Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жазым»
исполнителя Нурмат Садыров.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жүрөгүмдүн түбүнөн орун алып,
Көз алдыма жалгыз сен кулпурасың.
Ансыз деле жарадар жүрөгүмдү,
Неге мынча кыйнайсың?
Кайырма:
Жазым, ай, мөлтүрөгөн көздөрүңө жашырбай,
Кереметин сүйүүмдүн мага берчи.
Жазым, ай, жалгыздыктын кучагына кабылбай,
Арначы бакытты сенден күткөн,
Өзүңдү сагындым, ай.
Сүрөтүңдү карасам нурданасың,
Көзүң күлүп, сен мага жылмаясың.
Сагындырбай алыстан мага келип,
Качан сүйүү сунасың?
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Ак жамгырда сени издедим, Жаным, үнүң угулат. Көздөрүңө байланганмын, Көргүм келет ар убак… Ыйлаба, жүрөк, Өкүнгөн менен пайда жок. Ыза толгон күйүтүм бар, Сен сезбейсиң, а бирок… Ыйлаба, жүрөк, бүл күндөр өтөт, Азыр жол таппай адашып жүрөт. Ыйлаба, жүрөк, өзүңдү күтөт, Өмүрүн арнаган жан… Эсиңдеби эркем менин, Эң алгачкы сезимдер? Мезгилинде гүлүн ачкан Жаным деген эриндер…
  • Сөзү : К.Бобуловдуку Обону : Ч.Сатаевдики Көздөрүң турат көзүмдө, Көңүлүң барбы өзүмдө? Көп жүрүп сендей жанды көрбөдүм, Кыдырып, кыдырып дүйнө жүзүндө. Кыдырып дүйнө жүзүндө, ай. Көздөрүң сонун капкара, Көргөндө жүрөк апкаара. Толкундап кетем, кара көз, Эмнеге кеттиңби, Кеттиңби, жүрөк аңтара? Жүрөгүм толкуйт апкаара, ий. Пейилиң сонун алпейим, Өзүңдү сүйүп, жан деймин. Жылмайып койсоң, кара көз, Сен мага, жүрөгүм, Жүрөгүм толкуйт, кантейин? Күлбөсөң күйөр асманым, Күйүттө анда калганым. Теңсинбей койдуң, кара көз, эмнеге, Мен сага, тагдырга барбы жазганым?
  • Жылдыз болуп күнүгө, Жарык чачат үйүмө. Сен бар үчүн дүйнөдө, Үйүм толо күлкүгө. Кайырма: Балам, балам, жан балам, Ананайын садагам. Элим аман болсун деп, Атыңды койдум Эламан. Аман, аман, Эламан, Гүл белемсиң, садагам? Жыттап, жыттап тойбоймун, Ананайын жытыңдан. Балдан ширин сөздөрүң, Бүлбүл жанган көздөрүң. Шириним, ай, шириним, Узун болсун өмүрүң. Кайырма: Ата-энеңдин бактына, Эр жетилгин, садага. Талыбастан канатың, Пайдаң тийсин журтуңа. Кайырма:
  • Биз барганда ээрчишип Айгүл тоого, Ай тийиптир эми эле аркы зоого. Ай алдында шамалга ыргалышат, Айга тосуп жүздөрүн өйдө боло. Кайырма: Айгүл гүлү өзүңдөй ачылыптыр, Ар бир сабы мончоктой гүлгө толо. Ааламдагы гүлдөрдүн ханышасы, Арнагым бар өзүңө ырга кошо. Айгүл дагы бизге окшоп сагынгандыр, Мээрим чачкан асманда жылдыз толо. Жоодураган көздөрүң гүлдөй жайнайт, Менин колум белиңе оролгондо. Кайырма: Биз өткөргөн кадыр түн Айгүл тоодо, Биринчи эмес миң ирет дагы болсо. Берер элем өмүрдү өзүң үчүн, Айгүлүмдөй тунугум керек болсо. Кайырма: