Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жүрөктө менин арманым»
исполнителя Нурмат Садыров.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Сенсиң менин торгоюм, Суук көздөн коргоюн. Ысыгыңа жылытчы, Суугуңа тоңбоюн. Сенсиң менин торгоюм, Суук көздөн коргоюн, Ашык болдум жалындап, Калпы болсо оңбоюн. Сенсиң менин торгоюм, Гүлдөй болуп соолбоюн. Ысыгыңа жылытчы, Суугуңа тоңбоюн. Сенсиң менин торгоюм, Күндөп-түндөп ойлоюн. Ишенип кой сөзүмө, Калпы болсо оңбоюн. Менин ырчы торгоюм, Жолугууну болжоюн. Алтынчы күн — кадыр түн, Карап күтөм жол боюн. Сен торгоюм — сүйгөнүм, Арнап өмүр гүлдөрүн. Бир басалы гүл бакта, Тыңшап торгой үндөрүн. Ырахат го жаш кезде, Күлүп-ойноп жүргөнүң. Саймалайлы жылдыздай, Жашообуздун түндөрүн. Жалын болуп жаркылда, Чагылгандай чартылда. Көл үстүндө ойногон, Ак булуттай калкылда, Канат күүлө, күү чалып. Ойноп-күлүп жаркылда, Кадырлашып өтөлү, Көңүлгө кир калтырба. Көңүл куруп, күү чалып, Күлүп-бийлеп, үн салып. Менин сүйгөнүм торгоюм, Эмгек жолун бир чалып. Айыл ичин гүлдөтүп, Обон созуп ырдашып. Жаркылдаган жаштык кез, Кете электе кырды ашып. Өмүр суусун кечели, Жабык сырды чечели. Ак таң болуп нурданып, Аппак гүлдү терели. Ак нан болсо ыр болот, Сүйүп дайым жешели. Ден соолукта каткырып, Соо жүрөлү дешели.
  • Кызылдан көйнөк секелек сенсиң, Кыраңда өскөн байчечек сезим. Сүйүүмдү айтсам билмексен болгон, Сүйкүмдүү кызым эселек кезиң. Түрлөнтүп айткан баяным сенсиң, Түшүмдө берген аяным сенсиң. Кылымдап айткан жомогум сенсиң, Кыйналып жазган обонум сенсиң. Апталап айткан баяным сенсиң, Ал түндө берген аяным сенсиң, Айлап бир айткан жомогум сенсиң, Араңдан жазган обонум сенсиң. Саамайдан сылаар салкын бир желсиң, Сүйүүмө жөлөк болчу сен белсиң, Жылдызың чачып жылмайып койчу, Сүйүүмө жалгыз сен эле теңсиң. Түрлөнтүп айткан баяным сенсиң, Түшүмдө берген аяным сенсиң. Кылымдап айткан жомогум сенсиң, Кыйналып жазган обонум сенсиң. Апталап айткан жомогум сенсиң, Ал түндө берген обонум сенсиң, Сүрдөнүп айткан жомогум сенсиң, Сүйүүдөн тапкан обонум сенсиң. Нөшөрлөп жааган жамгырым сенсиң, Көөшөрүп жазган жаңы ырым сенсиң. Сүйүүнүн сырлуу сандыгы сенсиң, Сүрдөнүп айтсам бардыгы сенсиң , Бардыгы сенсиң, бардыгы сенсиң. Сүйүүнүн алтын сандыгы сенсиң. Бардыгы сенсиң, бардыгы сенсиң, Сүйүүмө жалгыз сен эле теңсиң.