Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жаны жыл»
исполнителя Эрлан Андашев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Ала-Тоо ак калпагын кийген кезде, Аскасы көк асманга тийген кезде. Мен дагы жолго чыгам таңды тосо, Кучактайм ой-кырларын нурга кошо. Улуусуң, кыргыз жери, нурдан бүткөн, Сулуусуң, кыргыз жери, ырдан бүткөн. Ысык-Көл жердин көркү, кырлар кашы, Адырлар көкүрөгү, токой чачы. Дайралар кан тамыры, чоку таажы, Седеби, топчулары, ар бир ташы. Кең жүздүү, гүл денелүү кыргыз жери, Күн жүздүү, берекелүү кыргыз жери. Жылдыздар көк бетинен өчкөн кезде, Жарык нур жер жамалын өпкөн кезде. Көл чалкып, тоолор койнун ачкан кезде, Дил жаркып, таң күлкүсүн чачкан кезде. Көркүңө көрк кошулат, кыргыз жери, Сезилет ата-энелик мээримдери.
  • Жалгыздык мени азапка салды, Кайгыга баттым, кусамын. Өмүрүм менин бук болуп калды, Татамбы деги мазасын? Жартынын баары жуп болуп алды, Эмнеге азыр жалгызмын? Кайырма: Ай-ай, ай-ий. Өмүр берилет адамга, Турмуш бизди сынаганга. Тагдыр — бул буйрук адамга, Өмүр, турмуш, тагдыр татаал нерсе турбайбы. Өмүрүңдүн гүлү жалгыз гүлдөбөйт, Жупсуз аның жемиш берип гүлдөбөйт. Жалгыз адам куурап жаткан дарактай, Шеригин бер ага, күндү санабай. О, Жараткан, жалгыз кылба, Түгөйүн бер адамга. Өмүр даамын сезип алсын, Жалгыздыкта кууратпа. Үмүтүм менин от болуп жанды, Кайдасың, менин жалгызым? Саргайган күндөн болгончо каччы, Жолукчу мага, жалгызым! Кайырма:
  • Сыйкырлап бүт сезимди Каректериң көлбү же кең деңизби Эңсеген кыялымдагы Махабатым сен мага эми келдиңби Сыйкырдуу көз карашың Жүрөгүмдүн таптыбы бир айласын Арбалып баратам мен Айтчы жаным жүрдүң эле деги кайда сен Кайырма: Өмүрдө издеп жүргөн менин теңим сен белең Тартуулап ак сүйүүндү жаным мага берсең Күткөнмүн мен да сени көпкө асылым эркем Аздектеп ак сүйүүндү эми өзүңө берем Бир өзүңө берем Аярлуу гүл дүйнөмдүн Багбаны сен болуп мен сүйгөнүм Гүл ачып жан дүйнөмдө Түбөлүк бактылуу өмүр сүрөйүн Байырлап жүрөгүмдү Жаным сен гүлдөтчү күндөрүмдү Бир согуп жүрөгүбүз Кош канаттай бактылуу жүрөлу биз