жаным Жүзүңө тамып көз жашың Өзөктү өрттөп күйгүзөт жаным Сенсиз калаарым Сен дедим жазбай карагым Өзүңдө жүрөк ачкычым Себепсиз эмес бул күндөр Түбү бар ишен алтыным
  • Балбылдап жанган чырагым элең Жанымдай көргөн ынагым элең Алыста жүрсөм, таштап сен кеттиң Ардагым менин туруксуз белең Ардагым менин туруксуз белең Азыр да ойдо элесиң турат Сагыныч отун өзүңө бурат Эстесем өткөн күндөрдү Көзүмөн жашым агат, куюлат Эстесем өткөн күндөрдү Көзүмөн жашым агат, куюлат Көзүмөн жашым агат, куюлат Андан бери күндөр өттү уланып А мен болсо жүрөм сени сагынып Жүрөгүм сыздап кетет сени ойлосом Унутпай эстей жүргүн мени дагы Унутпай эстей жүргүн мени дагы Азыр да ойдо элесиң турат Сагыныч отун өзүңө бурат Эстесем өткөн күндөрдү Көзүмөн жашым агат, куюлат Эстесем өткөн күндөрдү Көзүмөн жашым агат, куюлат Көзүмөн жашым агат, куюлат Сүйгөнүм, мен тагдырга таарынбаймын Сүйбөсөң – сүйчү деп жалынбаймын Күтөмүн, күтө берем махабатым Сүйгөнмүн, сүйчү элем сени дагы Сүйгөнмүн, сүйчү элем сени дагы Азыр да ойдо элесиң турат Сагыныч отун өзүңө бурат Эстесем өткөн күндөрдү Көзүмөн жашым агат, куюлат Эстесем өткөн күндөрдү Көзүмөн жашым агат, куюлат Көзүмөн жашым агат, куюлат Азыр да ойдо элесиң турат Сагыныч отун өзүңө бурат Эстесем өткөн күндөрдү Көзүмөн жашым агат, куюлат Эстесем өткөн күндөрдү Көзүмөн жашым агат, куюлат Көзүмөн жашым агат, куюлат Көзүмөн жашым агат, куюлат
  • Жүрөсүң сен дайым, санаа тартып атакем Жаратканым күч кубатын берсе экен Өзүң үчүн аздык кылат жанымды берсем Жүрөк жылыйт, мээримиңе берекем Атакебай, Апакебай Бакытымсың, байлыгымсын Берекем ай Ар убакта ойлоп, бооруң тартып апакем Айткан сөзүң, мага берип кубат дем Бул дүйнөдө сага теңдеш нерсе бар бекен Өмүр бою ыраазымын берекем Атакебай, Апакебай Бакытымсың, байлыгымсын Берекем ай Ыйыксьңар алтын, теңдеши жок ата энем Көрсөтүп күнүм, эмгегиң актаар бекем Күндөп чачың, агарса мен өрттөнүп кетем Өмүр тилеп, эш тутуп жашап келем Атакебай, Апакебай Бакытымсың, байлыгымсын Берекем ай Атакебай, Апакебай Бакытымсың, байлыгымсын Берекем ай