Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кыргыз кыздары»
исполнителя Чынгыз Турдубеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Ак куудай
Сулуусуңар силер жаркырай
Оттой кыргыз кызы жалындай
Ай чырай
Өрмө чачтары, керме каштары
Чырайлуу кыргыз кыздары
Наздуу көрүнөт, нуру төгүлөт
Ийилип кымыз сунганы
Туусу силерде, салты силерде
Кыргыздын сыры, баяны
Берип милдетти, курчап силерди
Энелик асыл ыйманы
Ак куудай
Сулуусуңар силер жаркырай
Оттой кыргыз кызы жалындай
Ай чырай
Назик чырайы, гүлдөй жамалы
Мөлтүрөп тунук кыялы
Жаркын маанайы, шаттуу жайдары
Кыргыздын асыл тумары
Туусу силерде, салты силерде
Кыргыздын сыры, баяны
Берип милдетти, курчап силерди
Энелик асыл ыйманы
Ак куудай
Сулуусуңар силер жаркырай
Оттой кыргыз кызы жалындай
Ай чырай
Ак куудай
Сулуусуңар силер жаркырай
Оттой кыргыз кызы жалындай
Ай чырай
Ак куудай
Сулуусуңар силер жаркырай
Оттой кыргыз кызы жалындай
Ай чырай

Другие песни исполнителя:

  • Билинбей күндөр узап, Сагынычым үмүт менен жол карап. Жалындап күйүп-жанат, Көңүлдөгү жандырмаксыз табышмак. Кезигүүнүн издеп келем айласын, Ойлор курчайт таппачудай пайдасын. Супсак сымал күңүрт алып айлана, Жалгызсырап буулугамын, кайдасың? Тамчылайм ак жамгырдай, Шаркыраймын көл издеген агындай. Асманда жалгыз куштай, Теңселемин шамал соккон булуттай Кезигүүнүн издеп келем айласын, Ойлор курчайт таппачудай пайдасын. Супсак сымал күңүрт алып айлана, Жалгызсырап буулугамын, кайдасың? Кезигүүнүн издеп келем айласын, Ойлор курчайт таппачудай пайдасын. Супсак сымал күңүрт алып айлана, Жалгызсырап буулугамын, кайдасың?
  • Жалгандын сырлары ар сындуу Жаралган адам бул, бактылуу Эңсеген үмүткө жетпесең, и-и-и жетпесең Болбос го, бул дүйнө жагымдуу Сүйүү мынча неге ар сырдуу Сүйгөн адам болсо бактылуу Бул өмүрдө бир өзүңө жеткенде, ай-и-и жеткенде Өмүр бою болмокмун мен бактылуу Бул өмүрдө бир өзүңө жеткенде, ай-и-и жеткенде Өмүр бою болмокмун мен бактылуу Табигат белек кылып берген Үмүтүм өзүңсүң берекем Өмүрдүн ыргагы өзүң деп, и-и-и өзүң деп Тургандай күтөмүн ишенем Сүйүү мынча неге ар сырдуу Сүйгөн адам болсо бактылуу Бул өмүрдө бир өзүңө жеткенде, ай-и-и жеткенде Өмүр бою болмокмун мен бактылуу Бул өмүрдө бир өзүңө жеткенде, ай-и-и жеткенде Өмүр бою болмокмун мен бактылуу Сүйүү мынча неге ар сырдуу Сүйгөн адам болсо бактылуу Бул өмүрдө бир өзүңө жеткенде, ай-и-и жеткенде Өмүр бою болмокмун мен бактылуу Бул өмүрдө бир өзүңө жеткенде, ай-и-и жеткенде Өмүр бою болмокмун мен бактылуу Өмүр бою болмокмун мен бактылуу
  • Жалгыздап күндөрүм бүткөндөй Суусаймын негедир күткөндөй Бушайман тартып бир көңүлүм Суусу жок дарактын бүрүндөй Үмүтүм үзүлгөндөй Эстебей өзүңдү турсам да Көңүлүм башкага бурсам да Жалгыздык желкелейт мойнумда Эстебей өзүңдү турсам да Көңүлүм башкага бурсам да Жалгыздык желкелейт мойнумда Өткөргөн ошондо сен менен Күндөрдө жүрүпмүн дем менен Ал кезде бактылуу жүрсөм да Артымда калды го жел менен Ал күндөргө жетпей мен Эстебей өзүңдү турсам да Көңүлүм башкага бурсам да Жалгыздык желкелейт мойнумда Эстебей өзүңдү турсам да Көңүлүм башкага бурсам да Жалгыздык желкелейт мойнумда Эстебей өзүңдү турсам да Көңүлүм башкага бурсам да Жалгыздык желкелейт мойнумда Эстебей өзүңдү турсам да Көңүлүм башкага бурсам да Жалгыздык желкелейт мойнумда Жалгыздык желкелейт мойнумда
  • Балбылдап жанган чырагым элең Жанымдай көргөн ынагым элең Алыста жүрсөм, таштап сен кеттиң Ардагым менин туруксуз белең Ардагым менин туруксуз белең Азыр да ойдо элесиң турат Сагыныч отун өзүңө бурат Эстесем өткөн күндөрдү Көзүмөн жашым агат, куюлат Эстесем өткөн күндөрдү Көзүмөн жашым агат, куюлат Көзүмөн жашым агат, куюлат Андан бери күндөр өттү уланып А мен болсо жүрөм сени сагынып Жүрөгүм сыздап кетет сени ойлосом Унутпай эстей жүргүн мени дагы Унутпай эстей жүргүн мени дагы Азыр да ойдо элесиң турат Сагыныч отун өзүңө бурат Эстесем өткөн күндөрдү Көзүмөн жашым агат, куюлат Эстесем өткөн күндөрдү Көзүмөн жашым агат, куюлат Көзүмөн жашым агат, куюлат Сүйгөнүм, мен тагдырга таарынбаймын Сүйбөсөң – сүйчү деп жалынбаймын Күтөмүн, күтө берем махабатым Сүйгөнмүн, сүйчү элем сени дагы Сүйгөнмүн, сүйчү элем сени дагы Азыр да ойдо элесиң турат Сагыныч отун өзүңө бурат Эстесем өткөн күндөрдү Көзүмөн жашым агат, куюлат Эстесем өткөн күндөрдү Көзүмөн жашым агат, куюлат Көзүмөн жашым агат, куюлат Азыр да ойдо элесиң турат Сагыныч отун өзүңө бурат Эстесем өткөн күндөрдү Көзүмөн жашым агат, куюлат Эстесем өткөн күндөрдү Көзүмөн жашым агат, куюлат Көзүмөн жашым агат, куюлат Көзүмөн жашым агат, куюлат