Казахские песни Узбекские песни

Песня «суйуу обону»
исполнителя Эрлан Андашев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Күн дейинби сени күндөйүм,
Гүл дейинби кызыл гүлдөйүм.
Баары, баары сага жарашат,
Эмне дейин айтчы ким дейин?
Күнүм десең жарык чачайын,
Гүлүм десең гүлдөп ачайын.
Эркелетсең мейли эмне деп,
Эркең болуп сенин жашайын.
Кайырма; Жаныңда жаным,
Сенин болоюн.
Багына бактым,
Барып коноюн.
Тыңшачы жаным,
Ортобуздагы.
Жаңырып жаткан,
Сүйүү обонун.
Ай дейинби сени айдайым,
Асел дейим ширин балдайым.
Аруузатым арзуу сезимди,
Ак сүйүүмдү сага арнайын.
Айым десең түндө төлөйүн,
Асманыңа бийик коноюн.
Жол көрсөтүп сага түндөсү,
Жарыгың мен сенин болоюн.
Кайырма;

Другие песни исполнителя:

  • Багыңа мени чакырдын, Багынтып дүйнөм мас кылдың. Баары сен болуп жашоомдун, Байкатпай мени азгырдың. Кайырма Жаныңа жаным тартылат Көргөндө көзүм карагат Арбалып сага баратам Алтыным Багынтып бизди махабат Бактылуу күнгө чакырат Багында бакыт куш сайрап Алтыным Жүрөктүн издеп ачкычын Жүрөгүм үчүн жактырдым Кулпулап эми жүрөгүм Алып ал өзүң ачкычын Кайырма Балын бир татып сүйүүнүн Бирге бир жүрчүү күн келсин Кош жүрөк согуп турганда Сүйүүмө сүйүң дем берсин
  • Элиңдин келечегин бүгүн ойлон, Ал үчүн Мекениңди сүйүп ойгон. Жеңишке жете алабыз эңсеп жүргөн, Пейлиңди, жан дүйнөңдү кенен койсоң. Тар жолдо тайгаланса канча жаның, Багыттан алга деген чарчабагын. Көралбас ар кадамда коштоп жүрөт, Кыялды, максатыңды таштабагын. Кайырма: Эртең кеч, бүгүн, азыр ойгонуп, Элиңдин келечегин ойлонуп. Түшүнсөң жаңы күндүн таңы сен, Калың журт колдоп турат баары тең!!! Кыргыздын айбаты курч сүрү болгон, Кайтпаган ата-бабам улуу жолдон. Татыктуу урпак болуш үчүн анда, Эртең кеч болот билсең бүгүн ойгон. Жетпейсиң бийиктерге үмүт үзсөң, Канча жан өлкө үчүн күйүп бүткөн. Тайманбай алдыда бар улуу сапар Баралы келечекке бизди күткөн.
  • Жамалы белең берметтин, Жабыркап жүрөк дегдеттиң. Кароосуз калган кайыктай, Кайыр кош, жаным, сен кеттиң. Кайырма: Карап, карап, кайрадан сени самап, Күттүм, күттүм, күттүм, Жалжалым, жалгыздыктан тажап бүттүм. Көпөлөк гүлгө коно албай, Көңүлүм сыздап, толо албай. Серпилип жүрөк кыйналды, Сендейлер сендей боло албай. Кайырма: Кош дегим келбейт, кош дегим, Козгобо, бөлөк жок кебим. Кайгырсам, жалгыз, аргам жок, Кош дешер жарым жок менин.