Казахские песни Узбекские песни

Эрлан Андашев.
 Слушать песни исполнителя и скачать онлайн

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители

Эрлан Андашев

  • Биз олтурган гүл бакта эй, Сүйүү чексиз нур чачкан. Сезимдерге оролгонсуйт, Сени менен гүл бакчам. Сага болгон ак сүйүүмдү, Арнасам сен уялсаң. Ал ансайын сүйүүм артып, Бир өзүңө тартылам. Кайырма : Сүйөмүн десем уяласың го. Сүйкүмдү карап бураласың го. Сыздатып жанды суналасың го жаным. Сүйөмүн десем уяласың го. Уяңкы күлүп жылмаясың го. Бир согор эми биздеги жүрөк жаным Биз табышкан гүл бактан эй, Сүйүү өнүп гүл ачкан Сүйдүрүп сен өзүңдү ий, Сүйүү таптым ал бактан Адашкан жүрөктөр эй Бир бирине суусаган Кезигишет мен ишенем Сүйүү табат гүл бактан
  • Армандын торундамын, азаптын шорун таттымү Сен көрбө абалымды, жүрөгүң оорутпагың Кайырма: Жанашып жүрбөс болдум, жылмайып күлбөс болдум, Сүйүүдөн көңүл калды, мен эми сүйбөс болдум. Калган жок башка арга, тагдырга багынбаска Мен дагы жолугаармын, а сенин бактың башка Кайырма: Жанашып жүрбөс болдум, жылмайып күлбөс болдум, Сүйүүдөн көңүл калды, мен эми сүйбөс болдум.
  • Убакыт учат кундорум отот А бирок сага болгон сезимим эч эле бутпойт Сагынычымды кусалыгымды мнеге тушунбойсун сен жаным Кайырма: Кой сен таарынба мага мага жаным таарынба Конулунду оорутсам сен кайгырба Баары бир жаным сени эле суйом Бут омурумду откорсом дейм жаным сен менен Жылдыздай жанган чырай жузунду Жоготкум келбейт сен тушунгун
  • Бул өмүрдө өзүң бар үчүн, Тагдырыма мен ыраазымын. Ичте катып сүйүүнүн гүлүн, Жүрөсүң сен кантип күнү-түн? К: Ооба билем, ооба билем, Сүйөрүңдү сезип келем. Сезимиңди жашырсаң да, Көздөрүнөн көрүп келем. Эгер мени сүйөм деп айтсаң, Жан дуйнөмө бакыт кушу конот. Болор элем сендик түбөлүк, Түгөй болуп өмүр сүрөлүк.
  • Мына сени сагынамын Сени издеп күндө жалынамын Бакытым гүлүм жан эркем Өзүңдү сүйүүп сагынам Каараның эңсеп кабылам Кайсы күнү сага кабыламын ээй Көздөрүң нурдан тараган Көңүлүм сенсин самаган Көрүнбөй калсаң садагам Саанага батып сагынам Ашыктык отун арнаган Айта албай сага каламын ай Ой басып түндө баратам Оорулуу ырлар жаратам Жүзүңдөн сүйүүп элестеп Жүрөктү күндө жылытамын Өзүң деп жүрүп өзгөчөм Өзүңө бир качан жолугамын Катарлаш басып баратсам Кармасам деймин колуңдан Капилет анан адашып Калбасам деймин жолунан Жанынан артык жан адам Жыргалым сенсин махабатым ай
  • Ошол күнү толкунданып олтурдум, Күндөр өттү жалгыз сени ойлоймун. Жан дүйнөмө жарык берип бир өзүң, Ак сүйүүнү жүрөгүмө орноттуң. Көрдүм сени, көңүлүмө сен жактың, Сага арнап чын жүрөктөн ыр жаздым, Көрүшкөндө тик карабай көзүңө, Уялдым, көздөрүңдү алып качтың. Кайырма: Сүйүп калдым кантейин? Сүйүп калдым мен кантейин? Сүйүп калдым кантейин? Сүйүп калдым мен кантейин? Пайда болуп түшүнүксүз бир сезим, Сени жактырып калганымды сездим. Кантем, айтчы, сүйүп калган окшоймун? Көргүм келип сени гана