Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жаным, жаным»
исполнителя Эрлан Андашев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жүрөгүмдүн ээси сенсиң,
Табалбай жүргөн берекемсиң.
Ай ааламдагы жалгыз бир адам,
Ошол жаным жалгыз сенсиң.
Жарык чачкан таңым сенсиң,
Жанымда жүргөн көлөкөмсүң.
Жандай көргөн жалгыз адамым,
Жалындап жүрсөк бирге деймин.
Кайырма:
Карап, карап, карап
Бир өзүңдү
Самап, самап, самап
Олтурамын эстеп алып анан мен,
Махабатка батып барат жаным.
Жаным
Арзуубуздун оту жансын,
Ардагым менин махабатым.
Арнаймын сага ушул дүйнөдө,
Ак сүйүүнүн таттуу балын.
Күлмүңдөп бир тийген күнсүң,
Жашоодо жалгыз үмүтүмсүң.
Өмүрүмдү көрккө бөлөгөн,
Жаңы ачылган кызыл гүлсүң.
Кайырма

Другие песни исполнителя:

  • Жалгыздык мени азапка салды, Кайгыга баттым, кусамын. Өмүрүм менин бук болуп калды, Татамбы деги мазасын? Жартынын баары жуп болуп алды, Эмнеге азыр жалгызмын? Кайырма: Ай-ай, ай-ий. Өмүр берилет адамга, Турмуш бизди сынаганга. Тагдыр — бул буйрук адамга, Өмүр, турмуш, тагдыр татаал нерсе турбайбы. Өмүрүңдүн гүлү жалгыз гүлдөбөйт, Жупсуз аның жемиш берип гүлдөбөйт. Жалгыз адам куурап жаткан дарактай, Шеригин бер ага, күндү санабай. О, Жараткан, жалгыз кылба, Түгөйүн бер адамга. Өмүр даамын сезип алсын, Жалгыздыкта кууратпа. Үмүтүм менин от болуп жанды, Кайдасың, менин жалгызым? Саргайган күндөн болгончо каччы, Жолукчу мага, жалгызым! Кайырма:
  • Биз олтурган гүл бакта эй, Сүйүү чексиз нур чачкан. Сезимдерге оролгонсуйт, Сени менен гүл бакчам. Сага болгон ак сүйүүмдү, Арнасам сен уялсаң. Ал ансайын сүйүүм артып, Бир өзүңө тартылам. Кайырма : Сүйөмүн десем уяласың го. Сүйкүмдү карап бураласың го. Сыздатып жанды суналасың го жаным. Сүйөмүн десем уяласың го. Уяңкы күлүп жылмаясың го. Бир согор эми биздеги жүрөк жаным Биз табышкан гүл бактан эй, Сүйүү өнүп гүл ачкан Сүйдүрүп сен өзүңдү ий, Сүйүү таптым ал бактан Адашкан жүрөктөр эй Бир бирине суусаган Кезигишет мен ишенем Сүйүү табат гүл бактан