Казахские песни Узбекские песни

Каныкей.
 Слушать песни исполнителя и скачать онлайн.
Страница 2

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители

Каныкей

  • Сен экөөбүз издешип жүрүп, табышканбыз, Тандаганыбыз бирдей болуп сезилгендей. Бул тагдыр эмес муну экөөбүз тандаганбыз, Келечектин кантип бүтөөрүн билбей. Жакшы көргөн адамың жаныңда жүрүп, Эмнеликтен өзгөрүп барат? Сен экөөбүз кимибизди алдаганбыз, Мага сенсиз сага менсиз жашоо жоктой? Бул тагдыр эмес муну экөөбүз тандаганбыз, Баш ийбей кыйынчылыктарга, жеңилбей. Жакшы көргөн адамың жаныңда жүрүп, Эмнеликтен өзгөрүп барат?. Кимибиз кимибизге эми өзгөрдүк, Бурулбаган тагдырды неге өзгөрттүк? Кимибиз, ким айтчы тагдыр айтчы, Мен эми кантип толуктайм, сен алып кетип калган жанды? Айтчы тагдыр айтчы, Мен эми кантип, Толуктайм сен алып кеткен жанды?
  • Жашоо деген сандык экен, Сандыкты ачасың сен үмүт менен. Жашоомдун ар түрдүү кырдаалын, Мен бүгүн сага айтып берем. Ичтен сызып, сыртыман күлөмүн, Эмне себептен өзгөрүлдү өмүрүм? Кайырма: Жүрөгүм сыздап, ыйлады, Айтчы, эмнеден жаңылдым? Эмнеден адаштым, Эмнеден жаңылдым? Жүрөгүм сыздап, ыйлады, Күткөнүмдөй болбой калды, Эмнеден адаштым, Эмнеден жаңылдым? Өз тагдырымды табамын деп тай кылдым, Кечир жердешим, мен үлгүлүү боло албадым. Бирок, мага күндүн нуру жетпей кетет, Ата-журтум, жылуулугуң эңсеп келем. Кайырма: Жүрөгүм сыздап, ыйлады, Айтчы, эмнеден жаңылдым? Эмнеден адаштым, Эмнеден жаңылдым? Кара түндө жарык издейм адашсам да…
  • «Кыялымда» Жашырба жаз келээриң дагы да бир күн. Жараксыз күндөр калса да сезим түркүн Жашыймын көп эстеп мен ал күндөрдү Кырыңды салба тагдыр мендей жаш кызга Кайырма: Кыялымда, кыялымда Учсам дейм, консом дейм ар бир күндүн багына Оюмда жашаймын көгүлтүр асманда, Сынга алып канатымды жаралаба. Издегеним бар болуп жерден табылса, Конгонум болот турмуштун багына. Кайырма:
  • Каждый день привет, Каждый день пока. Знаю, точно буду ждать, Лишь до твоего звонка. Не скажу пока, Не скажу потом. Я бы хотела жить, Дышать вдвоем. Кайырма: Знаю, точно не поймешь, Ты сейчас меня. Пройдет зима, Все равно буду ждать тебя. Улечу, улечу. Не было не раз, Нет любви про нас. Сочиняя жду себе, Твой навстречу шаг. Не скажу пока, Не скажу потом. Я бы хотела жить, Дышать вдвоем.
  • Осенний вечер. Улица пуста. Толпа людей в конце забытого проспекта. Сидит старик, вновь закурив, и сжав уста, А взгляд печальный потерявшись, плачет где-то… Вдали вершины гор бледнеют, видно еле… Торчит последний за дверями этаж… В локомотивах где-то там слегка заело… Смотрю на сизый затуманенный пейзаж. Кайырма: Город! Баю… Завтра день начнется новый Где же? Не знаю… Город – старый мой знакомый Город! Баю… Завтра завтраком накормят Где же? А-у-у… Город – старый мой знакомый Поет ворона гадкий «кар» в дуэте с эхом, Усталый город начинает тяжкий храп. В консервах едут пассажиры в ритме техно… Какой печальный и скучающий этап. Вдали вершины гор бледнеют, видно еле. Торчит последний за дверями этаж. В локомотивах где-то там слегка заело. Смотрю на сизый затуманенный пейзаж. Кайырма:
  • Ар бир күндүн аткан таңы, Турмуштун сага ызгаары. Жарты нанга жан сатылган, Зар жашоонун сен баласы. Ыркырашып аш талашып Күндөрүң өттү, Иттердин жанында. Эне сүтү ооздон кетпей, Жетим калдың сен талаада. Жалгыз жаның, Жат турмушта — Жашайсың сен – ырайымсыз. Жан кейитип, Көз жаш кетип, Денеңди саттын тыйынга. О турмуш, Неге ач талаага, Калтырдың жалгыз, Жалгыз балаңды? Кээ бирөөнө зар болгон бала, Бирөөлөргө — кор бала.
  • Мен эстеймин ар бир күндүн өңүн Эске түшөт ар түркүн өмүрүм Учкан ойго турмушум алсыз Жашаганга дарман жетпей жансыз Кайырма: Жансыз өмүр учат кайда, Жашагым келет, бирок жок айла. Тереңдикке түшкөн алсыз демим, Ойлондурат мени кайра-кайра Жансыз өмүр кайда… Кылт этип тамчы тамгада Кыян жүрүп сел өтчү Кыйналып өткөн жолоочуу Кылчайбасмын деп өтчү Тар кечүү, тайгак жолдо көрүшөбүз.
  • Сени сүйөм, сүйгөндүгүм сүттөн ак, Сени сүйгөн тагдырыма ырахмат. Бул жашоого жаралуу бир бакыт, Бактым сенсиң. Эгер үшүсөң, мен сени калкалайм, Сага деген жанымды аябайм. Аздектеген жашоомдун ак маңдайы, Жаркыным менин. Кайырма: Мен кубанам жашоонун барына, Сени менен бир болгон жазыма. Сага окшош менин да мүнөзүм ай, Жөлөгүң болоюн. Мен кубанам өзүңдүн барыңа, Жашоомо бек берген таңыңа. Сен бар үчүн жашоо дагы нурданат, Жашоо дагы нурданат. Гүлдөй, гүлдөй өмүрлөр жайнаган, Чексиз эркин жашооңо байланам. Тоскоолдукту сен үчүн жеңе алам, Кубатым сенсиң. Кымбатсың сен баарынан туулган жерим, Кыйналып, алсырасам арка бел. Өркүндөй бер, өсө бер Кыргызстаным, Мекеним менин.
  • Экөөбүз бири-бирибизге жарашчу элек, Мен ойлочу элем келечекте бирге болсок экен деп. Көрсө, тагдыр биз ойлогондой болбойт тура, Бактылуулар баалашып, таалайлуулар талашып, Кетип калат тура… Кайырма: Мен да түшүндүм сени, Сенин абалыңа келдим. Бирок анткен менен, Башкаларды күнөөлөгөн ката. Мен да түшүндүм сени, Сенин абалыңа келдим. Бирок анткен менен, Адамдын өзү татаал… Сен мага айтпа, сансыз убараланба, Мага караба, сезимге жараланба. Жолдор алыста, Жашоо, тагдыр, буйрук.
  • Куурчактарга барам Кумарымды жазам Сен эмнени ойлондуң? Мен да ошону ойлодум. Куурчактарга барам Кумарымды жазам. Мен куурчак, сен куурчак, Куурчакпызбы сезими жок?! Мен чарчадым көркоо адамдардан, Мен чарчадым куру ушактардан. Мен чарчадым калп күлгөндөн Мен чарчадым адепсиз сөздөрдөн.
  • Жашырбачы, жүрөк, жашырбачы, Жашка карек жамынбачы. Жайсыз калса да сен деп жүргөн күндөр, Жаш өмүрлөр сенсиз калат, түшүн. Кайырма: Жашка карек жамынбас болсочу, Жаш жүрөктөр наз болсочу. Кайра кайткан сезимге нук толсо да, Кайраттуулар бар болсочу. Жамынбачы, жүрөк, жамынбачы, Жансыз күнгө кайрылбачы. Айрылса да сенден жаш көңүлдөр, Ак сезимдер картайбасын, түшүн.