Казахские песни Узбекские песни

Песня «Асыл эркем»
исполнителя Эрлан Андашев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жебедей эки кашың тартылган

Жетсем деп сага талпынам

Суктанып суусап жүрүп кездештим

Сулууга сендей калкымдан

Жаштыкты биз сыйлайлы, ай асыл эркем

Жаштык ырын ырдайлы, ай асыл эркем

Жебедей каштарыңдан

Же сылап чачтарыңдан

Жер менен басканыңдан ай

Кайырма

Жүрөктөн чыккан

Жүрөктөн чыккан

Дартымды уксам

Дартымды уксам

Көңүлүм чындап сага берилген

Көбүрөөк айтчы кебиңден

Таштуу жер бастым кулунду издеп

Таппадым сендей элимден

Жаштык деген бир келет, ай асыл эркем

Жаштык өтсө ким берет, ай асыл эркем

Жебедей каштарыңдан

Же сылап чачтарыңдан

Жер менен басканыңдан ай

Другие песни исполнителя:

  • Тебя благодарю, за судьбу свою. Бога об одном, только я молю Рядом будь всегда, моя милая. Мое солнце на земле, ты любимое Припев: Мама, мама — ты как солнце добрая, Мама, мама — ты как небо нежная Мама, мама — ты волшебная И всегда у ног твоих Как прежде я… Ты всегда одна, не меняешься И назло годам, ты не старишься И лишь серебро, на висках твоих. Мне напомнит что у нас, Сердце на двоих
  • Сыйкырлап бүт сезимди Каректериң көлбү же кең деңизби Эңсеген кыялымдагы Махабатым сен мага эми келдиңби Сыйкырдуу көз карашың Жүрөгүмдүн таптыбы бир айласын Арбалып баратам мен Айтчы жаным жүрдүң эле деги кайда сен Кайырма: Өмүрдө издеп жүргөн менин теңим сен белең Тартуулап ак сүйүүндү жаным мага берсең Күткөнмүн мен да сени көпкө асылым эркем Аздектеп ак сүйүүндү эми өзүңө берем Бир өзүңө берем Аярлуу гүл дүйнөмдүн Багбаны сен болуп мен сүйгөнүм Гүл ачып жан дүйнөмдө Түбөлүк бактылуу өмүр сүрөйүн Байырлап жүрөгүмдү Жаным сен гүлдөтчү күндөрүмдү Бир согуп жүрөгүбүз Кош канаттай бактылуу жүрөлу биз
  • Ай чырайлуу назик асыл жан Айперим! Ак таңымсың аткан татынам Айперим! Арзыттырып мени алдың го Айперим! Ашык болуп сага калдым го Айперим! Кайырма: Кашы кара, Көздөрү да кара. Көзүм түштү сага Көңүлүм бар менин. Күлчү кана, Күлгө айлансын санаа Айперим! Ажарыңа сенин багынам Айперим! Алоолонгон ысык табынан Айперим! Ааламдагы жарык сенсиң ал Айперим? Асман карап күткөн менмин ал Айперим. Кайырма: Кашы кара, Көздөрү да кара. Көзүм түштү сага Көңүлүм бар менин. Күлчү кана, Күлгө айлансын санаа Айперим!
  • Күн дейинби сени күндөйүм, Гүл дейинби кызыл гүлдөйүм. Баары, баары сага жарашат, Эмне дейин айтчы ким дейин? Күнүм десең жарык чачайын, Гүлүм десең гүлдөп ачайын. Эркелетсең мейли эмне деп, Эркең болуп сенин жашайын. Кайырма; Жаныңда жаным, Сенин болоюн. Багына бактым, Барып коноюн. Тыңшачы жаным, Ортобуздагы. Жаңырып жаткан, Сүйүү обонун. Ай дейинби сени айдайым, Асел дейим ширин балдайым. Аруузатым арзуу сезимди, Ак сүйүүмдү сага арнайын. Айым десең түндө төлөйүн, Асманыңа бийик коноюн. Жол көрсөтүп сага түндөсү, Жарыгың мен сенин болоюн. Кайырма;