Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кыргызстаным»
исполнителя Нурмат Садыров.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Сенсиң менин торгоюм, Суук көздөн коргоюн. Ысыгыңа жылытчы, Суугуңа тоңбоюн. Сенсиң менин торгоюм, Суук көздөн коргоюн, Ашык болдум жалындап, Калпы болсо оңбоюн. Сенсиң менин торгоюм, Гүлдөй болуп соолбоюн. Ысыгыңа жылытчы, Суугуңа тоңбоюн. Сенсиң менин торгоюм, Күндөп-түндөп ойлоюн. Ишенип кой сөзүмө, Калпы болсо оңбоюн. Менин ырчы торгоюм, Жолугууну болжоюн. Алтынчы күн — кадыр түн, Карап күтөм жол боюн. Сен торгоюм — сүйгөнүм, Арнап өмүр гүлдөрүн. Бир басалы гүл бакта, Тыңшап торгой үндөрүн. Ырахат го жаш кезде, Күлүп-ойноп жүргөнүң. Саймалайлы жылдыздай, Жашообуздун түндөрүн. Жалын болуп жаркылда, Чагылгандай чартылда. Көл үстүндө ойногон, Ак булуттай калкылда, Канат күүлө, күү чалып. Ойноп-күлүп жаркылда, Кадырлашып өтөлү, Көңүлгө кир калтырба. Көңүл куруп, күү чалып, Күлүп-бийлеп, үн салып. Менин сүйгөнүм торгоюм, Эмгек жолун бир чалып. Айыл ичин гүлдөтүп, Обон созуп ырдашып. Жаркылдаган жаштык кез, Кете электе кырды ашып. Өмүр суусун кечели, Жабык сырды чечели. Ак таң болуп нурданып, Аппак гүлдү терели. Ак нан болсо ыр болот, Сүйүп дайым жешели. Ден соолукта каткырып, Соо жүрөлү дешели.
  • Кара чачың, карындашым, өзгөчө татынасың, Улам сырдуу көз карашың, өзүңө тартып алдың. Назданып күлгөнүңдү сүйүп калдым. Кайырма: Мага жагат көздөрүң, Балдай ширин сөздөрүң. Кирпиктериң, Кичинекейим менин. Байкабадың, балапаным, жаныңа бара албадым, Жамгыр сымал салааладың, Жарыгым, жараладың. Назданып күлгөнүңдү сүйүп калдым. Кайырма: Мага жагат көздөрүң, Балдай ширин сөздөрүң. Кирпиктериң, Кичинекейим менин.
  • Жүрөктөн кеттим бир көрүп Күндөрүм турат өзгөрүп Сулуу кыз бизге шаардан келдиңби Эрчидиң калбай артымда Сендейдин миңи жактырган Сулууну жигит эми көрдүңбү Кинодон көргөм сендейди Жактырабы мендейди Жактырсам эгер сендейди Курбу кыздар күлбөйбү Кайырма: Өзгөчө болуп бөлүнбөй Ай нуру болуп төгүлбөй Айылда мурда көрүнбөй Сулуу кыз кайда элең Айылда өскөн кыз элем Ааламда сүйүү издегем Адашпай таптым жарымды Ал кезде шаарда элем Апандан жумуш талашпай Айылдык турмуш жарашпай Байкасам жүдөп калган окшойсуз Уйларды саап эртелеп Тез үйгө чыкчум эркелеп Балалык кезди унуткан окшойсуз Тырмагын сынып калбасын Кетүүнүн таппай айласын Мен деле өскөм айылда Дайым келем жайында Кайырма: Шаардыкбыз биз деп бөлүнбөй Жасалма күндөй көрүнбөй Айылга келип турсак сонун да Бейишин тоонун борунда