Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кыргыз кыздары»
исполнителя Нурмат Садыров.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Керме каштуу селкилерге сунуп урматын,
«Кыргыз кыз» деп жар салат ырчы Нурматың.
Жыгылсам таяган, жалооруп аяган,
Жылдыздуу пери кыз болчу курдашым.
Кайырма:
Жүрөгүмдүн ооругансып турат туш жагы,
Жетпей сага көңүл чиркин канча сыздады?
Ажары ченелбес, айга да теңелбес,
Ааламда эң сулуу кыргыз кыздары.
Каректери таң сыяктуу атса кылайып,
Кылыгынан эркелеген таппайм бир айып.
Кайыңдай суналган, кымча бел, буралган,
Кыргыздын бир кызы мага ылайык…
Кайырма:
Сен жылмайсаң уялгансыйт көктө күн дайым,
Ууртундагы уячаңа сүйүүм сунайын.
Козгогон сезимди, кыргыз кыз өзүңдү,
Апама алпарып келин кылайын.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Ак Сардал кыз, Сардал кыз, Сен да жалгыз мен жалгыз. Берейин десем мал таңгыс, Бере албадым, Сардал кыз. Өтүгүңдүн өкчүүсү, Кылдан бекен Сардал кыз. Экөөбүздүн ортобуз, Зымдан бекен Сардал кыз. Көк боз аттын куйругу да, Күмүш десем кылга окшойт. Экөөбүздүн ортобуз, Күнчүлүк десем айга окшойт. Ак боз аттын куйругу, Алтын десем кылга окшойт. Экөөбүздүн ортобуз, Айчылык десем жылга окшойт. Көк өгүздү кубалап мен, Оолукканмын, Сардал кыз. Көк белестин жанынан, Жолуккамын, Сардал кыз Ак өгүзүм кубалап, Оолукканмын, Сардал кыз. Ак белестин жанынан, Жолукканмын, Сардал кыз. Кашка сулуу булактан, Суу аласың, Сардал кыз. Карала да моюн катардай, Чубаласың, Сардал кыз. Ак мөңгүлүү дайрадан, Суу аласың , Сардайл кыз. Ашыктыгым ансайын, Бураласың , Сардал кыз.