Казахские песни Узбекские песни

Песня «экообуз»
исполнителя Эрлан Андашев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Сени сүйөм жүрөгүмдөн,
бир өзүң сен өзгөчөм!
Сени гүлүм, кызгалдагым,
кызганамын өзгөдөн.

Сага берсин түбөлүктүү бакытты,
самаганым бул көздөгөн.
Сени менен канат байлап,
учкум келет асманга.

Сени менен кандай бакыт,
күндү көрүү ак таңда.
Мага бакыт жолуктуруп өзүңдү,
Махабатымды тапканга.

Кайырма:
Экөөбүз, бөлүнбөгөн эгиз жандарбыз,
Сүйүүбүз түбөлүккө калсын сакталып.
Өзүң барда жарык түн да,
жанып күн да ар качан.

Өзүң барда жылдыз толот,
түндө асман жайнаган.
Карап бүтпөйм сууктанамын садагам,
карегиңен мен айланам.

Сенин барың,менин багым,
экенин мен билемин.
Сенин барың,менин барым,
жашап сен деп жүрөмүн.
Сени жаным балбылдаган от болуп,
Көздөрүңдү мен сүйөмүн.

Другие песни исполнителя:

  • Жебедей эки кашың тартылган Жетсем деп сага талпынам Суктанып суусап жүрүп кездештим Сулууга сендей калкымдан Жаштыкты биз сыйлайлы, ай асыл эркем Жаштык ырын ырдайлы, ай асыл эркем Жебедей каштарыңдан Же сылап чачтарыңдан Жер менен басканыңдан ай Кайырма Жүрөктөн чыккан Жүрөктөн чыккан Дартымды уксам Дартымды уксам Көңүлүм чындап сага берилген Көбүрөөк айтчы кебиңден Таштуу жер бастым кулунду издеп Таппадым сендей элимден Жаштык деген бир келет, ай асыл эркем Жаштык өтсө ким берет, ай асыл эркем Жебедей каштарыңдан Же сылап чачтарыңдан Жер менен басканыңдан ай
  • Сага мен кызым садагам кызым Амандыкты анан бакты тилейм Берекем кызым көлөкөм кызым Бул өмүрдүн балын тат тилейм Кайырма: Ата-энеңди сыйлап урматтаган Асылымсың сен акыл эстүү бол Кыргыз үчүн күйгүн кайда болбогун Кыйсайкалдай кызымдай эрктүү бол Периштем менин күлкүңдөн сенин Жыргалысың ушул дүйнөнүн Татынам өзүң турганда өзүң Мээримдүүлүктү кантип сүйбөйүн
  • Жалгыздык мени азапка салды, Кайгыга баттым, кусамын. Өмүрүм менин бук болуп калды, Татамбы деги мазасын? Жартынын баары жуп болуп алды, Эмнеге азыр жалгызмын? Кайырма: Ай-ай, ай-ий. Өмүр берилет адамга, Турмуш бизди сынаганга. Тагдыр — бул буйрук адамга, Өмүр, турмуш, тагдыр татаал нерсе турбайбы. Өмүрүңдүн гүлү жалгыз гүлдөбөйт, Жупсуз аның жемиш берип гүлдөбөйт. Жалгыз адам куурап жаткан дарактай, Шеригин бер ага, күндү санабай. О, Жараткан, жалгыз кылба, Түгөйүн бер адамга. Өмүр даамын сезип алсын, Жалгыздыкта кууратпа. Үмүтүм менин от болуп жанды, Кайдасың, менин жалгызым? Саргайган күндөн болгончо каччы, Жолукчу мага, жалгызым! Кайырма: