Казахские песни Узбекские песни

Песня «Адамзат»
исполнителя Нурмат Садыров.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Махабаттын жылдыздары,
Жайнап турсун ай-асманда.
Көңүл кайра табылбас,
Эмне жетсин кадырлашканга?
Кайырма:
Адамзат жаман иш кылбайлы!
Ансыз да өмүр аз турбайбы…
Тартпайлы болбоско муң-кайгы,
Эй, адамзат!
Арылып тескери адаттан,
Алдыга учалы канатчан,
Ар дайым колдосун Жараткан,
Эй, адамзат!
Дүйнө көздү кызыктырат,
Алтын сымал ай жылтылдап.
Тилегеним ар үйгө,
Орноп турсун бакыт, ынтымак!
Кайырма:
Күрөшкөн талбастан – адамзат,
Күн сайын алмашкан – адамзат!
Жер кезип, жол баскан – адамзат,
Жашоо деп кармашкан – адамзат!

Другие песни исполнителя:

  • Айым менин, күнүм дейин, жаным, Тунугумсуң тоо булагындай. Сүйдүрөсүң, күйдүрөсүң, жаным, Өзүңө мен жүрөм ашыккан. Кайырма: Кызгалдактай кулпурасың, ай, Сага жетпей кыйналамын, ай, Жаным, эй, жаным, эй, Күмүш күндөн төгүлөсүң, ай, Күн бетинен көрүнөсүң, ай. Жаным, эй, жаным, эй, Тилейм сага бар бакыттын баарын, Тагыласың сен тумарымдай. Жалдыратып жанымды өрткө салдың, Сүйгөнүм бул ырым сага арнайм. Кайырма:
  • Алтыным ак сүйүүңдү кимден катасың, Сезимдердин тазасын, жүрөгүмдөн табасың Башка жандарга алдаба алыс болсом дагы жанындан, Арзуум өчпөйт табынан ай жүзүңдү сагынам, сени сагынам алтыным Кайырма: Күттүм мен келбейт жаным дебе Айласыз жалгыз калдым дебе Бактыңды башка жанга байлап колуң бербе Түбөлүк болуп бир дайыма Аз калды барам бил жаныңа Үмүттү мага болгон үзүп жообун бербе. Алтыным, жолугушчу биздин күндөр бар, Капалыкка алдырба, жазда жааган жамгырдай Сүйүп жүзүңдөн мен барамын, сөздөрүңдөн кубат аламын Өчпөй күйүп жанамын, сезсең менин абалым Алтыным