Казахские песни Узбекские песни

Песня «Ассалоому алейкум»
исполнителя Нурмат Садыров.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Алтыным ак сүйүүңдү кимден катасың, Сезимдердин тазасын, жүрөгүмдөн табасың Башка жандарга алдаба алыс болсом дагы жанындан, Арзуум өчпөйт табынан ай жүзүңдү сагынам, сени сагынам алтыным Кайырма: Күттүм мен келбейт жаным дебе Айласыз жалгыз калдым дебе Бактыңды башка жанга байлап колуң бербе Түбөлүк болуп бир дайыма Аз калды барам бил жаныңа Үмүттү мага болгон үзүп жообун бербе. Алтыным, жолугушчу биздин күндөр бар, Капалыкка алдырба, жазда жааган жамгырдай Сүйүп жүзүңдөн мен барамын, сөздөрүңдөн кубат аламын Өчпөй күйүп жанамын, сезсең менин абалым Алтыным
  • Карегиңден окуп турам, мени гана сүйөсүң, Карап койсом толкуп улам сыр билгизбей жүрөсүң. Көздөрүңдү ала качып, Көрбөй калсаң санаа басып, Карлыгачым тарта бербе убайым. Кайырма: Апакемди сүйүндүрүп, Ак шөкүлө, көйнөк кийип Акыр бир күн сен болосуң жубайым. Куп жарашкан, кол кармашкан биз болобуз эки жаш Жашырбастын, жалын чачкан жүрөгүңө эшик ач Сүйлөшпөйсүң кат жазасың, Сүрдөнөсүң, башкачасың, Анчалык көп назданба деп сурайын. Кайырма: Сандыгынан жоолук тандап, Эл чакырып боорсок камдап, Жеңелерим чуркап калсын ылайым. Апакемди сүйүндүрүп, Ак шөкүлө көйнөк кийип, Мына бүгүн сен болосуң жубайым.
  • Сөзү : К.Бобуловдуку Обону : Ч.Сатаевдики Көздөрүң турат көзүмдө, Көңүлүң барбы өзүмдө? Көп жүрүп сендей жанды көрбөдүм, Кыдырып, кыдырып дүйнө жүзүндө. Кыдырып дүйнө жүзүндө, ай. Көздөрүң сонун капкара, Көргөндө жүрөк апкаара. Толкундап кетем, кара көз, Эмнеге кеттиңби, Кеттиңби, жүрөк аңтара? Жүрөгүм толкуйт апкаара, ий. Пейилиң сонун алпейим, Өзүңдү сүйүп, жан деймин. Жылмайып койсоң, кара көз, Сен мага, жүрөгүм, Жүрөгүм толкуйт, кантейин? Күлбөсөң күйөр асманым, Күйүттө анда калганым. Теңсинбей койдуң, кара көз, эмнеге, Мен сага, тагдырга барбы жазганым?
  • с: Жылдызбек Турсунбаев о: Нияз Абдыразаков Капилет кез келип, Карашып туруп калдык чектелип. Карадым үн катпай, Каректен өткөн күндү эскерип. Каалоого жетпедик, Кантейин кетиптирсиң өзгөрүп. Биз тапкан сүйүүбүз, Бир кезде калган эле тепселип. Сен бактылуу, бактылуу жаша! Тагдырдын сыноосуна жараша… Бир сага, бир сага болгон, Мендеги махабат — дагы эле таптаза. Балалык убагым, Бар эле сени менен кыялым. Байкабай олтурсам, “Биз бирге бололу?”,- деп сурадың… А бирок ынагым, Бактыңды башка менен курадың. Алданган чагыңда, Билбепмин маңдайымдан чыгаарың.
  • Сени таптым менин сүйүктүүм, Көп издеп, азапка салдың кайра эле. Менин бактым эми ким үчүн жалындайт? Жана албай, жалганда жалгыздай, Күтөмүн жолуң карай, о-о-о. Кайырма: Айсулуу аярлуум элең, Жүрөктү эзген. Айсулуу калды так сенден, Калды так сенден… Мейли кеттиң мени унуттуң мөлтүрөп, Аябаган каректер. Сенин барың менин үмүтүм, сагынам, Санаам тынбай, сабалаган куштай Күтөмүн жолуң карай, о-о-о. Кайырма Жүрөмүн чыдап кыйналган күн өттү, Сыздатпа жүрөктү сен. Кайырма