Казахские песни Татарский переводчик Башкирские песни

Песня «Мурда сен кайда элен»
исполнителя Нурмат Садыров.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жүрөктөн кеттим бир көрүп
Күндөрүм турат өзгөрүп
Сулуу кыз бизге шаардан келдиңби

Эрчидиң калбай артымда
Сендейдин миңи жактырган
Сулууну жигит эми көрдүңбү

Кинодон көргөм сендейди
Жактырабы мендейди
Жактырсам эгер сендейди
Курбу кыздар күлбөйбү

Кайырма:
Өзгөчө болуп бөлүнбөй
Ай нуру болуп төгүлбөй
Айылда мурда көрүнбөй
Сулуу кыз кайда элең

Айылда өскөн кыз элем
Ааламда сүйүү издегем
Адашпай таптым жарымды
Ал кезде шаарда элем

Апандан жумуш талашпай
Айылдык турмуш жарашпай
Байкасам жүдөп калган окшойсуз

Уйларды саап эртелеп
Тез үйгө чыкчум эркелеп
Балалык кезди унуткан окшойсуз

Тырмагын сынып калбасын
Кетүүнүн таппай айласын
Мен деле өскөм айылда
Дайым келем жайында

Кайырма:

Шаардыкбыз биз деп бөлүнбөй
Жасалма күндөй көрүнбөй
Айылга келип турсак сонун да
Бейишин тоонун борунда

Другие песни исполнителя:

  • Жаңы жыл келди жаркырап, Мөлтүрөп жалтырап, баягы. Аяз ата белек тартуулап, Эсте калтырат. Кел, Жаңы жыл, Бөбөктөргө белек тартуулап. Аяз кыз ар убак, Жылдар узап. Өмүрлөрдү берсин Жаңы жыл, Күлкү-шаттык, ыр, Ар бир үйдө. Кезигели батыраак, Жакшы тилек айтылат, Жаңы жылга тартуулап. Кайырма: Жаңы жыл жаңырган, Жүзүңөргө себелесин нурун. Жаңы жыл, Жаңы жыл, Кайгыдан айрылган. Жакшылыгын Жаратканым берсин, Жаңы жыл, Жаңы жыл, Бөбөктөргө белек тартуулап, Аяз кыз ар убак. Жылдар узап. Өмүрлөрдү берсин Жаңы жыл, Күлкү-шаттык, ыр Ар бир үйдө. Жаңы жыл келди жаркырап, Мөлтүрөп жалтырап, баягы. Аяз ата белек тартуулап, Эсте калтырат, кел, Жаңы жыл. Кайырма:
  • ЖАНЫМ, ЖАЙДАРЫМ, БҮЛДҮРКӨНДӨЙ ЭРИНИҢ… АЙ ЖАНЫМ, МАЙРАМЫМ, ЖАРАТТЫ АЙТЧЫ СЕНИ КИМ? КАЙЫРМА: ЗЫРП ЭТЕТ ЖҮРӨГҮМ ТОК УРУП КЕТКЕНДЕЙ, ЭХ, КОЛУҢДАН КАРМАСАМ… БИР КҮНҮМ БИР ЖЫЛ СЕЗИЛИП КЕТЕТ, ЖАНЫМ ЖАНЫҢА БАРБАСАМ. ЖАНЫМ, ЖАМАЛЫМ, ЖАЗ ЖЫТТАНГАН АЯЙЫМ. ЖАНЫМ, ЖАНААРЫМ, БАКЫТЫМ СЕНСИҢ ТААЛАЙЫМ!
  • Тутантып жалынды, Тургузуп багымды. Туйганмын мен сенден, Турмушта барымды. Үмүтүм күбүлүп, Сүйүүдөн түңүлүп. Үлбүрөп турду эле, Кетчүдөй үзүлүп. Кайырма: Сүйгөн жүрөк сени күтөт, Сезимимде жашап келет. Жүрөктүн тагы, Жүдөттү дагы. Жабыркап турду эле, Жанбай шамы. Таштап кадам басып араң, Тартып жүгүн басып барам. Азгырган жоругу арзуунун жолубу? Айтпаган сүйөм деп ашыктык жообубу? Кайырма:
  • Сенсиз сезилет күнүм жалгыз калгандай, Жүрөк согушу эми токтоп калгандай. Жакшы көрөм өзүңдү билесиңби, Жанып турган сүйүүмдү сен сездиңби? Кайырма: Оо-оо, көздөрүң сенин, Ээ-эй, ак сүйүүм сага арнайм. Мен издеп келем сүйүү пайдасын, Сен табаласың анын айласын. Жакшы көрөм өзүңдү билесиңби, Жанып турган сүйүүмдү сен сездиңби? Кайырма: Оо-оо, көздөрүң сенин, Ээ-эй, ак сүйүүм сага арнайм.