Казахские песни Узбекские песни

Песня «айперим»
исполнителя Эрлан Андашев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Ай чырайлуу назик асыл жан Айперим!
Ак таңымсың аткан татынам Айперим!
Арзыттырып мени алдың го Айперим!
Ашык болуп сага калдым го Айперим!
Кайырма:
Кашы кара,
Көздөрү да кара.
Көзүм түштү сага
Көңүлүм бар менин.
Күлчү кана,
Күлгө айлансын санаа
Айперим!
Ажарыңа сенин багынам Айперим!
Алоолонгон ысык табынан Айперим!
Ааламдагы жарык сенсиң ал Айперим?
Асман карап күткөн менмин ал Айперим.
Кайырма:
Кашы кара,
Көздөрү да кара.
Көзүм түштү сага
Көңүлүм бар менин.
Күлчү кана,
Күлгө айлансын санаа
Айперим!

Другие песни исполнителя:

  • Ошол күнү толкунданып отурдум, Күндөр өттү, жалгыз сени ойлоймун. Жан дүйнөмө жарык берип бир өзүң, Ак сүйүүнү жүрөгүмө орноттуң. Көрдүм сени, көңүлүмө сен жактың, Сага арнап чын жүрөктөн ыр жаздым. Көрүшкөндө тик карабай көзүңө, Уялдым, көздөрүмдү алып качтым. Кайырма: Сүйүп калдым, кантейин? Сүйүп калдым, мен кантейин? Сүйүп калдым, кантейин? Сүйүп калдым, мен кантейин? Пайда болуп түшүнүксүз бир сезим, Сени жактырып калганымды сездим. Кантем, айтчы, сүйүп калган окшоймун? Көргүм келип сени гана издеймин. Менин сүйүүм эмне үчүн кайгылуу? Неге сүйүүдөн боло албаймын бактылуу? Сүйүп калдым, бирок жетпешимди билемин, Деги айтчы, эмнеге бүтпөйт сагынуу? Кайырма: Түн уйкумду сага арнап, уктабай, Жөнөкөй мүнөзүңө мен, ай, суктанып. Сүйүп туруп каламынбы жете албай? Кетесиңби жаш жүрөктү ыйлатып? Эгер сүйсөм, кантип айтпайм жашырып, Жүрөгүмдө ошол сезим жашаса. Көргүм келип жүрөм сени сагынып, Бирге бассак кол кармашып жанаша.
  • Биз олтурган гүл бакта эй, Сүйүү чексиз нур чачкан. Сезимдерге оролгонсуйт, Сени менен гүл бакчам. Сага болгон ак сүйүүмдү, Арнасам сен уялсаң. Ал ансайын сүйүүм артып, Бир өзүңө тартылам. Кайырма : Сүйөмүн десем уяласың го. Сүйкүмдү карап бураласың го. Сыздатып жанды суналасың го жаным. Сүйөмүн десем уяласың го. Уяңкы күлүп жылмаясың го. Бир согор эми биздеги жүрөк жаным Биз табышкан гүл бактан эй, Сүйүү өнүп гүл ачкан Сүйдүрүп сен өзүңдү ий, Сүйүү таптым ал бактан Адашкан жүрөктөр эй Бир бирине суусаган Кезигишет мен ишенем Сүйүү табат гүл бактан