Казахские песни Узбекские песни

Песня «Карагат көз»
исполнителя Нурмат Садыров.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Кылыктанган, сүйгөнүм, кызыгы сен дүйнөнүн,
Эч нерсеге алмашкыс, сен жолуккан күндөрүм.
Жүрөк сен деп какканда, көкөлөймүн асманга,
Эң бактылуу күндөрүм сени менен бирге басканда.

Кайырма:
Карагат көздөрүң, карагат,
Ак сүйүүм өзүңдөн аманат.
Колумда тургансыйт жүрөгүм,
Кокустан албагын жаралап.

Аппагым, ай, аппагым, ак сүйүүмдү какпагын,
Көп кыздардын ичинен көзүм түшүп тапканым.
Ушул келген өмүрдү, өткөрөлү көңүлдүү,
Таазим кылып сүйүүгө, таптым сендей сулуу перини.

Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Ак Сардал кыз, Сардал кыз, Сен да жалгыз мен жалгыз. Берейин десем мал таңгыс, Бере албадым, Сардал кыз. Өтүгүңдүн өкчүүсү, Кылдан бекен Сардал кыз. Экөөбүздүн ортобуз, Зымдан бекен Сардал кыз. Көк боз аттын куйругу да, Күмүш десем кылга окшойт. Экөөбүздүн ортобуз, Күнчүлүк десем айга окшойт. Ак боз аттын куйругу, Алтын десем кылга окшойт. Экөөбүздүн ортобуз, Айчылык десем жылга окшойт. Көк өгүздү кубалап мен, Оолукканмын, Сардал кыз. Көк белестин жанынан, Жолуккамын, Сардал кыз Ак өгүзүм кубалап, Оолукканмын, Сардал кыз. Ак белестин жанынан, Жолукканмын, Сардал кыз. Кашка сулуу булактан, Суу аласың, Сардал кыз. Карала да моюн катардай, Чубаласың, Сардал кыз. Ак мөңгүлүү дайрадан, Суу аласың , Сардайл кыз. Ашыктыгым ансайын, Бураласың , Сардал кыз.
  • Жүрөгүм, аячы мени мүрөгүм, Кусага сенсиз соолуп баткандай, Арзуусун айтып жаткандай… Алыстасын, жолукканга ашыга берем, Жаныңдан чыга албай келем. Дем,күч берген өмүрүмө сыйкыр күч белең? Өзүң деп мен жашап келем. Кайырма: Жүрөгүм, аячы мени мүрөгүм, Кусага сенсиз соолуп баткандай, Арзуусун айтып жаткандай… Сенсиз күндү элестете албаймын жаным, Сага мен теңебейм баарын. Сезим күчөп, алоолонуп каптады жалын, Таталы сүйүүнүн балын. Кайырма: Жанымдан эми кетпечи деги, Бир болуп дайым, көрүп баарын. Карааның келсе,кайгы жок менде , Деп жүргөн сөзүңдү эстеп…
  • Кара чачың, карындашым, өзгөчө татынасың, Улам сырдуу көз карашың, өзүңө тартып алдың. Назданып күлгөнүңдү сүйүп калдым. Кайырма: Мага жагат көздөрүң, Балдай ширин сөздөрүң. Кирпиктериң, Кичинекейим менин. Байкабадың, балапаным, жаныңа бара албадым, Жамгыр сымал салааладың, Жарыгым, жараладың. Назданып күлгөнүңдү сүйүп калдым. Кайырма: Мага жагат көздөрүң, Балдай ширин сөздөрүң. Кирпиктериң, Кичинекейим менин.