Казахские песни Узбекские песни

Песня «Алтыным»
исполнителя Нурмат Садыров.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Алтыным ак сүйүүңдү кимден катасың,
Сезимдердин тазасын, жүрөгүмдөн табасың
Башка жандарга алдаба алыс болсом дагы жанындан,
Арзуум өчпөйт табынан ай жүзүңдү сагынам, сени сагынам алтыным
Кайырма:
Күттүм мен келбейт жаным дебе
Айласыз жалгыз калдым дебе
Бактыңды башка жанга байлап колуң бербе
Түбөлүк болуп бир дайыма
Аз калды барам бил жаныңа
Үмүттү мага болгон үзүп жообун бербе.
Алтыным, жолугушчу биздин күндөр бар,
Капалыкка алдырба, жазда жааган жамгырдай
Сүйүп жүзүңдөн мен барамын, сөздөрүңдөн кубат аламын
Өчпөй күйүп жанамын, сезсең менин абалым
Алтыным

Другие песни исполнителя:

  • с: Жылдызбек Турсунбаев о: Нияз Абдыразаков Капилет кез келип, Карашып туруп калдык чектелип. Карадым үн катпай, Каректен өткөн күндү эскерип. Каалоого жетпедик, Кантейин кетиптирсиң өзгөрүп. Биз тапкан сүйүүбүз, Бир кезде калган эле тепселип. Сен бактылуу, бактылуу жаша! Тагдырдын сыноосуна жараша… Бир сага, бир сага болгон, Мендеги махабат — дагы эле таптаза. Балалык убагым, Бар эле сени менен кыялым. Байкабай олтурсам, “Биз бирге бололу?”,- деп сурадың… А бирок ынагым, Бактыңды башка менен курадың. Алданган чагыңда, Билбепмин маңдайымдан чыгаарың.
  • Кылыктанган, сүйгөнүм, кызыгы сен дүйнөнүн, Эч нерсеге алмашкыс, сен жолуккан күндөрүм. Жүрөк сен деп какканда, көкөлөймүн асманга, Эң бактылуу күндөрүм сени менен бирге басканда. Кайырма: Карагат көздөрүң, карагат, Ак сүйүүм өзүңдөн аманат. Колумда тургансыйт жүрөгүм, Кокустан албагын жаралап. Аппагым, ай, аппагым, ак сүйүүмдү какпагын, Көп кыздардын ичинен көзүм түшүп тапканым. Ушул келген өмүрдү, өткөрөлү көңүлдүү, Таазим кылып сүйүүгө, таптым сендей сулуу перини. Кайырма:
  • Аллахым кечиргин, кечиргин, Атың билбей канча эсирдим… Аллахым — кечиргин кемдигим, Кулу болгом арсыз сезимдин. Кайырма: Ырыскыны берүүчү жалгыз — Алла, Касиети Курандын азык жанга. Кетсе дагы атагым алыстарга, Ыйманы жок дүйнөдөн жанымды алба. Аллахым — кабыл кыл тилегим, Алсыз жанмын аны билесиң. Аллахым ар күнүн сүйөмүн. Атын айтып соксун жүрөгүм
  • Тутантып жалынды, Тургузуп багымды. Туйганмын мен сенден, Турмушта барымды. Үмүтүм күбүлүп, Сүйүүдөн түңүлүп. Үлбүрөп турду эле, Кетчүдөй үзүлүп. Кайырма: Сүйгөн жүрөк сени күтөт, Сезимимде жашап келет. Жүрөктүн тагы, Жүдөттү дагы. Жабыркап турду эле, Жанбай шамы. Таштап кадам басып араң, Тартып жүгүн басып барам. Азгырган жоругу арзуунун жолубу? Айтпаган сүйөм деп ашыктык жообубу? Кайырма: