Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сүйбөс болдум»
исполнителя Эрлан Андашев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Армандын торундамын, азаптын шорун таттымү
Сен көрбө абалымды, жүрөгүң оорутпагың
Кайырма:
Жанашып жүрбөс болдум, жылмайып күлбөс болдум,
Сүйүүдөн көңүл калды, мен эми сүйбөс болдум.
Калган жок башка арга, тагдырга багынбаска
Мен дагы жолугаармын, а сенин бактың башка
Кайырма:
Жанашып жүрбөс болдум, жылмайып күлбөс болдум,
Сүйүүдөн көңүл калды, мен эми сүйбөс болдум.

Другие песни исполнителя:

  • Ошол күнү толкунданып отурдум, Күндөр өттү, жалгыз сени ойлоймун. Жан дүйнөмө жарык берип бир өзүң, Ак сүйүүнү жүрөгүмө орноттуң. Көрдүм сени, көңүлүмө сен жактың, Сага арнап чын жүрөктөн ыр жаздым. Көрүшкөндө тик карабай көзүңө, Уялдым, көздөрүмдү алып качтым. Кайырма: Сүйүп калдым, кантейин? Сүйүп калдым, мен кантейин? Сүйүп калдым, кантейин? Сүйүп калдым, мен кантейин? Пайда болуп түшүнүксүз бир сезим, Сени жактырып калганымды сездим. Кантем, айтчы, сүйүп калган окшоймун? Көргүм келип сени гана издеймин. Менин сүйүүм эмне үчүн кайгылуу? Неге сүйүүдөн боло албаймын бактылуу? Сүйүп калдым, бирок жетпешимди билемин, Деги айтчы, эмнеге бүтпөйт сагынуу? Кайырма: Түн уйкумду сага арнап, уктабай, Жөнөкөй мүнөзүңө мен, ай, суктанып. Сүйүп туруп каламынбы жете албай? Кетесиңби жаш жүрөктү ыйлатып? Эгер сүйсөм, кантип айтпайм жашырып, Жүрөгүмдө ошол сезим жашаса. Көргүм келип жүрөм сени сагынып, Бирге бассак кол кармашып жанаша.
  • Өмүргө келдик жаралып, Өткөн соң таттуу балалык. Өкүнбөй болуп өткөнгө, Өмүрдү барктап алалык. Жашоодо болот бардыгы, Жүрүшүң артпы алдыбы? Жараткан берет тилекти, Жашыба унут кайгыны. Кайырма: Өкүнбө досум өкүнбө, Өтүнөм ойго чөмүлбө. Ырысын тоодой ишенгин, Ыссык-Көл болгун төгүлбө Бул өмүр өзү жүзүмдөй, Бир жерде турбайт үзүлбөй. Аттиң деп такыр айтпагын, Ал мөмө берет билинбей Андыктан асыл адамзат, Ак шумкар болуп сабалап. Ааламды тегиз айлангын, Ата журт сага аманат Кайырма:
  • Элиңдин келечегин бүгүн ойлон, Ал үчүн Мекениңди сүйүп ойгон. Жеңишке жете алабыз эңсеп жүргөн, Пейлиңди, жан дүйнөңдү кенен койсоң. Тар жолдо тайгаланса канча жаның, Багыттан алга деген чарчабагын. Көралбас ар кадамда коштоп жүрөт, Кыялды, максатыңды таштабагын. Кайырма: Эртең кеч, бүгүн, азыр ойгонуп, Элиңдин келечегин ойлонуп. Түшүнсөң жаңы күндүн таңы сен, Калың журт колдоп турат баары тең!!! Кыргыздын айбаты курч сүрү болгон, Кайтпаган ата-бабам улуу жолдон. Татыктуу урпак болуш үчүн анда, Эртең кеч болот билсең бүгүн ойгон. Жетпейсиң бийиктерге үмүт үзсөң, Канча жан өлкө үчүн күйүп бүткөн. Тайманбай алдыда бар улуу сапар Баралы келечекке бизди күткөн.