Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сагыныч»
исполнителя Чынгыз Турдубеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Балбылдап жанган чырагым элең
Жанымдай көргөн ынагым элең
Алыста жүрсөм, таштап сен кеттиң
Ардагым менин туруксуз белең
Ардагым менин туруксуз белең
Азыр да ойдо элесиң турат
Сагыныч отун өзүңө бурат
Эстесем өткөн күндөрдү
Көзүмөн жашым агат, куюлат
Эстесем өткөн күндөрдү
Көзүмөн жашым агат, куюлат
Көзүмөн жашым агат, куюлат
Андан бери күндөр өттү уланып
А мен болсо жүрөм сени сагынып
Жүрөгүм сыздап кетет сени ойлосом
Унутпай эстей жүргүн мени дагы
Унутпай эстей жүргүн мени дагы
Азыр да ойдо элесиң турат
Сагыныч отун өзүңө бурат
Эстесем өткөн күндөрдү
Көзүмөн жашым агат, куюлат
Эстесем өткөн күндөрдү
Көзүмөн жашым агат, куюлат
Көзүмөн жашым агат, куюлат
Сүйгөнүм, мен тагдырга таарынбаймын
Сүйбөсөң сүйчү деп жалынбаймын
Күтөмүн, күтө берем махабатым
Сүйгөнмүн, сүйчү элем сени дагы
Сүйгөнмүн, сүйчү элем сени дагы
Азыр да ойдо элесиң турат
Сагыныч отун өзүңө бурат
Эстесем өткөн күндөрдү
Көзүмөн жашым агат, куюлат
Эстесем өткөн күндөрдү
Көзүмөн жашым агат, куюлат
Көзүмөн жашым агат, куюлат
Азыр да ойдо элесиң турат
Сагыныч отун өзүңө бурат
Эстесем өткөн күндөрдү
Көзүмөн жашым агат, куюлат
Эстесем өткөн күндөрдү
Көзүмөн жашым агат, куюлат
Көзүмөн жашым агат, куюлат
Көзүмөн жашым агат, куюлат

Другие песни исполнителя:

  • Жүзүмдү салкын жел аймалап Жүрөктө ызалык айланат Аттиң ай кайрылып келсеңчи Ай менен сырдашкан махабат Аттиң ай кайрылып келсеңчи Ай менен сырдашкан махабат Жаралуу жүрөктү мас кылып Жанымда жүрсөң да каткырып Кечеки кыялдар бүгүн жок Кеткенсийт бурганак сапырып Кечеки кыялдар бүгүн жок Кеткенсийт бурганак сапырып Чолпондой алоолоп үмүтүм Чогундай кызарат күйүтүм Жүрөктөр биригип сыр чечкен Кайдасың жылдыздуу айлуу түн Жүрөктөр биригип сыр чечкен Кайдасың жылдыздуу айлуу түн Кайдасың жылдыздуу айлуу түн
  • Суздайсың өчүп жалының Кош көңүл карап ашыгым Шамалга желпип сөзүмдү Сезбестей сезим асылын Сүйү жок дебечи жаным Жүзүңө тамып көз жашың Өзөктү өрттөп күйгүзөт жаным Сенсиз калаарым Сен дедим жазбай карагым Өзүңдө жүрөк ачкычым Себепсиз эмес бул күндөр Түбү бар ишен алтыным
  • Билинбей күндөр узап Сагынычым үмүт менен жол карап Жалындап күйүп-жанат Көңүлдөгү жандырмаксыз табышмак Кезигүүнүн издеп келем айласын Ойлор курчайт таппачудай пайдасын Супсак сымал күңүрт алып айлана Жалгызсырап буулугамын, кайдасың? Тамчылай ак жамгырдай Шаркыраймын көл издеген агымдай Асманда жалгыз куштай Теңселемин шамал соккон булуттай Кезигүүнүн издеп келем айласын Ойлор курчайт таппачудай пайдасын Супсак сымал күңүрт алып айлана Жалгызсырап буулугамын, кайдасың? Кезигүүнүн издеп келем айласын Ойлор курчайт таппачудай пайдасын Супсак сымал күңүрт алып айлана Жалгызсырап буулугамын, кайдасың? Жалгызсырап буулугамын, кайдасың?
  • Күндөрүмдү сага арнап Сүйөрүмдү даңазалап Жүргөн элем бир кездерде мен Жакындап мен жалдырадым Ал сезимим баалабадың Айдан түшкөн перисиңби сен? Барктанасың сен эби жок Сулуулугуң кереги жок Көргүм келбей калды сени Көңүлүм жок Кайрылбаймын Эми жаңылышпаймын Ким болсоң да Эч качан жалынбаймын Чогу өчкөн жүрөгүмдү Муздап калган көңүлүмдү Жылытам деп жаңыласың сен Адамда бир көңүл калса Түбөлүк ал бир кагылса Өтүп кетет өмүрү менен
  • Бирөөгө кор болбой тосуп таңды Башыңды көтөрүп жүргөн жакшы Болсоң да өлбөстөй бул дүйнөдө Адамдар адамдай болгон жакшы Болсоң да өлбөстөй бул дүйнөдө Адамдар адамдай болгон жакшы Байлыгың кол жеткис болсо дагы Денсоолук болбосо кеппи баары Ата энең, жакындар, өзүң аман Байлыгың ушулар болгон жакшы Ата энең, жакындар, өзүң аман Байлыгың ушулар болгон жакшы Кээ бири бактым деп өзүн алдайт Байлык бар, адамдык касиет жок Кээ бири шүгүр деп жака кармайт Байлык жок, жашоодо көңүлү ток Кээ бири шүгүр деп жака кармайт Байлык жок, жашоодо көңүлү ток Канчалык сыноолор болсо дагы Жашоодо сый урмат болгон жакшы Денеде оорулар болсо дагы Көңүлдөр оорушпай жүргөн жакшы Денеде оорулар болсо дагы Көңүлдөр оорушпай жүргөн жакшы Денеде оорулар болсо дагы Көңүлдөр оорушпай жүргөн жакшы Адамдар адамдай болгон жакшы