Казахские песни Узбекские песни

Песня «Мен сүйгөн менен пайда жок»
исполнителя Нурмат Садыров.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Мен сүйгөн менен пайда жок,
Кантейин, жаным, айлам жок.
Көнбөдүң сүйүүң барчудай,
Көңүлүм болду калчудай.
Кайырма:
Балбылдап көздөрүң кара-кара,
Айта албайм сүйүүмдү сага гана.
Айтайын, башканын кереги жок,
Жылмайып жылуулук берчи мага.
Сүйдүрдүң мени, сүйүктүүм,
Сүйүп мен үзбөйм үмүтүм.
Өзүңсүз өтсөм өмүрдөн,
Арманым айтчы, ким үчүн?
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Жүрөктү сууруп алдың, Жашоомду буруп алдың. Тартылып сыйкырыңа, Туруп калдым. Каректе күйүп кеттиң, Каныма кирип кеттиң. Күмүштөй шыңгыр этип, Күлүп өттүң. КАЙЫРМА: Сенин жүзүңдөгү сулуу меңиң, Сүйүүмдү козгоп менин, “Сүйөмүн” дедим. Сенин анар сымал бышкан эрдиң, Сезимимди козгоп менин, “Секетим”- дедим. Алтыны ашык жандын, Асманда басып калдым. Көзүңө бир жалт карап, Катып калдым. Балыктай туйладың го, Байкеңди кыйнадың го. Тутанган махабатым, Туйбадың го…
  • Биз барганда ээрчишип Айгүл тоого, Ай тийиптир эми эле аркы зоого. Ай алдында шамалга ыргалышат, Айга тосуп жүздөрүн өйдө боло. Кайырма: Айгүл гүлү өзүңдөй ачылыптыр, Ар бир сабы мончоктой гүлгө толо. Ааламдагы гүлдөрдүн ханышасы, Арнагым бар өзүңө ырга кошо. Айгүл дагы бизге окшоп сагынгандыр, Мээрим чачкан асманда жылдыз толо. Жоодураган көздөрүң гүлдөй жайнайт, Менин колум белиңе оролгондо. Кайырма: Биз өткөргөн кадыр түн Айгүл тоодо, Биринчи эмес миң ирет дагы болсо. Берер элем өмүрдү өзүң үчүн, Айгүлүмдөй тунугум керек болсо. Кайырма:
  • Алтыным ак сүйүүңдү кимден катасың, Сезимдердин тазасын, жүрөгүмдөн табасың Башка жандарга алдаба алыс болсом дагы жанындан, Арзуум өчпөйт табынан ай жүзүңдү сагынам, сени сагынам алтыным Кайырма: Күттүм мен келбейт жаным дебе Айласыз жалгыз калдым дебе Бактыңды башка жанга байлап колуң бербе Түбөлүк болуп бир дайыма Аз калды барам бил жаныңа Үмүттү мага болгон үзүп жообун бербе. Алтыным, жолугушчу биздин күндөр бар, Капалыкка алдырба, жазда жааган жамгырдай Сүйүп жүзүңдөн мен барамын, сөздөрүңдөн кубат аламын Өчпөй күйүп жанамын, сезсең менин абалым Алтыным