издеймин. Менин сүйүүм эмне үчүн кайгылуу? Неге сүйүүдөн боло албаймын бактылуу? Сүйүп калдым, бирок жетпешимди билемин, Деги айтчы, эмнеге бүтпөйт сагынуу. Кайырма: Түн уйкумду сага арнап уктабай, Жөнөкөй мүнөзүңө мен суктанып. Сүйүп туруп каламынбы жете албай? Кетесиңби жаш жүрөктү ыйлатып? Эгер сүйсөм кантип айтпайм жашырып, Жүрөгүмдө ошол сезим жашаса. Көргүм келип жүрөм сени сагынып, Бирге бассак кол кармашып жанаша. Кайырма:
  • Жүрөгүмдүн ээси сенсиң, Табалбай жүргөн берекемсиң. Ай ааламдагы жалгыз бир адам, Ошол жаным жалгыз сенсиң. Жарык чачкан таңым сенсиң, Жанымда жүргөн көлөкөмсүң. Жандай көргөн жалгыз адамым, Жалындап жүрсөк бирге деймин. Кайырма: Карап, карап, карап Бир өзүңдү Самап, самап, самап Олтурамын эстеп алып анан мен, Махабатка батып барат жаным. Жаным Арзуубуздун оту жансын, Ардагым менин махабатым. Арнаймын сага ушул дүйнөдө, Ак сүйүүнүн таттуу балын. Күлмүңдөп бир тийген күнсүң, Жашоодо жалгыз үмүтүмсүң. Өмүрүмдү көрккө бөлөгөн, Жаңы ачылган кызыл гүлсүң. Кайырма
  • Сыйкырлап бүт сезимди Каректериң көлбү же кең деңизби Эңсеген кыялымдагы Махабатым сен мага эми келдиңби Сыйкырдуу көз карашың Жүрөгүмдүн таптыбы бир айласын Арбалып баратам мен Айтчы жаным жүрдүң эле деги кайда сен Кайырма: Өмүрдө издеп жүргөн менин теңим сен белең Тартуулап ак сүйүүндү жаным мага берсең Күткөнмүн мен да сени көпкө асылым эркем Аздектеп ак сүйүүндү эми өзүңө берем Бир өзүңө берем Аярлуу гүл дүйнөмдүн Багбаны сен болуп мен сүйгөнүм Гүл ачып жан дүйнөмдө Түбөлүк бактылуу өмүр сүрөйүн Байырлап жүрөгүмдү Жаным сен гүлдөтчү күндөрүмдү Бир согуп жүрөгүбүз Кош канаттай бактылуу жүрөлу биз
  • Жүрөгүмдүн ээси сенсиң, Табалбай жүргөн берекемсиң. Ай ааламдагы жалгыз бир адам, Ошол жаным жалгыз сенсиң. Жарык чачкан таңым сенсиң, Жанымда жүргөн көлөкөмсүң. Жандай көргөн жалгыз адамым, Жалындап жүрсөк бирге деймин. Кайырма: Карап, карап, карап Бир өзүңдү Самап, самап, самап Олтурамын эстеп алып анан мен, Махабатка батып барат жаным. Жаным Арзуубуздун оту жансын, Ардагым менин махабатым. Арнаймын сага ушул дүйнөдө, Ак сүйүүнүн таттуу балын. Күлмүңдөп бир тийген күнсүң, Жашоодо жалгыз үмүтүмсүң. Өмүрүмдү көрккө бөлөгөн, Жаңы ачылган кызыл гүлсүң.
  • Сени сүйөм жүрөгүмдөн, бир өзүң сен өзгөчөм! Сени гүлүм, кызгалдагым, кызганамын өзгөдөн. Сага берсин түбөлүктүү бакытты, самаганым бул көздөгөн. Сени менен канат байлап, учкум келет асманга. Сени менен кандай бакыт, күндү көрүү ак таңда. Мага бакыт жолуктуруп өзүңдү, Махабатымды тапканга. Кайырма: Экөөбүз, бөлүнбөгөн эгиз жандарбыз, Сүйүүбүз түбөлүккө калсын сакталып. Өзүң барда жарык түн да, жанып күн да ар качан. Өзүң барда жылдыз толот, түндө асман жайнаган. Карап бүтпөйм сууктанамын садагам, карегиңен мен айланам. Сенин барың,менин багым, экенин мен билемин. Сенин барың,менин барым, жашап сен деп жүрөмүн. Сени жаным балбылдаган от болуп, Көздөрүңдү мен сүйөмүн.
