Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кайдасың»
исполнителя Чынгыз Турдубеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Билинбей күндөр узап
Сагынычым үмүт менен жол карап
Жалындап күйүп-жанат
Көңүлдөгү жандырмаксыз табышмак
Кезигүүнүн издеп келем айласын
Ойлор курчайт таппачудай пайдасын
Супсак сымал күңүрт алып айлана
Жалгызсырап буулугамын, кайдасың?
Тамчылай ак жамгырдай
Шаркыраймын көл издеген агымдай
Асманда жалгыз куштай
Теңселемин шамал соккон булуттай
Кезигүүнүн издеп келем айласын
Ойлор курчайт таппачудай пайдасын
Супсак сымал күңүрт алып айлана
Жалгызсырап буулугамын, кайдасың?
Кезигүүнүн издеп келем айласын
Ойлор курчайт таппачудай пайдасын
Супсак сымал күңүрт алып айлана
Жалгызсырап буулугамын, кайдасың?
Жалгызсырап буулугамын, кайдасың?

Другие песни исполнителя:

  • Экөөбүз эңсеп күткөн Кезигүүбүз оңунан чыкпады Билбедим эмне себеп Же мага айтпаган сырың барбы? Ажайып ачып турган, бир өзүңө арналган Гүлүмдө күнөө беле? Күтүүдөн тажабадым, көңүлүм калбады Убакыт өтүп жатып, жаңырган күн батты Сезимим күйүп-учуп, үмүтүм сынбады Санааркап сени күтүп, жалооруп гүлүм калды Сунулбай гүлүм калды Күтүүдөн көңүл түшүп Карай берип улам ар бир жакты Келгениме өкүнтүп Түрлүү ойлор улам сабалады Ажайып ачып турган, бир өзүңө арналган Гүлүмдө күнөө беле? Күтүүдөн тажабадым, көңүлүм калбады Убакыт өтүп жатып, жаңырган күн батты Сезимим күйүп-учуп, үмүтүм сынбады Санааркап сени күтүп, жалооруп гүлүм калды Сунулбай гүлүм калды Ажайып ачып турган, бир өзүңө арналган Гүлүмдө күнөө беле? Күтүүдөн тажабадым, көңүлүм калбады Убакыт өтүп жатып, жаңырган күн батты Сезимим күйүп-учуп, үмүтүм сынбады Санааркап сени күтүп, жалооруп гүлүм калды Сунулбай гүлүм калды Сезимим күйүп-учуп, үмүтүм сынбады Санааркап сени күтүп, жалооруп гүлүм калды Сунулбай гүлүм калды
  • Билинбей күндөр узап, Сагынычым үмүт менен жол карап. Жалындап күйүп-жанат, Көңүлдөгү жандырмаксыз табышмак. Кезигүүнүн издеп келем айласын, Ойлор курчайт таппачудай пайдасын. Супсак сымал күңүрт алып айлана, Жалгызсырап буулугамын, кайдасың? Тамчылайм ак жамгырдай, Шаркыраймын көл издеген агындай. Асманда жалгыз куштай, Теңселемин шамал соккон булуттай Кезигүүнүн издеп келем айласын, Ойлор курчайт таппачудай пайдасын. Супсак сымал күңүрт алып айлана, Жалгызсырап буулугамын, кайдасың? Кезигүүнүн издеп келем айласын, Ойлор курчайт таппачудай пайдасын. Супсак сымал күңүрт алып айлана, Жалгызсырап буулугамын, кайдасың?
  • Шаң күлкүгө бөлөнөсүң аткан бир таңдай Кылыктанып маанайым көтөрүп күлөсүң шаттай Таарынасың сыр көрсөтүп мүнөзүң менен Ойноп катуу тийип алсам таарынычың жазылбай Назданасың мага карап карындашым ай Байке десең эзилемин менин жаным ай Назданасың мага карап карындашым ай Байке десең эзилемин менин жаным ай Күндөн күнгө жакындайсың жүрөктү сыгып Таттуу сүйлөп көңүлдү арбайсың мамилең сылык Көңүл тартат кучак жайып өзүңө жылып Тагдырыбыз күбө болсо дейли тараза кылып Назданасың мага карап карындашым ай Байке десең эзилемин менин жаным ай Назданасың мага карап карындашым ай Байке десең эзилемин менин жаным ай Назданасың мага карап карындашым ай Байке десең эзилемин менин жаным ай Назданасың мага карап карындашым ай Байке десең эзилемин менин жаным ай Байке десең эзилемин менин жаным ай
  • Жүрөсүң сен дайым, санаа тартып атакем Жаратканым күч кубатын берсе экен Өзүң үчүн аздык кылат жанымды берсем Жүрөк жылыйт, мээримиңе берекем Атакебай, Апакебай Бакытымсың, байлыгымсын Берекем ай Ар убакта ойлоп, бооруң тартып апакем Айткан сөзүң, мага берип кубат дем Бул дүйнөдө сага теңдеш нерсе бар бекен Өмүр бою ыраазымын берекем Атакебай, Апакебай Бакытымсың, байлыгымсын Берекем ай Ыйыксьңар алтын, теңдеши жок ата энем Көрсөтүп күнүм, эмгегиң актаар бекем Күндөп чачың, агарса мен өрттөнүп кетем Өмүр тилеп, эш тутуп жашап келем Атакебай, Апакебай Бакытымсың, байлыгымсын Берекем ай Атакебай, Апакебай Бакытымсың, байлыгымсын Берекем ай