Казахские песни Узбекские песни

Каныкей.
 Слушать песни исполнителя и скачать онлайн

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители

Каныкей

  • Жайдын бир гана толук ай кезинде, ай, Адырлуу гана тоонун бетинде. Сан гүлдөн тандап бирди үзгөн, ай, Жайдары гана селки, ай эсимде. Ааа-иий,оо-о иий эсимде… Жайдын бир гана толук ай кезинде, ай, Адырлуу гана тоонун бетинде. Сан гүлдөн тандап бирди үзгөн, ай, Жайдары гана селки, ай эсимде. Ааа-иий,оо-о иий эсимде…
  • Не себептен, не себептен, Бактылуу күн бузулат? Туталанам, туталанам, Көзүмдөн жаш сызылат. Бакыт кушу, бакыт кушу, Учуп кетти колумдан. Ала кетти, ала кетти, Сүйүү отун кокустан. Кайырма: Жүрөк сыздайт, жүрөк сыздайт, Өткөн күндү эстесем. Таттуу күндөр, таттуу күндөр, Кетпей койду эсимден. Издеп күтөм, издеп күтөм, Сүйүүмдү мен алыстан. Бирок сүйүүм, бирок сүйүүм, Менден качат алыстап, алыстап. Ойлономун, ойлономун, Өткөн күндү элестетип. Өкүнөмүн, өкүнөмүн, Тагдырыма башымды ийип. Бар бакытты, бар бакытты, Учурупмун колумдан. Махабаттын көгүчкөнү, Кайрылбайт го жолунан.
  • Дүйнөнү сулуулук сактайт десе, Сезилчү баёо сезим ишеничте. Сулуулуктун жүзүн ача билүү, Чебердин колунан келген нерсе.
  • Жагалмайдай кайкып учуп бара албай, Жаш жүрөккө жагар дары таба албай. Ак кептерим, түтөбөйүн арманга, Кучак жайып, кумар жазып кала албай. Асманга учсаң мен да күтөм жолуңду, Ак маңдайым, кармасам дейм колуңду. Эч болбосо сен конуучу токойго, Жаным, секет, жая албадым торумду. «Күйсөң күй» деп кашты серпип күлгөнүң, Жанымды өрттөп, жал-жал карап жүргөнүң. Мынча неге түлкү куумай ойноттуң, Айтчы деги анык беле сүйгөнүң?
  • Биздин баштан нелер гана өтпөгөн, Сезимиңде жаш жүрөгүң өрттөнгөн. Айтайын деп дарманың жок айтышка, Башты салып кайра артка барышка. Биздин баштан нелер гана өтпөгөн, Сезимдерге нелер гана чөкпөгөн. «Жылуу кийин! Жолдор узак!»- дешчү эле, Кыйын күндө апаң жапкан нанды эсте! Кайырма: Сен кайгырба «көңүл калды» деп, «Өмүр жарды» деп, садага. Сага арналган ар бир күнүңдү теңебегин санаага! Кантсе да жашоо — белек! Таарынбагын, тагдыр өзү тараза, Таарынганда айтчы, жаным, не пайда? Бул күн өтүп, нечен күндөр таң атар, Өзүңдү өзүң кечире бил, садагам! Кайырма:
  • Знаю, ты ждешь и не поймешь, То, чем жила я, И не смогла. Не проси, не проси, не моя вина, Не проси, не проси, я уже ушла. Знаю, уйдешь (без слов), И не поймешь (того, что было). То, чем жила я, И не смогла. Не проси, не проси, не моя вина, Не проси, не проси, я уже ушла. (Жизнь тебя увела…) Знаю, ты ждешь и не поймешь, То, чем жила, И не смогла. Все равно люблю, Все равно люблю, Я люблю тебя…
  • Саргайган сарала Кайда, кайда Өмүр жебесиндей Учат сарсанага Саргайган сарала Кайда, кайда Өмүр жебесиндей учат сарсаанага Картайган ак маңдай Кайда, кайда Өмүр жебесиндей Учат урпактарга Ак таңдай жарган Адамдар мында мында Өмүр жебесинде Таазим кылат бабаларга