  • Сага мен кызым садагам кызым Амандыкты анан бакты тилейм Берекем кызым көлөкөм кызым Бул өмүрдүн балын тат тилейм Кайырма: Ата-энеңди сыйлап урматтаган Асылымсың сен акыл эстүү бол Кыргыз үчүн күйгүн кайда болбогун Кыйсайкалдай кызымдай эрктүү бол Периштем менин күлкүңдөн сенин Жыргалысың ушул дүйнөнүн Татынам өзүң турганда өзүң Мээримдүүлүктү кантип сүйбөйүн
  • Айылды бүгүн эскердик, Ак шамдар жактан кеч келдик. Апакем уй саап короодо, Адырдан ойноп кеч келдик. Кайырма: Апакем кайда? Мен кайда? Адырлуу тоолор, сен кайда? Убакыт болуп табышмак Уктабай түндө далайга. Жоругу тентек балдарбыз, Жоогазын терип алганбыз. Жок дүйнө менен алышып, Жомоктон жаралгандарбыз. Кайырма: Ал кезде биз да жаш элек, Аскерден абам кат берет. Көбүрөөк окуп апакем, Көзүнө ысык жаш келет.
  • Өмүргө келдик жаралып, Өткөн соң таттуу балалык. Өкүнбөй болуп өткөнгө, Өмүрдү барктап алалык. Жашоодо болот бардыгы, Жүрүшүң артпы алдыбы? Жараткан берет тилекти, Жашыба унут кайгыны. Кайырма: Өкүнбө досум өкүнбө, Өтүнөм ойго чөмүлбө. Ырысын тоодой ишенгин, Ыссык-Көл болгун төгүлбө Бул өмүр өзү жүзүмдөй, Бир жерде турбайт үзүлбөй. Аттиң деп такыр айтпагын, Ал мөмө берет билинбей Андыктан асыл адамзат, Ак шумкар болуп сабалап. Ааламды тегиз айлангын, Ата журт сага аманат Кайырма:
  • Жебедей эки кашың тартылган Жетсем деп сага талпынам Суктанып суусап жүрүп кездештим Сулууга сендей калкымдан Жаштыкты биз сыйлайлы, ай асыл эркем Жаштык ырын ырдайлы, ай асыл эркем Жебедей каштарыңдан Же сылап чачтарыңдан Жер менен басканыңдан ай Кайырма Жүрөктөн чыккан Жүрөктөн чыккан Дартымды уксам Дартымды уксам Көңүлүм чындап сага берилген Көбүрөөк айтчы кебиңден Таштуу жер бастым кулунду издеп Таппадым сендей элимден Жаштык деген бир келет, ай асыл эркем Жаштык өтсө ким берет, ай асыл эркем Жебедей каштарыңдан Же сылап чачтарыңдан Жер менен басканыңдан ай
  • Карааның издеп мен баратам Кезигип кайрадан адашкан Көзүңдөн көргөнүңдө сүйгөнүмдү Сүйүүнүн азабын тарттым анан Оппокшош карегиң оттой жанган Мен көрүп эстен тана сүйүп турам Айрылуу азабын унуткарып Дабалуу жүрөккө жабыркаган Кайырма : Кайдасың асылым айтчы сен кабарыңды Карааныңды издеп мен табалбай мен каламынбы Жолуккум келет мен жаным сага Дартымды дарылаар өзүң гана Кезигем мен сага кайрадан Табамын карааның адашкан Өзүңдөн бир гана өтүнүчүм Жүз буруп кетпечи садагам Жан дүйнөм жабыркап армандан ай Жүрөмүн чыгалбай мен санаадан Жолугуп үмүттү жандыргын сен Жашоомо жан бергин сен кайрадан
