Казахские песни Узбекские песни

Песня «Неге сен?»
исполнителя Каныкей.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Неге сен, неге сен жаш жүрөгүңдү кыйнадың.
Жазды күтүп кеч күздө, жан оорутуп ыйладың.
Бардыгы сен үчүн
Кабагыңды бүркөбөчү
Сага деп арналат,
Чыккан күн таң зардан.
Неге сен, неге сен өзүңдү өзүң сүйбөйсүң,
Карангыга жашынып, неге калдың адашып.
Бардыгы сен үчүн
Кабагыңды бүркөбөчү
Сага деп арналат,
Чыккан күн таң зардан.
Неге сен, неге сен гүл өмүргө ишенбейсиң,
Тарчылыкка малынган тагдырды “ташбоор” дейсиң.
Убакыт термелет,
Термелип жан кейитет
Кайрымдуулук жашаган,
Жан дүйнөңө жылуулук бер!

Другие песни исполнителя:

  • Сени сүйөм, сүйгөндүгүм сүттөн ак, Сени сүйгөн тагдырыма ырахмат. Бул жашоого жаралуу бир бакыт, Бактым сенсиң. Эгер үшүсөң, мен сени калкалайм, Сага деген жанымды аябайм. Аздектеген жашоомдун ак маңдайы, Жаркыным менин. Кайырма: Мен кубанам жашоонун барына, Сени менен бир болгон жазыма. Сага окшош менин да мүнөзүм ай, Жөлөгүң болоюн. Мен кубанам өзүңдүн барыңа, Жашоомо бек берген таңыңа. Сен бар үчүн жашоо дагы нурданат, Жашоо дагы нурданат. Гүлдөй, гүлдөй өмүрлөр жайнаган, Чексиз эркин жашооңо байланам. Тоскоолдукту сен үчүн жеңе алам, Кубатым сенсиң. Кымбатсың сен баарынан туулган жерим, Кыйналып, алсырасам арка бел. Өркүндөй бер, өсө бер Кыргызстаным, Мекеним менин.
  • Дүйнөнү сулуулук сактайт десе, Сезилчү баёо сезим ишеничте. Сулуулуктун жүзүн ача билүү, Чебердин колунан келген нерсе.