Ак жамгырда сени издедим,
Жаным, үнүң угулат.
Көздөрүңө байланганмын,
Көргүм келет ар убак…
Ыйлаба, жүрөк,
Өкүнгөн менен пайда жок.
Ыза толгон күйүтүм бар,
Сен сезбейсиң, а бирок…
Ыйлаба, жүрөк, бүл күндөр өтөт,
Азыр жол таппай адашып жүрөт.
Ыйлаба, жүрөк, өзүңдү күтөт,
Өмүрүн арнаган жан…
Эсиңдеби эркем менин,
Эң алгачкы сезимдер?
Мезгилинде гүлүн ачкан
Жаным деген эриндер…