Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кара көз»
исполнителя Нурмат Садыров.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Сөзү : К.Бобуловдуку
Обону : Ч.Сатаевдики

Көздөрүң турат көзүмдө,
Көңүлүң барбы өзүмдө?
Көп жүрүп сендей жанды көрбөдүм,
Кыдырып, кыдырып дүйнө жүзүндө.
Кыдырып дүйнө жүзүндө, ай.

Көздөрүң сонун капкара,
Көргөндө жүрөк апкаара.
Толкундап кетем, кара көз,
Эмнеге кеттиңби,
Кеттиңби, жүрөк аңтара?
Жүрөгүм толкуйт апкаара, ий.

Пейилиң сонун алпейим,
Өзүңдү сүйүп, жан деймин.
Жылмайып койсоң, кара көз,
Сен мага, жүрөгүм,
Жүрөгүм толкуйт, кантейин?

Күлбөсөң күйөр асманым,
Күйүттө анда калганым.
Теңсинбей койдуң, кара көз, эмнеге,
Мен сага, тагдырга барбы жазганым?

Другие песни исполнителя:

  • Уктабай ар таңда уйкуңду жегизген, Үмүтүңдү актар бекем мен. Агарган чачыңдын ар талына карызмын, Апакем менин парызым. Кайырма: Оой, картайба көп жаша, Аай, жан апа. Оой, байлыгым апакем Аай, баары сен. Оорубай аман жүр, ак жүрөк апакем. Сүйүнтүп чыксаң дейм жүзгө. Жыргалың басканда жыттап, жыттап тайтайлап. Мээримиң чексиз апакем. Кайырма:
  • Ак Сардал кыз, Сардал кыз, Сен да жалгыз мен жалгыз. Берейин десем мал таңгыс, Бере албадым, Сардал кыз. Өтүгүңдүн өкчүүсү, Кылдан бекен Сардал кыз. Экөөбүздүн ортобуз, Зымдан бекен Сардал кыз. Көк боз аттын куйругу да, Күмүш десем кылга окшойт. Экөөбүздүн ортобуз, Күнчүлүк десем айга окшойт. Ак боз аттын куйругу, Алтын десем кылга окшойт. Экөөбүздүн ортобуз, Айчылык десем жылга окшойт. Көк өгүздү кубалап мен, Оолукканмын, Сардал кыз. Көк белестин жанынан, Жолуккамын, Сардал кыз Ак өгүзүм кубалап, Оолукканмын, Сардал кыз. Ак белестин жанынан, Жолукканмын, Сардал кыз. Кашка сулуу булактан, Суу аласың, Сардал кыз. Карала да моюн катардай, Чубаласың, Сардал кыз. Ак мөңгүлүү дайрадан, Суу аласың , Сардайл кыз. Ашыктыгым ансайын, Бураласың , Сардал кыз.
  • Тоолордо ак мөңгүсү жаркыраган, Таш-ташка суусу тийип шаркыраган. Абасы атыр чачып, гүл жыттанып, Ажайып жанга кубат тартуулаган. Кайырма: Айылым ай, жарыгым ай, Ар дайым сенде менин дайыным ай. Айылым ай, байырым ай, Алыстан эстеп сени, сагындым ай. Чаң жутуп, көпөлөк кууп кырдан кырга, Суу болгон оюн ойноп ак жамгырда. Балалык ойго түшсө кусаланып, Апамдын нанын эңсейм, ак тандырда. Кайырма: