Казахские песни Узбекские песни

Песня «Тутанган махабат»
исполнителя Нурмат Садыров.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жүрөктү сууруп алдың,
Жашоомду буруп алдың.
Тартылып сыйкырыңа,
Туруп калдым.
Каректе күйүп кеттиң,
Каныма кирип кеттиң.
Күмүштөй шыңгыр этип,
Күлүп өттүң.
КАЙЫРМА:
Сенин жүзүңдөгү сулуу меңиң,
Сүйүүмдү козгоп менин,
“Сүйөмүн” дедим.
Сенин анар сымал бышкан эрдиң,
Сезимимди козгоп менин,
“Секетим”- дедим.
Алтыны ашык жандын,
Асманда басып калдым.
Көзүңө бир жалт карап,
Катып калдым.
Балыктай туйладың го,
Байкеңди кыйнадың го.
Тутанган махабатым,
Туйбадың го…

Другие песни исполнителя:

  • Кара чачың, карындашым, өзгөчө татынасың, Улам сырдуу көз карашың, өзүңө тартып алдың. Назданып күлгөнүңдү сүйүп калдым. Кайырма: Мага жагат көздөрүң, Балдай ширин сөздөрүң. Кирпиктериң, Кичинекейим менин. Байкабадың, балапаным, жаныңа бара албадым, Жамгыр сымал салааладың, Жарыгым, жараладың. Назданып күлгөнүңдү сүйүп калдым. Кайырма: Мага жагат көздөрүң, Балдай ширин сөздөрүң. Кирпиктериң, Кичинекейим менин.
  • Керме каштуу селкилерге сунуп урматын, «Кыргыз кыз» деп жар салат ырчы Нурматың. Жыгылсам таяган, жалооруп аяган, Жылдыздуу пери кыз болчу курдашым. Кайырма: Жүрөгүмдүн ооругансып турат туш жагы, Жетпей сага көңүл чиркин канча сыздады? Ажары ченелбес, айга да теңелбес, Ааламда эң сулуу кыргыз кыздары. Каректери таң сыяктуу атса кылайып, Кылыгынан эркелеген таппайм бир айып. Кайыңдай суналган, кымча бел, буралган, Кыргыздын бир кызы мага ылайык… Кайырма: Сен жылмайсаң уялгансыйт көктө күн дайым, Ууртундагы уячаңа сүйүүм сунайын. Козгогон сезимди, кыргыз кыз өзүңдү, Апама алпарып келин кылайын. Кайырма:
  • Махабаттын жылдыздары, Жайнап турсун ай-асманда. Көңүл кайра табылбас, Эмне жетсин кадырлашканга? Кайырма: Адамзат жаман иш кылбайлы! Ансыз да өмүр аз турбайбы… Тартпайлы болбоско муң-кайгы, Эй, адамзат! Арылып тескери адаттан, Алдыга учалы канатчан, Ар дайым колдосун Жараткан, Эй, адамзат! Дүйнө көздү кызыктырат, Алтын сымал ай жылтылдап. Тилегеним ар үйгө, Орноп турсун бакыт, ынтымак! Кайырма: Күрөшкөн талбастан – адамзат, Күн сайын алмашкан – адамзат! Жер кезип, жол баскан – адамзат, Жашоо деп кармашкан – адамзат!
  • Ак жамгырда сени издедим, Жаным, үнүң угулат. Көздөрүңө байланганмын, Көргүм келет ар убак… Ыйлаба, жүрөк, Өкүнгөн менен пайда жок. Ыза толгон күйүтүм бар, Сен сезбейсиң, а бирок… Ыйлаба, жүрөк, бүл күндөр өтөт, Азыр жол таппай адашып жүрөт. Ыйлаба, жүрөк, өзүңдү күтөт, Өмүрүн арнаган жан… Эсиңдеби эркем менин, Эң алгачкы сезимдер? Мезгилинде гүлүн ачкан Жаным деген эриндер…