Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жаным, жаным (Remix)»
исполнителя Эрлан Андашев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жүрөгүмдүн ээси сенсиң,
Табалбай жүргөн берекемсиң.
Ай ааламдагы жалгыз бир адам,
Ошол жаным жалгыз сенсиң.
Жарык чачкан таңым сенсиң,
Жанымда жүргөн көлөкөмсүң.
Жандай көргөн жалгыз адамым,
Жалындап жүрсөк бирге деймин.
Кайырма:
Карап, карап, карап
Бир өзүңдү
Самап, самап, самап
Олтурамын эстеп алып анан мен,
Махабатка батып барат жаным.
Жаным
Арзуубуздун оту жансын,
Ардагым менин махабатым.
Арнаймын сага ушул дүйнөдө,
Ак сүйүүнүн таттуу балын.
Күлмүңдөп бир тийген күнсүң,
Жашоодо жалгыз үмүтүмсүң.
Өмүрүмдү көрккө бөлөгөн,
Жаңы ачылган кызыл гүлсүң.

Другие песни исполнителя:

  • Карааның издеп мен баратам Кезигип кайрадан адашкан Көзүңдөн көргөнүңдө сүйгөнүмдү Сүйүүнүн азабын тарттым анан Оппокшош карегиң оттой жанган Мен көрүп эстен тана сүйүп турам Айрылуу азабын унуткарып Дабалуу жүрөккө жабыркаган Кайырма : Кайдасың асылым айтчы сен кабарыңды Карааныңды издеп мен табалбай мен каламынбы Жолуккум келет мен жаным сага Дартымды дарылаар өзүң гана Кезигем мен сага кайрадан Табамын карааның адашкан Өзүңдөн бир гана өтүнүчүм Жүз буруп кетпечи садагам Жан дүйнөм жабыркап армандан ай Жүрөмүн чыгалбай мен санаадан Жолугуп үмүттү жандыргын сен Жашоомо жан бергин сен кайрадан
  • Армандын торундамын, азаптын шорун таттымү Сен көрбө абалымды, жүрөгүң оорутпагың Кайырма: Жанашып жүрбөс болдум, жылмайып күлбөс болдум, Сүйүүдөн көңүл калды, мен эми сүйбөс болдум. Калган жок башка арга, тагдырга багынбаска Мен дагы жолугаармын, а сенин бактың башка Кайырма: Жанашып жүрбөс болдум, жылмайып күлбөс болдум, Сүйүүдөн көңүл калды, мен эми сүйбөс болдум.
  • Биз олтурган гүл бакта эй, Сүйүү чексиз нур чачкан. Сезимдерге оролгонсуйт, Сени менен гүл бакчам. Сага болгон ак сүйүүмдү, Арнасам сен уялсаң. Ал ансайын сүйүүм артып, Бир өзүңө тартылам. Кайырма : Сүйөмүн десем уяласың го. Сүйкүмдү карап бураласың го. Сыздатып жанды суналасың го жаным. Сүйөмүн десем уяласың го. Уяңкы күлүп жылмаясың го. Бир согор эми биздеги жүрөк жаным Биз табышкан гүл бактан эй, Сүйүү өнүп гүл ачкан Сүйдүрүп сен өзүңдү ий, Сүйүү таптым ал бактан Адашкан жүрөктөр эй Бир бирине суусаган Кезигишет мен ишенем Сүйүү табат гүл бактан