Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кичинекейим»
исполнителя Нурмат Садыров.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Кара чачың, карындашым, өзгөчө татынасың,
Улам сырдуу көз карашың, өзүңө тартып алдың.
Назданып күлгөнүңдү сүйүп калдым.

Кайырма:
Мага жагат көздөрүң,
Балдай ширин сөздөрүң.
Кирпиктериң,
Кичинекейим менин.

Байкабадың, балапаным, жаныңа бара албадым,
Жамгыр сымал салааладың,
Жарыгым, жараладың.
Назданып күлгөнүңдү сүйүп калдым.

Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Күмүшүм элең, Күлүшүң менен, Күйүткө салып кетип калдың. Үмүтүм элең, Жүгүнүп келем, Бир арманга. Кайгы тарткан мендей барбы жан? Ойлор ээрчип калбай артыңан. Жүрөк ээси, эркесиң, Көңүл ыйын сезбедиң, Айтчы кайтып качан келесиң? Жүрөк ээси, эркесиң, Көңүл ыйын сезбедиң, Айтчы качан кайтып келесиң? Аныгын билип, Жаңылып сүйүп, Адашып, мен ишенип алып. Жазыксыз дүйнөм, Жалындап күйгөн, Сени табып. Кайгы тарткан мендей барбы жан? Ойлор ээрчип калбай артыңан. Жүрөк ээси, эркесиң, Көңүл ыйын сезбедиң, Айтчы кайтып качан келесиң? Жүрөк ээси, эркесиң, Көңүл ыйын сезбедиң, Айтчы кайра качан келесиң?
  • Ак жамгырда сени издедим, Жаным, үнүң угулат. Көздөрүңө байланганмын, Көргүм келет ар убак… Ыйлаба, жүрөк, Өкүнгөн менен пайда жок. Ыза толгон күйүтүм бар, Сен сезбейсиң, а бирок… Ыйлаба, жүрөк, бүл күндөр өтөт, Азыр жол таппай адашып жүрөт. Ыйлаба, жүрөк, өзүңдү күтөт, Өмүрүн арнаган жан… Эсиңдеби эркем менин, Эң алгачкы сезимдер? Мезгилинде гүлүн ачкан Жаным деген эриндер…
  • Керме каштуу селкилерге сунуп урматын, «Кыргыз кыз» деп жар салат ырчы Нурматың. Жыгылсам таяган, жалооруп аяган, Жылдыздуу пери кыз болчу курдашым. Кайырма: Жүрөгүмдүн ооругансып турат туш жагы, Жетпей сага көңүл чиркин канча сыздады? Ажары ченелбес, айга да теңелбес, Ааламда эң сулуу кыргыз кыздары. Каректери таң сыяктуу атса кылайып, Кылыгынан эркелеген таппайм бир айып. Кайыңдай суналган, кымча бел, буралган, Кыргыздын бир кызы мага ылайык… Кайырма: Сен жылмайсаң уялгансыйт көктө күн дайым, Ууртундагы уячаңа сүйүүм сунайын. Козгогон сезимди, кыргыз кыз өзүңдү, Апама алпарып келин кылайын. Кайырма: