Казахские песни Узбекские песни

Песня «Торгоюм»
исполнителя Нурмат Садыров.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Сенсиң менин торгоюм,
Суук көздөн коргоюн.
Ысыгыңа жылытчы,
Суугуңа тоңбоюн.
Сенсиң менин торгоюм,
Суук көздөн коргоюн,
Ашык болдум жалындап,
Калпы болсо оңбоюн.
Сенсиң менин торгоюм,
Гүлдөй болуп соолбоюн.
Ысыгыңа жылытчы,
Суугуңа тоңбоюн.
Сенсиң менин торгоюм,
Күндөп-түндөп ойлоюн.
Ишенип кой сөзүмө,
Калпы болсо оңбоюн.
Менин ырчы торгоюм,
Жолугууну болжоюн.
Алтынчы күн — кадыр түн,
Карап күтөм жол боюн.
Сен торгоюм — сүйгөнүм,
Арнап өмүр гүлдөрүн.
Бир басалы гүл бакта,
Тыңшап торгой үндөрүн.
Ырахат го жаш кезде,
Күлүп-ойноп жүргөнүң.
Саймалайлы жылдыздай,
Жашообуздун түндөрүн.
Жалын болуп жаркылда,
Чагылгандай чартылда.
Көл үстүндө ойногон,
Ак булуттай калкылда,
Канат күүлө, күү чалып.
Ойноп-күлүп жаркылда,
Кадырлашып өтөлү,
Көңүлгө кир калтырба.
Көңүл куруп, күү чалып,
Күлүп-бийлеп, үн салып.
Менин сүйгөнүм торгоюм,
Эмгек жолун бир чалып.
Айыл ичин гүлдөтүп,
Обон созуп ырдашып.
Жаркылдаган жаштык кез,
Кете электе кырды ашып.
Өмүр суусун кечели,
Жабык сырды чечели.
Ак таң болуп нурданып,
Аппак гүлдү терели.
Ак нан болсо ыр болот,
Сүйүп дайым жешели.
Ден соолукта каткырып,
Соо жүрөлү дешели.

Другие песни исполнителя:

  • Сөзү : К.Бобуловдуку Обону : Ч.Сатаевдики Көздөрүң турат көзүмдө, Көңүлүң барбы өзүмдө? Көп жүрүп сендей жанды көрбөдүм, Кыдырып, кыдырып дүйнө жүзүндө. Кыдырып дүйнө жүзүндө, ай. Көздөрүң сонун капкара, Көргөндө жүрөк апкаара. Толкундап кетем, кара көз, Эмнеге кеттиңби, Кеттиңби, жүрөк аңтара? Жүрөгүм толкуйт апкаара, ий. Пейилиң сонун алпейим, Өзүңдү сүйүп, жан деймин. Жылмайып койсоң, кара көз, Сен мага, жүрөгүм, Жүрөгүм толкуйт, кантейин? Күлбөсөң күйөр асманым, Күйүттө анда калганым. Теңсинбей койдуң, кара көз, эмнеге, Мен сага, тагдырга барбы жазганым?
  • Кара чачың, карындашым, өзгөчө татынасың, Улам сырдуу көз карашың, өзүңө тартып алдың. Назданып күлгөнүңдү сүйүп калдым. Кайырма: Мага жагат көздөрүң, Балдай ширин сөздөрүң. Кирпиктериң, Кичинекейим менин. Байкабадың, балапаным, жаныңа бара албадым, Жамгыр сымал салааладың, Жарыгым, жараладың. Назданып күлгөнүңдү сүйүп калдым. Кайырма:
  • Жаңы жыл келди жаркырап, Мөлтүрөп жалтырап, баягы. Аяз ата белек тартуулап, Эсте калтырат. Кел, Жаңы жыл, Бөбөктөргө белек тартуулап. Аяз кыз ар убак, Жылдар узап. Өмүрлөрдү берсин Жаңы жыл, Күлкү-шаттык, ыр, Ар бир үйдө. Кезигели батыраак, Жакшы тилек айтылат, Жаңы жылга тартуулап. Кайырма: Жаңы жыл жаңырган, Жүзүңөргө себелесин нурун. Жаңы жыл, Жаңы жыл, Кайгыдан айрылган. Жакшылыгын Жаратканым берсин, Жаңы жыл, Жаңы жыл, Бөбөктөргө белек тартуулап, Аяз кыз ар убак. Жылдар узап. Өмүрлөрдү берсин Жаңы жыл, Күлкү-шаттык, ыр Ар бир үйдө. Жаңы жыл келди жаркырап, Мөлтүрөп жалтырап, баягы. Аяз ата белек тартуулап, Эсте калтырат, кел, Жаңы жыл. Кайырма: