Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кайда кеттиң?»
исполнителя Нурмат Садыров.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Жактырдым сизди мугалим эже, Көргөнү келем сизди мектепке. Жашым жетпейт сизге сүйүү арноого, Ай, билбейм эжеке, кантип айтам сүйүүмдү сизге? Кайырма: Мугалим эжекем ай, мугалим, Алайын өзүңүздөн мен билим. Дептериме жазайын мен сыялап, Жүрөгүңүздө турайын мен уялап, эжеке… Айырмаңыз жок экен го кызыл гүлдөн, Суктанам го ууртуңузга сиздин күлгөн. Сиздин берген сабагыңыз — сүйүү сабак, Ай, кыялданам эжеке, жалгыз жигит мен сизди сүйгөн.
  • Жүрөгүмдүн түбүнөн орун алып, Көз алдыма жалгыз сен кулпурасың. Ансыз деле жарадар жүрөгүмдү, Неге мынча кыйнайсың? Кайырма: Жазым, ай, мөлтүрөгөн көздөрүңө жашырбай, Кереметин сүйүүмдүн мага берчи. Жазым, ай, жалгыздыктын кучагына кабылбай, Арначы бакытты сенден күткөн, Өзүңдү сагындым, ай. Сүрөтүңдү карасам нурданасың, Көзүң күлүп, сен мага жылмаясың. Сагындырбай алыстан мага келип, Качан сүйүү сунасың? Кайырма:
  • Биз барганда ээрчишип Айгүл тоого, Ай тийиптир эми эле аркы зоого. Ай алдында шамалга ыргалышат, Айга тосуп жүздөрүн өйдө боло. Кайырма: Айгүл гүлү өзүңдөй ачылыптыр, Ар бир сабы мончоктой гүлгө толо. Ааламдагы гүлдөрдүн ханышасы, Арнагым бар өзүңө ырга кошо. Айгүл дагы бизге окшоп сагынгандыр, Мээрим чачкан асманда жылдыз толо. Жоодураган көздөрүң гүлдөй жайнайт, Менин колум белиңе оролгондо. Кайырма: Биз өткөргөн кадыр түн Айгүл тоодо, Биринчи эмес миң ирет дагы болсо. Берер элем өмүрдү өзүң үчүн, Айгүлүмдөй тунугум керек болсо. Кайырма: