Казахские песни Узбекские песни

Песня «Курманжандын каты»
исполнителя Каныкей.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Күлгүндү күнгө кактабайт, бегим
Күмүштү күлгө таштабайт, бегим
Сырганы сыңар сактабайт, бегим
Сыр аяк турса аттабайт, бегим
Күңгөйдө күкүк мен элем, бегим
Күйкөгө качан жем , элем, бегим
Кулаалы салбайт акууга, бегим
Куп келген теңим сен элең, бегим

Другие песни исполнителя:

  • Не себептен, не себептен, Бактылуу күн бузулат? Туталанам, туталанам, Көзүмдөн жаш сызылат. Бакыт кушу, бакыт кушу, Учуп кетти колумдан. Ала кетти, ала кетти, Сүйүү отун кокустан. Кайырма: Жүрөк сыздайт, жүрөк сыздайт, Өткөн күндү эстесем. Таттуу күндөр, таттуу күндөр, Кетпей койду эсимден. Издеп күтөм, издеп күтөм, Сүйүүмдү мен алыстан. Бирок сүйүүм, бирок сүйүүм, Менден качат алыстап, алыстап. Ойлономун, ойлономун, Өткөн күндү элестетип. Өкүнөмүн, өкүнөмүн, Тагдырыма башымды ийип. Бар бакытты, бар бакытты, Учурупмун колумдан. Махабаттын көгүчкөнү, Кайрылбайт го жолунан.