Казахские песни Узбекские песни

Песня «арзуу»
исполнителя Эрлан Андашев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Сыйкырлап бүт сезимди
Каректериң көлбү же кең деңизби
Эңсеген кыялымдагы
Махабатым сен мага эми келдиңби
Сыйкырдуу көз карашың
Жүрөгүмдүн таптыбы бир айласын
Арбалып баратам мен
Айтчы жаным жүрдүң эле деги кайда сен

Кайырма:

Өмүрдө издеп жүргөн менин теңим сен белең
Тартуулап ак сүйүүндү жаным мага берсең
Күткөнмүн мен да сени көпкө асылым эркем
Аздектеп ак сүйүүндү эми өзүңө берем
Бир өзүңө берем

Аярлуу гүл дүйнөмдүн
Багбаны сен болуп мен сүйгөнүм
Гүл ачып жан дүйнөмдө
Түбөлүк бактылуу өмүр сүрөйүн
Байырлап жүрөгүмдү
Жаным сен гүлдөтчү күндөрүмдү
Бир согуп жүрөгүбүз
Кош канаттай бактылуу жүрөлу биз

Другие песни исполнителя:

  • Ошол күнү толкунданып отурдум, Күндөр өттү, жалгыз сени ойлоймун. Жан дүйнөмө жарык берип бир өзүң, Ак сүйүүнү жүрөгүмө орноттуң. Көрдүм сени, көңүлүмө сен жактың, Сага арнап чын жүрөктөн ыр жаздым. Көрүшкөндө тик карабай көзүңө, Уялдым, көздөрүмдү алып качтым. Кайырма: Сүйүп калдым, кантейин? Сүйүп калдым, мен кантейин? Сүйүп калдым, кантейин? Сүйүп калдым, мен кантейин? Пайда болуп түшүнүксүз бир сезим, Сени жактырып калганымды сездим. Кантем, айтчы, сүйүп калган окшоймун? Көргүм келип сени гана издеймин. Менин сүйүүм эмне үчүн кайгылуу? Неге сүйүүдөн боло албаймын бактылуу? Сүйүп калдым, бирок жетпешимди билемин, Деги айтчы, эмнеге бүтпөйт сагынуу? Кайырма: Түн уйкумду сага арнап, уктабай, Жөнөкөй мүнөзүңө мен, ай, суктанып. Сүйүп туруп каламынбы жете албай? Кетесиңби жаш жүрөктү ыйлатып? Эгер сүйсөм, кантип айтпайм жашырып, Жүрөгүмдө ошол сезим жашаса. Көргүм келип жүрөм сени сагынып, Бирге бассак кол кармашып жанаша.
  • Сага таза сүйүүм Садагасы түшүн Суйкайасың сулуу Сенсин жыпар гүлүм Өзүңсүз мен алсыз Өзүң гана жалгызым ай Карегиңде жалын Күйүп турат жаным Салыштырам сага Салкын кундүн таңын Сенсиң менин багым Сага арнайм бардыгын ай Кайырма: Жалгызым ай Жан дүйнөмдүн жыргалы ай Өзүн сенсиң жалгыз бир ай Сага гана арналат ай Жалгызым ай Жан дүйнөмдүн жыргалы ай Жакшы ырдын ыргагындай Жеттиң жүрөк кылдарын ай Жылуулугуң оттой Жалындаган чоктой Жалгыздыктан алсыз Жүрөк калат сокпой Сезимиңди жандыр Сенсиң менин тагдырым ай Үлбүрөгүм аппак Үнүң назик таптак Бакыт каалайм сага Бул өмүрдөн бактап Сен мен үчүн чүрөк Сага арналат жүрөгүм ай