  • Билбепмин көздөрдүн картаярын жансыз айлардан, Билбепмин сөздөрдүн картаярын учкан шамалдан. Эмне үчүн тагдырлар табыша алышпайт өз убагында? Мезгил жетип сезимдер ачылганда, турмуш өз шамалында, Ойлорум тамчы агылды да калды. Билбепмин сезимдин картаярын үнсүз жамгырдан, Билбепмин шамалдын учурарын бизди ар тарапка. Эмне үчүн тагдырлар табыша алышпайт өз убагында? Мезгил жетип, сезимдер ачылганда, турмуш өз шамалында, Ойлорум тамчы агылды да калды.
  • Ойлорумдан кетпей койду ал өңдөр, Ойлондурду мени кайра ал түндөр. Бийиги чоң бурулбаган аскалар, Бурулбаса да, адамдар табышаар. Кайырма: Кайрылбай жандар кетсе, Капага малынган кезде, аай, Турналар учкан кезде, Туруп кала берсек эмне? Ойдуңү чоң орундалган агымдар, Оргуштап аккан күндөрдү да табаар. Асылы бар аргымактуу адамдар, Алтын жерден кетип кайра, кайда бараар. Кайырма: Тура албай калгандар, Кайра, кайда бара алаар. Мейли кетсе, бирок Тагдырлар жолугаар.
  • Каргалар кара нанга, Кол шилтеп конбойт. Кара чаң конгон жайга, Кимдер гана корголобойт. Айрылышка жол калган, Аргасызга арналган. Жаралар көп, жаралар көп, Айыпсыз армандар төп. Куурчактар билбейт жанды, Кара жыгач сезет аны. Картайган эч бир түн жок, Кайрылган күн көзү чок. Айрылышка жол калган, Аргасыз арналган. Жаралар көп, жаралар көп, Айыпсыз армандар төп.
  • Күлгүндү күнгө кактабайт, бегим Күмүштү күлгө таштабайт, бегим Сырганы сыңар сактабайт, бегим Сыр аяк турса аттабайт, бегим Күңгөйдө күкүк мен элем, бегим Күйкөгө качан жем , элем, бегим Кулаалы салбайт акууга, бегим Куп келген теңим сен элең, бегим
  • Жаш көпөлөк жаш учту, Жарты канатын бузду. Көпкөк болгон асманда, Сулуулугу бир жайга анын. Кайырма: Жаш жанын карч уруп, Жашады жан куруп. Жайы кышка айланган, Жаш көпөлөк кайда конду эми? Жаш көпөлөк жаш эле, Деп жамгыр ыйлайт неге? Жайы кышка айланган, Тагдыры ушундай беле анын? Кайырма: Жаш жанын карч уруп, Жашады жан куруп. Жайы кышка айланган, Жаш көпөлөк кайда конду эми?
  • Неге сен, неге сен жаш жүрөгүңдү кыйнадың. Жазды күтүп кеч күздө, жан оорутуп ыйладың. Бардыгы сен үчүн Кабагыңды бүркөбөчү Сага деп арналат, Чыккан күн таң зардан. Неге сен, неге сен өзүңдү өзүң сүйбөйсүң, Карангыга жашынып, неге калдың адашып. Бардыгы сен үчүн Кабагыңды бүркөбөчү Сага деп арналат, Чыккан күн таң зардан. Неге сен, неге сен — гүл өмүргө ишенбейсиң, Тарчылыкка малынган тагдырды “ташбоор” дейсиң. Убакыт термелет, Термелип жан кейитет Кайрымдуулук жашаган, Жан дүйнөңө жылуулук бер!
  • When the cool air Whispers tunes of love How come, how come With a flow of life Time takes away I breathe it deep When going away, going away… When the sun comes down I see the face of life My time, my time Will be Running away As life moves on Only one way, only one way When the drops of tears Falling out of joy Somehow, some how I’ll lose a touch Flying like an arrow I strike them all From the rainbow, from the rainbow