  • Ошол күнү толкунданып отурдум, Күндөр өттү, жалгыз сени ойлоймун. Жан дүйнөмө жарык берип бир өзүң, Ак сүйүүнү жүрөгүмө орноттуң. Көрдүм сени, көңүлүмө сен жактың, Сага арнап чын жүрөктөн ыр жаздым. Көрүшкөндө тик карабай көзүңө, Уялдым, көздөрүмдү алып качтым. Кайырма: Сүйүп калдым, кантейин? Сүйүп калдым, мен кантейин? Сүйүп калдым, кантейин? Сүйүп калдым, мен кантейин? Пайда болуп түшүнүксүз бир сезим, Сени жактырып калганымды сездим. Кантем, айтчы, сүйүп калган окшоймун? Көргүм келип сени гана издеймин. Менин сүйүүм эмне үчүн кайгылуу? Неге сүйүүдөн боло албаймын бактылуу? Сүйүп калдым, бирок жетпешимди билемин, Деги айтчы, эмнеге бүтпөйт сагынуу? Кайырма: Түн уйкумду сага арнап, уктабай, Жөнөкөй мүнөзүңө мен, ай, суктанып. Сүйүп туруп каламынбы жете албай? Кетесиңби жаш жүрөктү ыйлатып? Эгер сүйсөм, кантип айтпайм жашырып, Жүрөгүмдө ошол сезим жашаса. Көргүм келип жүрөм сени сагынып, Бирге бассак кол кармашып жанаша. Кайырма:
  • Жалгыздык мени азапка салды, Кайгыга баттым, кусамын. Өмүрүм менин бук болуп калды, Татамбы деги мазасын? Жартынын баары жуп болуп алды, Эмнеге азыр жалгызмын? Кайырма: Ай-ай, ай-ий. Өмүр берилет адамга, Турмуш бизди сынаганга. Тагдыр — бул буйрук адамга, Өмүр, турмуш, тагдыр татаал нерсе турбайбы. Өмүрүңдүн гүлү жалгыз гүлдөбөйт, Жупсуз аның жемиш берип гүлдөбөйт. Жалгыз адам куурап жаткан дарактай, Шеригин бер ага, күндү санабай. О, Жараткан, жалгыз кылба, Түгөйүн бер адамга. Өмүр даамын сезип алсын, Жалгыздыкта кууратпа. Үмүтүм менин от болуп жанды, Кайдасың, менин жалгызым? Саргайган күндөн болгончо каччы, Жолукчу мага, жалгызым! Кайырма:
  • Сага таза сүйүүм Садагасы түшүн Суйкайасың сулуу Сенсин жыпар гүлүм Өзүңсүз мен алсыз Өзүң гана жалгызым ай Карегиңде жалын Күйүп турат жаным Салыштырам сага Салкын кундүн таңын Сенсиң менин багым Сага арнайм бардыгын ай Кайырма: Жалгызым ай Жан дүйнөмдүн жыргалы ай Өзүн сенсиң жалгыз бир ай Сага гана арналат ай Жалгызым ай Жан дүйнөмдүн жыргалы ай Жакшы ырдын ыргагындай Жеттиң жүрөк кылдарын ай Жылуулугуң оттой Жалындаган чоктой Жалгыздыктан алсыз Жүрөк калат сокпой Сезимиңди жандыр Сенсиң менин тагдырым ай Үлбүрөгүм аппак Үнүң назик таптак Бакыт каалайм сага Бул өмүрдөн бактап Сен мен үчүн чүрөк Сага арналат жүрөгүм ай
  • Элиңдин келечегин бүгүн ойлон, Ал үчүн Мекениңди сүйүп ойгон. Жеңишке жете алабыз эңсеп жүргөн, Пейлиңди, жан дүйнөңдү кенен койсоң. Тар жолдо тайгаланса канча жаның, Багыттан алга деген чарчабагын. Көралбас ар кадамда коштоп жүрөт, Кыялды, максатыңды таштабагын. Кайырма: Эртең кеч, бүгүн, азыр ойгонуп, Элиңдин келечегин ойлонуп. Түшүнсөң жаңы күндүн таңы сен, Калың журт колдоп турат баары тең!!! Кыргыздын айбаты курч сүрү болгон, Кайтпаган ата-бабам улуу жолдон. Татыктуу урпак болуш үчүн анда, Эртең кеч болот билсең бүгүн ойгон. Жетпейсиң бийиктерге үмүт үзсөң, Канча жан өлкө үчүн күйүп бүткөн. Тайманбай алдыда бар улуу сапар Баралы келечекке бизди күткөн.
