Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сен болосуң жубайым»
исполнителя Нурмат Садыров.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Карегиңден окуп турам, мени гана сүйөсүң,
Карап койсом толкуп улам сыр билгизбей жүрөсүң.
Көздөрүңдү ала качып,
Көрбөй калсаң санаа басып,
Карлыгачым тарта бербе убайым.
Кайырма:
Апакемди сүйүндүрүп,
Ак шөкүлө, көйнөк кийип
Акыр бир күн сен болосуң жубайым.
Куп жарашкан, кол кармашкан биз болобуз эки жаш
Жашырбастын, жалын чачкан жүрөгүңө эшик ач
Сүйлөшпөйсүң кат жазасың,
Сүрдөнөсүң, башкачасың,
Анчалык көп назданба деп сурайын.
Кайырма:
Сандыгынан жоолук тандап,
Эл чакырып боорсок камдап,
Жеңелерим чуркап калсын ылайым.
Апакемди сүйүндүрүп,
Ак шөкүлө көйнөк кийип,
Мына бүгүн сен болосуң жубайым.

Другие песни исполнителя:

  • Жаңы жыл келди жаркырап, Мөлтүрөп жалтырап, баягы. Аяз ата белек тартуулап, Эсте калтырат. Кел, Жаңы жыл, Бөбөктөргө белек тартуулап. Аяз кыз ар убак, Жылдар узап. Өмүрлөрдү берсин Жаңы жыл, Күлкү-шаттык, ыр, Ар бир үйдө. Кезигели батыраак, Жакшы тилек айтылат, Жаңы жылга тартуулап. Кайырма: Жаңы жыл жаңырган, Жүзүңөргө себелесин нурун. Жаңы жыл, Жаңы жыл, Кайгыдан айрылган. Жакшылыгын Жаратканым берсин, Жаңы жыл, Жаңы жыл, Бөбөктөргө белек тартуулап, Аяз кыз ар убак. Жылдар узап. Өмүрлөрдү берсин Жаңы жыл, Күлкү-шаттык, ыр Ар бир үйдө. Жаңы жыл келди жаркырап, Мөлтүрөп жалтырап, баягы. Аяз ата белек тартуулап, Эсте калтырат, кел, Жаңы жыл. Кайырма:
  • Жылдыз болуп күнүгө, Жарык чачат үйүмө. Сен бар үчүн дүйнөдө, Үйүм толо күлкүгө. Кайырма: Балам, балам, жан балам, Ананайын садагам. Элим аман болсун деп, Атыңды койдум Эламан. Аман, аман, Эламан, Гүл белемсиң, садагам? Жыттап, жыттап тойбоймун, Ананайын жытыңдан. Балдан ширин сөздөрүң, Бүлбүл жанган көздөрүң. Шириним, ай, шириним, Узун болсун өмүрүң. Кайырма: Ата-энеңдин бактына, Эр жетилгин, садага. Талыбастан канатың, Пайдаң тийсин журтуңа. Кайырма: