Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сүйүү жок дебечи жаным»
исполнителя Чынгыз Турдубеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Суздайсың өчүп жалының
Кош көңүл карап ашыгым
Шамалга желпип сөзүмдү
Сезбестей сезим асылын
Сүйү жок дебечи жаным
Жүзүңө тамып көз жашың
Өзөктү өрттөп күйгүзөт жаным
Сенсиз калаарым
Сен дедим жазбай карагым
Өзүңдө жүрөк ачкычым
Себепсиз эмес бул күндөр
Түбү бар ишен алтыным

Другие песни исполнителя:

  • Жүзүңдөн нурларың төгүлүп Кыялдуу сырларың көрүнүп Бир сен деп тынч албай көңүлүм Жан дүйнөм сен менен өзгөрүп Сезимим күчтөнүп Мен кыйналдым го мынча неге? Дарт сезимден да күчтүү беле? Эмнеге? Билбедим билбедим Башым катып кейидим Бакытты сүйүүнү Мен өзүңдөн издедим Сезбедиң Билбедим билбедим Башым катып кейидим Бакытты сүйүүнү Мен өзүңдөн издедим Сезбедиң Өзүңдү көргөндө бир ирет Айтууга тойбодум түрдүү кеп Ойлорум чачырап ар жака Шамалдай зуулдадым не себеп? Жылдызың жетелеп Мен кыйналдым го мынча неге? Дарт сезимден да күчтүү беле? Эмнеге? Билбедим билбедим Башым катып кейидим Бакытты сүйүүнү Мен өзүңдөн издедим Билбедим билбедим Башым катып кейидим Бакытты сүйүүнү Мен өзүңдөн издедим Сезбедиң Билбедим билбедим Башым катып кейидим Бакытты сүйүүнү Мен өзүңдөн издедим Билбедим билбедим Башым катып кейидим Бакытты сүйүүнү Мен өзүңдөн издедим Сезбедиң
  • Жүзүмдү салкын жел аймалап Жүрөктө ызалык айланат Аттиң ай кайрылып келсеңчи Ай менен сырдашкан махабат Аттиң ай кайрылып келсеңчи Ай менен сырдашкан махабат Жаралуу жүрөктү мас кылып Жанымда жүрсөң да каткырып Кечеки кыялдар бүгүн жок Кеткенсийт бурганак сапырып Кечеки кыялдар бүгүн жок Кеткенсийт бурганак сапырып Чолпондой алоолоп үмүтүм Чогундай кызарат күйүтүм Жүрөктөр биригип сыр чечкен Кайдасың жылдыздуу айлуу түн Жүрөктөр биригип сыр чечкен Кайдасың жылдыздуу айлуу түн Кайдасың жылдыздуу айлуу түн
  • Күндөрүмдү сага арнап Сүйөрүмдү даңазалап Жүргөн элем бир кездерде мен Жакындап мен жалдырадым Ал сезимим баалабадың Айдан түшкөн перисиңби сен? Барктанасың сен эби жок Сулуулугуң кереги жок Көргүм келбей калды сени Көңүлүм жок Кайрылбаймын Эми жаңылышпаймын Ким болсоң да Эч качан жалынбаймын Чогу өчкөн жүрөгүмдү Муздап калган көңүлүмдү Жылытам деп жаңыласың сен Адамда бир көңүл калса Түбөлүк ал бир кагылса Өтүп кетет өмүрү менен
  • Бирөөгө кор болбой тосуп таңды Башыңды көтөрүп жүргөн жакшы Болсоң да өлбөстөй бул дүйнөдө Адамдар адамдай болгон жакшы Болсоң да өлбөстөй бул дүйнөдө Адамдар адамдай болгон жакшы Байлыгың кол жеткис болсо дагы Денсоолук болбосо кеппи баары Ата энең, жакындар, өзүң аман Байлыгың ушулар болгон жакшы Ата энең, жакындар, өзүң аман Байлыгың ушулар болгон жакшы Кээ бири бактым деп өзүн алдайт Байлык бар, адамдык касиет жок Кээ бири шүгүр деп жака кармайт Байлык жок, жашоодо көңүлү ток Кээ бири шүгүр деп жака кармайт Байлык жок, жашоодо көңүлү ток Канчалык сыноолор болсо дагы Жашоодо сый урмат болгон жакшы Денеде оорулар болсо дагы Көңүлдөр оорушпай жүргөн жакшы Денеде оорулар болсо дагы Көңүлдөр оорушпай жүргөн жакшы Денеде оорулар болсо дагы Көңүлдөр оорушпай жүргөн жакшы Адамдар адамдай болгон жакшы
  • Билинбей күндөр узап, Сагынычым үмүт менен жол карап. Жалындап күйүп-жанат, Көңүлдөгү жандырмаксыз табышмак. Кезигүүнүн издеп келем айласын, Ойлор курчайт таппачудай пайдасын. Супсак сымал күңүрт алып айлана, Жалгызсырап буулугамын, кайдасың? Тамчылайм ак жамгырдай, Шаркыраймын көл издеген агындай. Асманда жалгыз куштай, Теңселемин шамал соккон булуттай Кезигүүнүн издеп келем айласын, Ойлор курчайт таппачудай пайдасын. Супсак сымал күңүрт алып айлана, Жалгызсырап буулугамын, кайдасың? Кезигүүнүн издеп келем айласын, Ойлор курчайт таппачудай пайдасын. Супсак сымал күңүрт алып айлана, Жалгызсырап буулугамын, кайдасың?