  • оң кыз сени сүйө албаймын таарынба Арзып алган жубайым бар жанымда Жашоо өзү кыйын эмес түшүнсөң Жадыбалдай түйүп алгын жаныңда Сүйө албаймын Сүйө албаймын Түшүн жаным сендик такыр боло албаймын Боло албаймын Боло албаймын Түшүн жаным сендик такыр сүйө албаймын Багым дебей бир көрүшкөн жигитти Бардыгынан бийик койгун үмүттү Жетпедим деп азыртадан кайгырба Жеңил ойдун арты болот күйүттүү Бийик серпип канаттыңды кагаарсың Бир күн сен да түгөйүңдү табаарсың Сүйдүм деген агаңды да бир кезде Сага сүйлөп кыйгач карап калаарсың
  • Жамалы белең берметтин, Жабыркап жүрөк дегдеттиң. Кароосуз калган кайыктай, Кайыр кош, жаным, сен кеттиң. Кайырма: Карап, карап, кайрадан сени самап, Күттүм, күттүм, күттүм, Жалжалым, жалгыздыктан тажап бүттүм. Көпөлөк гүлгө коно албай, Көңүлүм сыздап, толо албай. Серпилип жүрөк кыйналды, Сендейлер сендей боло албай. Кайырма: Кош дегим келбейт, кош дегим, Козгобо, бөлөк жок кебим. Кайгырсам, жалгыз, аргам жок, Кош дешер жарым жок менин.
  • Чоң кыз сени сүйө албаймын таарынба Арзып алган жубайым бар жанымда Жашоо өзү кыйын эмес түшүнсөң Жадыбалдай түйүп алгын жаныңда Сүйө албаймын Сүйө албаймын Түшүн жаным сендик такыр боло албаймын Боло албаймын Боло албаймын Түшүн жаным сендик такыр сүйө албаймын Багым дебей бир көрүшкөн жигитти Бардыгынан бийик койгун үмүттү Жетпедим деп азыртадан кайгырба Жеңил ойдун арты болот күйүттүү Бийик серпип канаттыңды кагаарсың Бир күн сен да түгөйүңдү табаарсың Сүйдүм деген агаңды да бир кезде Сага сүйлөп кыйгач карап калаарсың
  • Биз олтурган гүл бакта эй, Сүйүү чексиз нур чачкан. Сезимдерге оролгонсуйт, Сени менен гүл бакчам. Сага болгон ак сүйүүмдү, Арнасам сен уялсаң. Ал ансайын сүйүүм артып, Бир өзүңө тартылам. Кайырма : Сүйөмүн десем уяласың го. Сүйкүмдү карап бураласың го. Сыздатып жанды суналасың го жаным. Сүйөмүн десем уяласың го. Уяңкы күлүп жылмаясың го. Бир согор эми биздеги жүрөк жаным Биз табышкан гүл бактан эй, Сүйүү өнүп гүл ачкан Сүйдүрүп сен өзүңдү ий, Сүйүү таптым ал бактан Адашкан жүрөктөр эй Бир бирине суусаган Кезигишет мен ишенем Сүйүү табат гүл бактан
  • Сыздаба жаным сыздаба Сезимдер муздап калса да Сүйүүбүз өчпөс түбөлүк Сен жаным менин сыздаба Кайырма: Ыйлаба жаным, ыйлаба Көз жашын төгуп кыйнаба Арманда өтөт күндөрүм Айачы мени кыйнаба Ашыктык балы тамганда Алоолоп оту жанганда Албырып жүзүн жалбырайт Ай күнүн тапкан ар танда Кайырма Жылдызын жанып мандайда Жыргалым сендей жан кайда Жылуулук берет жан дүйнон Жан эркем сендей жан кайда