Казахские песни Узбекские песни

Песня «Мугалим эже»
исполнителя Нурмат Садыров.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жактырдым сизди мугалим эже,
Көргөнү келем сизди мектепке.
Жашым жетпейт сизге сүйүү арноого,
Ай, билбейм эжеке, кантип айтам сүйүүмдү сизге?
Кайырма:
Мугалим эжекем ай, мугалим,
Алайын өзүңүздөн мен билим.
Дептериме жазайын мен сыялап,
Жүрөгүңүздө турайын мен уялап, эжеке…
Айырмаңыз жок экен го кызыл гүлдөн,
Суктанам го ууртуңузга сиздин күлгөн.
Сиздин берген сабагыңыз — сүйүү сабак,
Ай, кыялданам эжеке, жалгыз жигит мен сизди сүйгөн.

Другие песни исполнителя:

  • Тутантып жалынды, Тургузуп багымды. Туйганмын мен сенден, Турмушта барымды. Үмүтүм күбүлүп, Сүйүүдөн түңүлүп. Үлбүрөп турду эле, Кетчүдөй үзүлүп. Кайырма: Сүйгөн жүрөк сени күтөт, Сезимимде жашап келет. Жүрөктүн тагы, Жүдөттү дагы. Жабыркап турду эле, Жанбай шамы. Таштап кадам басып араң, Тартып жүгүн басып барам. Азгырган жоругу арзуунун жолубу? Айтпаган сүйөм деп ашыктык жообубу? Кайырма:
  • Жүрөктү сууруп алдың, Жашоомду буруп алдың. Тартылып сыйкырыңа, Туруп калдым. Каректе күйүп кеттиң, Каныма кирип кеттиң. Күмүштөй шыңгыр этип, Күлүп өттүң. КАЙЫРМА: Сенин жүзүңдөгү сулуу меңиң, Сүйүүмдү козгоп менин, “Сүйөмүн” дедим. Сенин анар сымал бышкан эрдиң, Сезимимди козгоп менин, “Секетим”- дедим. Алтыны ашык жандын, Асманда басып калдым. Көзүңө бир жалт карап, Катып калдым. Балыктай туйладың го, Байкеңди кыйнадың го. Тутанган махабатым, Туйбадың го…
  • Мен сүйгөн менен пайда жок, Кантейин, жаным, айлам жок. Көнбөдүң сүйүүң барчудай, Көңүлүм болду калчудай. Кайырма: Балбылдап көздөрүң кара-кара, Айта албайм сүйүүмдү сага гана. Айтайын, башканын кереги жок, Жылмайып жылуулук берчи мага. Сүйдүрдүң мени, сүйүктүүм, Сүйүп мен үзбөйм үмүтүм. Өзүңсүз өтсөм өмүрдөн, Арманым айтчы, ким үчүн? Кайырма:
  • Карегиңден окуп турам, мени гана сүйөсүң, Карап койсом толкуп улам сыр билгизбей жүрөсүң. Көздөрүңдү ала качып, Көрбөй калсаң санаа басып, Карлыгачым тарта бербе убайым. Кайырма: Апакемди сүйүндүрүп, Ак шөкүлө, көйнөк кийип Акыр бир күн сен болосуң жубайым. Куп жарашкан, кол кармашкан биз болобуз эки жаш Жашырбастын, жалын чачкан жүрөгүңө эшик ач Сүйлөшпөйсүң кат жазасың, Сүрдөнөсүң, башкачасың, Анчалык көп назданба деп сурайын. Кайырма: Сандыгынан жоолук тандап, Эл чакырып боорсок камдап, Жеңелерим чуркап калсын ылайым. Апакемди сүйүндүрүп, Ак шөкүлө көйнөк кийип, Мына бүгүн сен болосуң жубайым.