Казахские песни Узбекские песни

Песня «Мекеним менин»
исполнителя Каныкей.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Сени сүйөм, сүйгөндүгүм сүттөн ак,
Сени сүйгөн тагдырыма ырахмат.
Бул жашоого жаралуу бир бакыт,
Бактым сенсиң.
Эгер үшүсөң, мен сени калкалайм,
Сага деген жанымды аябайм.
Аздектеген жашоомдун ак маңдайы,
Жаркыным менин.
Кайырма:
Мен кубанам жашоонун барына,
Сени менен бир болгон жазыма.
Сага окшош менин да мүнөзүм ай,
Жөлөгүң болоюн.
Мен кубанам өзүңдүн барыңа,
Жашоомо бек берген таңыңа.
Сен бар үчүн жашоо дагы нурданат,
Жашоо дагы нурданат.
Гүлдөй, гүлдөй өмүрлөр жайнаган,
Чексиз эркин жашооңо байланам.
Тоскоолдукту сен үчүн жеңе алам,
Кубатым сенсиң.
Кымбатсың сен баарынан туулган жерим,
Кыйналып, алсырасам арка бел.
Өркүндөй бер, өсө бер Кыргызстаным,
Мекеним менин.

Другие песни исполнителя:

  • Жагалмайдай кайкып учуп бара албай, Жаш жүрөккө жагар дары таба албай. Ак кептерим, түтөбөйүн арманга, Кучак жайып, кумар жазып кала албай. Асманга учсаң мен да күтөм жолуңду, Ак маңдайым, кармасам дейм колуңду. Эч болбосо сен конуучу токойго, Жаным, секет, жая албадым торумду. «Күйсөң күй» деп кашты серпип күлгөнүң, Жанымды өрттөп, жал-жал карап жүргөнүң. Мынча неге түлкү куумай ойноттуң, Айтчы деги анык беле сүйгөнүң?
  • Сен экөөбүз издешип жүрүп, табышканбыз, Тандаганыбыз бирдей болуп сезилгендей. Бул тагдыр эмес муну экөөбүз тандаганбыз, Келечектин кантип бүтөөрүн билбей. Жакшы көргөн адамың жаныңда жүрүп, Эмнеликтен өзгөрүп барат? Сен экөөбүз кимибизди алдаганбыз, Мага сенсиз сага менсиз жашоо жоктой? Бул тагдыр эмес муну экөөбүз тандаганбыз, Баш ийбей кыйынчылыктарга, жеңилбей. Жакшы көргөн адамың жаныңда жүрүп, Эмнеликтен өзгөрүп барат?. Кимибиз кимибизге эми өзгөрдүк, Бурулбаган тагдырды неге өзгөрттүк? Кимибиз, ким айтчы тагдыр айтчы, Мен эми кантип толуктайм, сен алып кетип калган жанды? Айтчы тагдыр айтчы, Мен эми кантип, Толуктайм сен алып кеткен жанды?
  • «Кыялымда» Жашырба жаз келээриң дагы да бир күн. Жараксыз күндөр калса да сезим түркүн Жашыймын көп эстеп мен ал күндөрдү Кырыңды салба тагдыр мендей жаш кызга Кайырма: Кыялымда, кыялымда Учсам дейм, консом дейм ар бир күндүн багына Оюмда жашаймын көгүлтүр асманда, Сынга алып канатымды жаралаба. Издегеним бар болуп жерден табылса, Конгонум болот турмуштун багына. Кайырма: