Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жан апа»
исполнителя Нурмат Садыров.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Уктабай ар таңда уйкуңду жегизген,
Үмүтүңдү актар бекем мен.
Агарган чачыңдын ар талына карызмын,
Апакем менин парызым.
Кайырма:
Оой, картайба көп жаша,
Аай, жан апа.
Оой, байлыгым апакем
Аай, баары сен.
Оорубай аман жүр, ак жүрөк апакем.
Сүйүнтүп чыксаң дейм жүзгө.
Жыргалың басканда жыттап, жыттап тайтайлап.
Мээримиң чексиз апакем.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Жүрөктү сууруп алдың, Жашоомду буруп алдың. Тартылып сыйкырыңа, Туруп калдым. Каректе күйүп кеттиң, Каныма кирип кеттиң. Күмүштөй шыңгыр этип, Күлүп өттүң. КАЙЫРМА: Сенин жүзүңдөгү сулуу меңиң, Сүйүүмдү козгоп менин, “Сүйөмүн” дедим. Сенин анар сымал бышкан эрдиң, Сезимимди козгоп менин, “Секетим”- дедим. Алтыны ашык жандын, Асманда басып калдым. Көзүңө бир жалт карап, Катып калдым. Балыктай туйладың го, Байкеңди кыйнадың го. Тутанган махабатым, Туйбадың го…
  • Карегиңден окуп турам, мени гана сүйөсүң, Карап койсом толкуп улам сыр билгизбей жүрөсүң. Көздөрүңдү ала качып, Көрбөй калсаң санаа басып, Карлыгачым тарта бербе убайым. Кайырма: Апакемди сүйүндүрүп, Ак шөкүлө, көйнөк кийип Акыр бир күн сен болосуң жубайым. Куп жарашкан, кол кармашкан биз болобуз эки жаш Жашырбастын, жалын чачкан жүрөгүңө эшик ач Сүйлөшпөйсүң кат жазасың, Сүрдөнөсүң, башкачасың, Анчалык көп назданба деп сурайын. Кайырма: Сандыгынан жоолук тандап, Эл чакырып боорсок камдап, Жеңелерим чуркап калсын ылайым. Апакемди сүйүндүрүп, Ак шөкүлө көйнөк кийип, Мына бүгүн сен болосуң жубайым.
  • Алтыным ак сүйүүңдү кимден катасың, Сезимдердин тазасын, жүрөгүмдөн табасың Башка жандарга алдаба алыс болсом дагы жанындан, Арзуум өчпөйт табынан ай жүзүңдү сагынам, сени сагынам алтыным Кайырма: Күттүм мен келбейт жаным дебе Айласыз жалгыз калдым дебе Бактыңды башка жанга байлап колуң бербе Түбөлүк болуп бир дайыма Аз калды барам бил жаныңа Үмүттү мага болгон үзүп жообун бербе. Алтыным, жолугушчу биздин күндөр бар, Капалыкка алдырба, жазда жааган жамгырдай Сүйүп жүзүңдөн мен барамын, сөздөрүңдөн кубат аламын Өчпөй күйүп жанамын, сезсең менин абалым Алтыным