Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жүрөк сыздайт»
исполнителя Каныкей.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Не себептен, не себептен,
Бактылуу күн бузулат?
Туталанам, туталанам,
Көзүмдөн жаш сызылат.
Бакыт кушу, бакыт кушу,
Учуп кетти колумдан.
Ала кетти, ала кетти,
Сүйүү отун кокустан.
Кайырма:
Жүрөк сыздайт, жүрөк сыздайт,
Өткөн күндү эстесем.
Таттуу күндөр, таттуу күндөр,
Кетпей койду эсимден.
Издеп күтөм, издеп күтөм,
Сүйүүмдү мен алыстан.
Бирок сүйүүм, бирок сүйүүм,
Менден качат алыстап, алыстап.
Ойлономун, ойлономун,
Өткөн күндү элестетип.
Өкүнөмүн, өкүнөмүн,
Тагдырыма башымды ийип.
Бар бакытты, бар бакытты,
Учурупмун колумдан.
Махабаттын көгүчкөнү,
Кайрылбайт го жолунан.

Другие песни исполнителя:

  • Мен эстеймин ар бир күндүн өңүн Эске түшөт ар түркүн өмүрүм Учкан ойго турмушум алсыз Жашаганга дарман жетпей жансыз Кайырма: Жансыз өмүр учат кайда, Жашагым келет, бирок жок айла. Тереңдикке түшкөн алсыз демим, Ойлондурат мени кайра-кайра Жансыз өмүр кайда… Кылт этип тамчы тамгада Кыян жүрүп сел өтчү Кыйналып өткөн жолоочуу Кылчайбасмын деп өтчү Тар кечүү, тайгак жолдо көрүшөбүз.
  • Ойлорумдан кетпей койду ал өңдөр, Ойлондурду мени кайра ал түндөр. Бийиги чоң бурулбаган аскалар, Бурулбаса да, адамдар табышаар. Кайырма: Кайрылбай жандар кетсе, Капага малынган кезде, аай, Турналар учкан кезде, Туруп кала берсек эмне? Ойдуңү чоң орундалган агымдар, Оргуштап аккан күндөрдү да табаар. Асылы бар аргымактуу адамдар, Алтын жерден кетип кайра, кайда бараар. Кайырма: Тура албай калгандар, Кайра, кайда бара алаар. Мейли кетсе, бирок Тагдырлар жолугаар.
  • Жашоо деген сандык экен, Сандыкты ачасың сен үмүт менен. Жашоомдун ар түрдүү кырдаалын, Мен бүгүн сага айтып берем. Ичтен сызып, сыртыман күлөмүн, Эмне себептен өзгөрүлдү өмүрүм? Кайырма: Жүрөгүм сыздап, ыйлады, Айтчы, эмнеден жаңылдым? Эмнеден адаштым, Эмнеден жаңылдым? Жүрөгүм сыздап, ыйлады, Күткөнүмдөй болбой калды, Эмнеден адаштым, Эмнеден жаңылдым? Өз тагдырымды табамын деп тай кылдым, Кечир жердешим, мен үлгүлүү боло албадым. Бирок, мага күндүн нуру жетпей кетет, Ата-журтум, жылуулугуң эңсеп келем. Кайырма: Жүрөгүм сыздап, ыйлады, Айтчы, эмнеден жаңылдым? Эмнеден адаштым, Эмнеден жаңылдым? Кара түндө жарык издейм адашсам да…