Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жаңы жыл»
исполнителя Нурмат Садыров.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жаңы жыл келди жаркырап,
Мөлтүрөп жалтырап, баягы.
Аяз ата белек тартуулап,
Эсте калтырат.
Кел, Жаңы жыл,
Бөбөктөргө белек тартуулап. Аяз кыз ар убак,
Жылдар узап.
Өмүрлөрдү берсин Жаңы жыл,
Күлкү-шаттык, ыр,
Ар бир үйдө.
Кезигели батыраак,
Жакшы тилек айтылат,
Жаңы жылга тартуулап.
Кайырма:
Жаңы жыл жаңырган,
Жүзүңөргө себелесин нурун.
Жаңы жыл, Жаңы жыл,
Кайгыдан айрылган.
Жакшылыгын Жаратканым берсин,
Жаңы жыл, Жаңы жыл,
Бөбөктөргө белек тартуулап,
Аяз кыз ар убак.
Жылдар узап.
Өмүрлөрдү берсин Жаңы жыл,
Күлкү-шаттык, ыр
Ар бир үйдө.
Жаңы жыл келди жаркырап,
Мөлтүрөп жалтырап, баягы.
Аяз ата белек тартуулап,
Эсте калтырат, кел, Жаңы жыл.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Ак жамгырда сени издедим, Жаным, үнүң угулат. Көздөрүңө байланганмын, Көргүм келет ар убак… Ыйлаба, жүрөк, Өкүнгөн менен пайда жок. Ыза толгон күйүтүм бар, Сен сезбейсиң, а бирок… Ыйлаба, жүрөк, бүл күндөр өтөт, Азыр жол таппай адашып жүрөт. Ыйлаба, жүрөк, өзүңдү күтөт, Өмүрүн арнаган жан… Эсиңдеби эркем менин, Эң алгачкы сезимдер? Мезгилинде гүлүн ачкан Жаным деген эриндер…
  • Табышмак сыңдуу, Таанышсак сулуу. Тилегим жалгыз, Таанышсак сулуу. Дарегиң издеп, Сураган жанмын. Дүйнөмдү бүтүн, Сен уялап алдың. Күлкүң, сүйкүм, Өзгөчө угулат. Күнүм, сүйүүм, Бир сага сунулат. Бир сага жүрөктөр чымырап, Жүргөнүң башкача, Жомоктой туюлат. Кайырма: Сен дедим сен дедим, Төгүлгөн нурдай, Көркөмүң сунган. Көздөрүң тартат, Көл болуп турган. Ал кыз сулуу перидей, Аны менен бирге жүрүүдөн эринбейм. Жүрөгүмдүн бөлүгүндө көрөм теңиндей. Бир болобуз айрылууда жеңилбей. Биздин сүйүү дайым ысык, Биз экөөбүз бирге бийлеп жайы-кышы. Белиңден кармап жан дүйнөмө жакын кызсың. Жыпар жыттуу, жүрөгүмдүн айыгышы. Сага махабатым белек. Өмүрүм сага берем. Мага сылык сөзүң менен, нурлуу көзүң керек. Көңүлүңдүн ачкычын ал, Алыс катып терең. Сен үчүн дүйнөдөгү кооз гүлдөрдү терем. Төгүлгөн нурдан, Көркөмүн сунган. Көздөрүң тартат, Көл болуп турган.
  • Жүрөгүм, аячы мени мүрөгүм, Кусага сенсиз соолуп баткандай, Арзуусун айтып жаткандай… Алыстасын, жолукканга ашыга берем, Жаныңдан чыга албай келем. Дем,күч берген өмүрүмө сыйкыр күч белең? Өзүң деп мен жашап келем. Кайырма: Жүрөгүм, аячы мени мүрөгүм, Кусага сенсиз соолуп баткандай, Арзуусун айтып жаткандай… Сенсиз күндү элестете албаймын жаным, Сага мен теңебейм баарын. Сезим күчөп, алоолонуп каптады жалын, Таталы сүйүүнүн балын. Кайырма: Жанымдан эми кетпечи деги, Бир болуп дайым, көрүп баарын. Карааның келсе,кайгы жок менде , Деп жүргөн сөзүңдү эстеп…