Казахские песни Узбекские песни

Песня «Айылым»
исполнителя Нурмат Садыров.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Тоолордо ак мөңгүсү жаркыраган,
Таш-ташка суусу тийип шаркыраган.
Абасы атыр чачып, гүл жыттанып,
Ажайып жанга кубат тартуулаган.
Кайырма:
Айылым ай, жарыгым ай,
Ар дайым сенде менин дайыным ай.
Айылым ай, байырым ай,
Алыстан эстеп сени, сагындым ай.
Чаң жутуп, көпөлөк кууп кырдан кырга,
Суу болгон оюн ойноп ак жамгырда.
Балалык ойго түшсө кусаланып,
Апамдын нанын эңсейм, ак тандырда.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Күмүшүм элең, Күлүшүң менен, Күйүткө салып кетип калдың. Үмүтүм элең, Жүгүнүп келем, Бир арманга. Кайгы тарткан мендей барбы жан? Ойлор ээрчип калбай артыңан. Жүрөк ээси, эркесиң, Көңүл ыйын сезбедиң, Айтчы кайтып качан келесиң? Жүрөк ээси, эркесиң, Көңүл ыйын сезбедиң, Айтчы качан кайтып келесиң? Аныгын билип, Жаңылып сүйүп, Адашып, мен ишенип алып. Жазыксыз дүйнөм, Жалындап күйгөн, Сени табып. Кайгы тарткан мендей барбы жан? Ойлор ээрчип калбай артыңан. Жүрөк ээси, эркесиң, Көңүл ыйын сезбедиң, Айтчы кайтып качан келесиң? Жүрөк ээси, эркесиң, Көңүл ыйын сезбедиң, Айтчы кайра качан келесиң?
  • Кол жетпеген көктөгү, Көздөрүңдүн көркөмү. Кыялдарым дайым жарышта, Ай да нурун төккөнү, Ак булутту өпкөнү, Бийик учам сага барышка. Кайырма: Гүлүм, сага көңүлүм сенде гана, Кызганып турат кабагың түйүп мага. Жайна-жайна, ачылып гүлдөй жайна, Сүйүп баратат жүрөгүм сени гана. Өзүң болдуң эргиткен, Таңдан кечке ээрчиткен. Жан дүйнөмө сүйүү тартуулай, Балдай ширин сөздөрүң Эриндериң, көздөрүң Сени көрүп мен да өзгөрдүм. Кайырма: