Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сен бактылуу жаша»
исполнителя Нурмат Садыров.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

с: Жылдызбек Турсунбаев
о: Нияз Абдыразаков

Капилет кез келип,
Карашып туруп калдык чектелип.
Карадым үн катпай,
Каректен өткөн күндү эскерип.

Каалоого жетпедик,
Кантейин кетиптирсиң өзгөрүп.
Биз тапкан сүйүүбүз,
Бир кезде калган эле тепселип.

Сен бактылуу, бактылуу жаша!
Тагдырдын сыноосуна жараша…
Бир сага, бир сага болгон,
Мендеги махабат — дагы эле таптаза.

Балалык убагым,
Бар эле сени менен кыялым.
Байкабай олтурсам,
“Биз бирге бололу?”,- деп сурадың…

А бирок ынагым,
Бактыңды башка менен курадың.
Алданган чагыңда,
Билбепмин маңдайымдан чыгаарың.

Другие песни исполнителя:

  • Сүйлөмүн махабаттын, Сүйүүнүн балын таттым. Сүттөн ак сезимдери, Сүйүүлөр айрылбасын. Кайырма: «Сагындым сени» деген күн өтсө, Сагыныч болсун терең жүрөктө. Сүйдүргөн, күйдүргөн, Сүйүүдө болбойт ченем, күнөө. Ашыктык ыры менен, Ааламга даңктап келем. Маңдайда болсун жазуу, Махабат, сүйүү деген. Кайырма: Жүрөктү жаралаган, Жамгырдай салаалаган. Акактай аруу сезим, Ааламды аралаган. Кайырма:
  • Аллахым кечиргин, кечиргин, Атың билбей канча эсирдим… Аллахым — кечиргин кемдигим, Кулу болгом арсыз сезимдин. Кайырма: Ырыскыны берүүчү жалгыз — Алла, Касиети Курандын азык жанга. Кетсе дагы атагым алыстарга, Ыйманы жок дүйнөдөн жанымды алба. Аллахым — кабыл кыл тилегим, Алсыз жанмын аны билесиң. Аллахым ар күнүн сүйөмүн. Атын айтып соксун жүрөгүм
  • Айым менин, күнүм дейин, жаным, Тунугумсуң тоо булагындай. Сүйдүрөсүң, күйдүрөсүң, жаным, Өзүңө мен жүрөм ашыккан. Кайырма: Кызгалдактай кулпурасың, ай, Сага жетпей кыйналамын, ай, Жаным, эй, жаным, эй, Күмүш күндөн төгүлөсүң, ай, Күн бетинен көрүнөсүң, ай. Жаным, эй, жаным, эй, Тилейм сага бар бакыттын баарын, Тагыласың сен тумарымдай. Жалдыратып жанымды өрткө салдың, Сүйгөнүм бул ырым сага арнайм. Кайырма:
  • Сенсиз сезилет күнүм жалгыз калгандай, Жүрөк согушу эми токтоп калгандай. Жакшы көрөм өзүңдү билесиңби, Жанып турган сүйүүмдү сен сездиңби? Кайырма: Оо-оо, көздөрүң сенин, Ээ-эй, ак сүйүүм сага арнайм. Мен издеп келем сүйүү пайдасын, Сен табаласың анын айласын. Жакшы көрөм өзүңдү билесиңби, Жанып турган сүйүүмдү сен сездиңби? Кайырма: Оо-оо, көздөрүң сенин, Ээ-эй, ак сүйүүм сага арнайм.
  • Деңиз бою, сентябрь, Махабат жана жамгыр. Биз өткөргөн ошондогу күндөр, Мен үчүн кино. Рояль түнү, маэстро, Ромео, Жульетта. Ресторанда биз жана сен сүйгөн, Алчалуу вино. Кайырма: Мен өзүмчө ошол күздөн, Биз экөөбүз бирге өткөргөн, Саргайыңкы кезди эңсеймин бүгүн. Романтика, фортуна, Жүрөктүн ортосунда. Махабатым менин китеп болуп, Жазылган роман. Сүйүү, балким, жалгандыр, Балким, ал күзгү жамгыр. Сен үчүн ал күндөр жаштык болсо, Мен үчүн арман. Кайырма: