Казахские песни Узбекские песни

Песня «Айгүл гүлү»
исполнителя Нурмат Садыров.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Биз барганда ээрчишип Айгүл тоого,
Ай тийиптир эми эле аркы зоого.
Ай алдында шамалга ыргалышат,
Айга тосуп жүздөрүн өйдө боло.
Кайырма:
Айгүл гүлү өзүңдөй ачылыптыр,
Ар бир сабы мончоктой гүлгө толо.
Ааламдагы гүлдөрдүн ханышасы,
Арнагым бар өзүңө ырга кошо.
Айгүл дагы бизге окшоп сагынгандыр,
Мээрим чачкан асманда жылдыз толо.
Жоодураган көздөрүң гүлдөй жайнайт,
Менин колум белиңе оролгондо.
Кайырма:
Биз өткөргөн кадыр түн Айгүл тоодо,
Биринчи эмес миң ирет дагы болсо.
Берер элем өмүрдү өзүң үчүн,
Айгүлүмдөй тунугум керек болсо.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Күмүшүм элең, Күлүшүң менен, Күйүткө салып кетип калдың. Үмүтүм элең, Жүгүнүп келем, Бир арманга. Кайгы тарткан мендей барбы жан? Ойлор ээрчип калбай артыңан. Жүрөк ээси, эркесиң, Көңүл ыйын сезбедиң, Айтчы кайтып качан келесиң? Жүрөк ээси, эркесиң, Көңүл ыйын сезбедиң, Айтчы качан кайтып келесиң? Аныгын билип, Жаңылып сүйүп, Адашып, мен ишенип алып. Жазыксыз дүйнөм, Жалындап күйгөн, Сени табып. Кайгы тарткан мендей барбы жан? Ойлор ээрчип калбай артыңан. Жүрөк ээси, эркесиң, Көңүл ыйын сезбедиң, Айтчы кайтып качан келесиң? Жүрөк ээси, эркесиң, Көңүл ыйын сезбедиң, Айтчы кайра качан келесиң?
  • Табышмак сыңдуу, Таанышсак сулуу. Тилегим жалгыз, Таанышсак сулуу. Дарегиң издеп, Сураган жанмын. Дүйнөмдү бүтүн, Сен уялап алдың. Күлкүң, сүйкүм, Өзгөчө угулат. Күнүм, сүйүүм, Бир сага сунулат. Бир сага жүрөктөр чымырап, Жүргөнүң башкача, Жомоктой туюлат. Кайырма: Сен дедим сен дедим, Төгүлгөн нурдай, Көркөмүң сунган. Көздөрүң тартат, Көл болуп турган. Ал кыз сулуу перидей, Аны менен бирге жүрүүдөн эринбейм. Жүрөгүмдүн бөлүгүндө көрөм теңиндей. Бир болобуз айрылууда жеңилбей. Биздин сүйүү дайым ысык, Биз экөөбүз бирге бийлеп жайы-кышы. Белиңден кармап жан дүйнөмө жакын кызсың. Жыпар жыттуу, жүрөгүмдүн айыгышы. Сага махабатым белек. Өмүрүм сага берем. Мага сылык сөзүң менен, нурлуу көзүң керек. Көңүлүңдүн ачкычын ал, Алыс катып терең. Сен үчүн дүйнөдөгү кооз гүлдөрдү терем. Төгүлгөн нурдан, Көркөмүн сунган. Көздөрүң тартат, Көл болуп турган.
  • Көрүп калдым мен бир кызды, Айта албадым мен бир сырды сага. Артынан мен жүрөм дале, махабатым, Качан жетем сага? Кайырма: Көздөрүңдөн жылдыз жанат, Менин сүйүүм бир ашыгат сага. Жүрөгүмдөн айта албадым, Сүйөмүн деп айта албадым сага, Сүйөмүн деп айта албадым сага. Ыр курадым сага, жаным, Арманымды мен айтпадым сага. Кумарланат жаш жүрөгүм, Арман, ай, деп мен ырдаймын сага.