Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жалгызыдык»
исполнителя Эрлан Андашев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жалгыздык мени азапка салды,
Кайгыга баттым, кусамын.
Өмүрүм менин бук болуп калды,
Татамбы деги мазасын?
Жартынын баары жуп болуп алды,
Эмнеге азыр жалгызмын?
Кайырма:
Ай-ай, ай-ий.
Өмүр берилет адамга,
Турмуш бизди сынаганга.
Тагдыр бул буйрук адамга,
Өмүр, турмуш, тагдыр татаал нерсе турбайбы.
Өмүрүңдүн гүлү жалгыз гүлдөбөйт,
Жупсуз аның жемиш берип гүлдөбөйт.
Жалгыз адам куурап жаткан дарактай,
Шеригин бер ага, күндү санабай.
О, Жараткан, жалгыз кылба,
Түгөйүн бер адамга.
Өмүр даамын сезип алсын,
Жалгыздыкта кууратпа.
Үмүтүм менин от болуп жанды,
Кайдасың, менин жалгызым?
Саргайган күндөн болгончо каччы,
Жолукчу мага, жалгызым!
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Ошол күнү толкунданып отурдум, Күндөр өттү, жалгыз сени ойлоймун. Жан дүйнөмө жарык берип бир өзүң, Ак сүйүүнү жүрөгүмө орноттуң. Көрдүм сени, көңүлүмө сен жактың, Сага арнап чын жүрөктөн ыр жаздым. Көрүшкөндө тик карабай көзүңө, Уялдым, көздөрүмдү алып качтым. Кайырма: Сүйүп калдым, кантейин? Сүйүп калдым, мен кантейин? Сүйүп калдым, кантейин? Сүйүп калдым, мен кантейин? Пайда болуп түшүнүксүз бир сезим, Сени жактырып калганымды сездим. Кантем, айтчы, сүйүп калган окшоймун? Көргүм келип сени гана издеймин. Менин сүйүүм эмне үчүн кайгылуу? Неге сүйүүдөн боло албаймын бактылуу? Сүйүп калдым, бирок жетпешимди билемин, Деги айтчы, эмнеге бүтпөйт сагынуу? Кайырма: Түн уйкумду сага арнап, уктабай, Жөнөкөй мүнөзүңө мен, ай, суктанып. Сүйүп туруп каламынбы жете албай? Кетесиңби жаш жүрөктү ыйлатып? Эгер сүйсөм, кантип айтпайм жашырып, Жүрөгүмдө ошол сезим жашаса. Көргүм келип жүрөм сени сагынып, Бирге бассак кол кармашып жанаша. Кайырма:
  • Сени сүйөм жүрөгүмдөн, бир өзүң сен өзгөчөм! Сени гүлүм, кызгалдагым, кызганамын өзгөдөн. Сага берсин түбөлүктүү бакытты, самаганым бул көздөгөн. Сени менен канат байлап, учкум келет асманга. Сени менен кандай бакыт, күндү көрүү ак таңда. Мага бакыт жолуктуруп өзүңдү, Махабатымды тапканга. Кайырма: Экөөбүз, бөлүнбөгөн эгиз жандарбыз, Сүйүүбүз түбөлүккө калсын сакталып. Өзүң барда жарык түн да, жанып күн да ар качан. Өзүң барда жылдыз толот, түндө асман жайнаган. Карап бүтпөйм сууктанамын садагам, карегиңен мен айланам. Сенин барың,менин багым, экенин мен билемин. Сенин барың,менин барым, жашап сен деп жүрөмүн. Сени жаным балбылдаган от болуп, Көздөрүңдү мен сүйөмүн.
  • Күн дейинби сени күндөйүм, Гүл дейинби кызыл гүлдөйүм. Баары, баары сага жарашат, Эмне дейин айтчы ким дейин? Күнүм десең жарык чачайын, Гүлүм десең гүлдөп ачайын. Эркелетсең мейли эмне деп, Эркең болуп сенин жашайын. Кайырма; Жаныңда жаным, Сенин болоюн. Багына бактым, Барып коноюн. Тыңшачы жаным, Ортобуздагы. Жаңырып жаткан, Сүйүү обонун. Ай дейинби сени айдайым, Асел дейим ширин балдайым. Аруузатым арзуу сезимди, Ак сүйүүмдү сага арнайын. Айым десең түндө төлөйүн, Асманыңа бийик коноюн. Жол көрсөтүп сага түндөсү, Жарыгың мен сенин болоюн. Кайырма;
  • Сыйкырлап бүт сезимди Каректериң көлбү же кең деңизби Эңсеген кыялымдагы Махабатым сен мага эми келдиңби Сыйкырдуу көз карашың Жүрөгүмдүн таптыбы бир айласын Арбалып баратам мен Айтчы жаным жүрдүң эле деги кайда сен Кайырма: Өмүрдө издеп жүргөн менин теңим сен белең Тартуулап ак сүйүүндү жаным мага берсең Күткөнмүн мен да сени көпкө асылым эркем Аздектеп ак сүйүүндү эми өзүңө берем Бир өзүңө берем Аярлуу гүл дүйнөмдүн Багбаны сен болуп мен сүйгөнүм Гүл ачып жан дүйнөмдө Түбөлүк бактылуу өмүр сүрөйүн Байырлап жүрөгүмдү Жаным сен гүлдөтчү күндөрүмдү Бир согуп жүрөгүбүз Кош канаттай бактылуу жүрөлу биз
  • Ай чырайлуу назик асыл жан Айперим! Ак таңымсың аткан татынам Айперим! Арзыттырып мени алдың го Айперим! Ашык болуп сага калдым го Айперим! Кайырма: Кашы кара, Көздөрү да кара. Көзүм түштү сага Көңүлүм бар менин. Күлчү кана, Күлгө айлансын санаа Айперим! Ажарыңа сенин багынам Айперим! Алоолонгон ысык табынан Айперим! Ааламдагы жарык сенсиң ал Айперим? Асман карап күткөн менмин ал Айперим. Кайырма: Кашы кара, Көздөрү да кара. Көзүм түштү сага Көңүлүм бар менин. Күлчү кана, Күлгө айлансын санаа Айперим!