Казахские песни Узбекские песни

Песня «Ак кептерим»
исполнителя Каныкей.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жагалмайдай кайкып учуп бара албай,
Жаш жүрөккө жагар дары таба албай.
Ак кептерим, түтөбөйүн арманга,
Кучак жайып, кумар жазып кала албай.
Асманга учсаң мен да күтөм жолуңду,
Ак маңдайым, кармасам дейм колуңду.
Эч болбосо сен конуучу токойго,
Жаным, секет, жая албадым торумду.
«Күйсөң күй» деп кашты серпип күлгөнүң,
Жанымды өрттөп, жал-жал карап жүргөнүң.
Мынча неге түлкү куумай ойноттуң,
Айтчы деги анык беле сүйгөнүң?

Другие песни исполнителя:

  • Ойлорумдан кетпей койду ал өңдөр, Ойлондурду мени кайра ал түндөр. Бийиги чоң бурулбаган аскалар, Бурулбаса да, адамдар табышаар. Кайырма: Кайрылбай жандар кетсе, Капага малынган кезде, аай, Турналар учкан кезде, Туруп кала берсек эмне? Ойдуңү чоң орундалган агымдар, Оргуштап аккан күндөрдү да табаар. Асылы бар аргымактуу адамдар, Алтын жерден кетип кайра, кайда бараар. Кайырма: Тура албай калгандар, Кайра, кайда бара алаар. Мейли кетсе, бирок Тагдырлар жолугаар.
  • Не себептен, не себептен, Бактылуу күн бузулат? Туталанам, туталанам, Көзүмдөн жаш сызылат. Бакыт кушу, бакыт кушу, Учуп кетти колумдан. Ала кетти, ала кетти, Сүйүү отун кокустан. Кайырма: Жүрөк сыздайт, жүрөк сыздайт, Өткөн күндү эстесем. Таттуу күндөр, таттуу күндөр, Кетпей койду эсимден. Издеп күтөм, издеп күтөм, Сүйүүмдү мен алыстан. Бирок сүйүүм, бирок сүйүүм, Менден качат алыстап, алыстап. Ойлономун, ойлономун, Өткөн күндү элестетип. Өкүнөмүн, өкүнөмүн, Тагдырыма башымды ийип. Бар бакытты, бар бакытты, Учурупмун колумдан. Махабаттын көгүчкөнү, Кайрылбайт го жолунан.